Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

“Доор ураганда” түрмөгүнүн мейманы, кыргыз демократиясына өзгөчө салым кошкон саясатчылардын бири, “Абийир туткундары” гильдиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев ГКЧП окуясын эскерет.

“Азаттык”: ГКЧП күндөрү сиз кайда элеңиз? “Ишибиз бүттү, Янаевдер жеңди” деп жүрөк түшүп калган жок беле?

Тургуналиев: Анда менин балдарым Аксыда жайлоодо эле, окууга алып келейин деп ошол жакка кеткем.

“Азаттык”: Анда маалыматтан артта калган турбайсызбы?

Тургуналиев: Жок, радио жанымда болчу. 19-20-21-октябрь күндөрү КДК чогулуп, күнүгө булар менен байланышып тургам. Мен КДКнын теңтөрагасынын бири элем. Г.Янаев өзү маалымат жыйынын өткөрүп жатканда, мен көрүп калдым, колдору калтырап, тердеп отурган.

ГКЧПны баштагандар өздөрү таза адамдар болгон эмес. Экинчиден, “ийгилик болобу, же кармалып түрмөгө түшөбүзбү” деп коркуп жүргөн. Жыйырмасы түнү менен балдарымды алып келип, Аксыда сыналгыда болдум.

“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын беш теңтөрагаларынын экөө - доцент Топчубек Тургуналиев (оңдогу биринчиси) менен Жыпар Жекше (оңдогу экинчиси) жумуриятта демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган Бишкектин Борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы ири нааразылык жыйынынын катышуучуларына кайрылышууда. 1990-жылдын 5-июну.
“Азаттык”: Азыр элдин арасында ар кандай пикир бар, бири Кулов, бири Акаев каршы турган деп айтат. Кимиси каршы турган?

Тургуналиев: Кулов да, Акаев да “мен каршымын” деп айткан эмес. Эсимде, ГКЧП бүткөндөн кийин 23дө Акаев маек курган. Ал күндөрү эч жакка чыккан эмес. Кулов да эртеси күнү маселе чечилгенден кийин баатыр болуп чыга калбадыбы.

“Азаттык”: КДК эмне кылды?

Тургуналиев: Биз 19у кечинде чогулдук, анда КДКда 38 уюм бар болчу. Эки партия бар элек: “Эркин Кыргызстан” демократиялык партия жана “Асаба”. Бирок каттала элек болчу. Биз ошол жылдын 4-октябрында катталдык, “Асаба” 31-октябрда катталды.

“Азаттык”: ГКЧП жанагындай болду, Акаевдер күтүп жатты, сиз жетекчилердин бири болгон КДК позициясы анык болду – силер каршы турдуңар. Демократ катары демократиялык өлкөнү курам деген президентке сиз оюңузду ошол күнү айта алдыңызбы?

Тургуналиев: Мен Аксыдан Бишкекке 21-октябрда келдим. Мен Акаевге кирген жокмун. Анда Акаев бир жакта болсо керек эле. Ошондо биз Шеримкуловго айтып аттык.
Болоттой бекем партия Сталиндин учурунда болгон. Сталин гений болгон, бирок мыкаачы гений болгон.

“Азаттык”: Анда Компартиянын тирүү кези. Кыргызстандын коммунисттери олку-солку болуп турду.

Тургуналиев: Олку-солку болбостон Аманбаев ГКЧПны колдоп чыккан.

“Азаттык”: Ошондо КГБнын ролу кандай эле, кайсы тарапта болуп турду?

Тургуналиев: КГБ да өзүнүн пикирин ачык айтпастан, Асанкул Жумабеков былгып жаткан. Анткени тиги жактагы КГБнын башчысы ГКЧПнын ичинде болгон. Баары эле күтүү, коркуу абалында болгон.

Гений жана оомалар

“Азаттык”: Мурдагы Советтер Союзунда саясатта болобу, өмүрдө мындай кыйчалыш учурлар болгон да. Сталиндик репрессиялык учуру адамдардын баары кексе кылып койгон да.

Тургуналиев: Кексе жана оома кылып койгон. 91-жылдын 9-10-февраль күндөрү “Эркин Кыргызстан” демократиялык партиясын түздүм.

Ошондо менин бир досума “биздин партияга өтпөйсүңбү” десем, “жок, Кыргызстанда ким көп десем оомалар көп экен, ошондуктан мен Оомалардын партиясын түзөм” деди. 3-4 айдан кийин жолугуп “түзгөн жокмун, Оомалардын партиясын түзсөм ооп кетип, өзүмдү басып кетеби деп коркуп түзбөй атам” дейт. Анысыңарындай өзүнүн көз карашы так эмес, “бийликке ким келбесин, май талканда жүрө беришим керек” деген оомалар эбегейсиз көп болгон.

“Азаттык”: Көп жыл өтүп кетти, тозокту да, азапты да көрдүк. Азыр Советтер Союзунун чачырап кеткенине өкүнбөйсүзбү?

Тургуналиев: Жок, себеби мен талдоочу, окумуштуу катары 70-жылдын башында аспирантурага бардым, кудай жалгап атактуу философ, чоң окумуштуунун колуна түштүм, атамдай болуп калды, менин аң-сезимиме ошондо жарака кеткен, Советтер Союзу айтканда, жазганда укмуш социализм деген, ал эми жүзүндө 60-жылдары Хрущевдун учурунда алсырай баштаган. Анан 30 жылдын ичинде кыйрады.

Экономикалык жактан бул системанын өзүнүн кыйрата турган ылайы бар. Мамлекеттик менчик дейт, бирок эч ким жооп бербейт, тоноп кете берет. Кыргыз байыркы дүйнөдө акылмандык кылып “өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар” деп айтып койгон экен, жеке менчиктин табиятын айтып койгон.

Адам жеке инсан, жеке үй-бүлөсү бар, балдары бар. Жеке кызыкчылык менен жалпы кызыкчылык шайкеш келгенде гана коом өсөт. Булар жеке кызыкчылыкты сызып таштаган. СССР учурунда дыйкандардын мээнети 9 эле пайыз төлөнчү экен. Жумушчулардын мээнети 29-30 пайызга жетип-жетпеген.

“Азаттык”: Эмне үчүн Компартия сатып кетти, эмне үчүн бекем болгон жок?

Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилл, 8-ноябрь, 1945-жыл
Тургуналиев: Темирдей, болоттой бир партия болбой калган. Болоттой бекем партия Сталиндин учурунда болгон. Сталин гений болгон, бирок мыкаачы гений болгон. Хрущев ылайлардын баарын чукуп, эң улуу жактарын да жаман атты кылган.

Социализмдин өзүнүн табиятында мыкаачылык бар. Көп партия эмес, бир эле партия өзү билип, “өтүгүн төргө илип”, тоталитардык диктатура орноткон. Бул Сталин, Ленинден гана эмес, бул марксисттик теориянын системанын ичинде жатат. Социализмдин бирден-бир кыйрашы ушунда.

Батыш эмне үчүн өсүп кетти? Ал жерде атаандаштык көп, партиялуулук бар. Элдин колдоосуна ээ болуп бийликке келгендер, убадаларын аткарбай, же чала аткарганда, аны сындап, сазайын карматып, көзүн чукуп турган партиялар болуш керек экен.

“Азаттык”: Аманбаев ГКЧПны ачык колдоп чыккан. Ошондо Ак үйдүн бир тарабы Акаев, бир тарабы Аманбаев болуп калып, бир тобу Акаевге кирип учурашып, кайра Аманбаевге кирип турган деп айтышат.

Тургуналиев: Ал кезде кош бийлик эмес, 3 бийлик турган. 26-27-октябрь түнү Акаев шайланган, бирок СССР али өлө элек болчу, өлүп бараткан, Компартия бийликте турган. Кийин мамлекеттик бийлик Акаевдин колуна өтүп кетти.
Элдин колдоосуна ээ болуп бийликке келгендер, убадаларын аткарбай, же чала аткарганда, аны сындап, сазайын карматып, көзүн чукуп турган партиялар болуш керек экен.

91-жылдын апрелинде Масалиевди түшүрүп, Аманбаев болуп калды. Бирок Масалиевдин бийлиги да күчтүү болчу. ГКЧП жеңип кетсе, Аманбаев президенттик бийликти өзүнө алып, же кыйратып, кайра Коммунисттик диктатураны орнотуп, мурдагы эле жолго түшмөк.

“Азаттык”: Акаев кеткенден кийин айтып жүрүшпөдүбү, “атаганат, ушундан көрө Масалиев, же Аманбаев болсо сонун болмок экен” деп. Бул ойго эмне дейсиз?

Тургуналиев: “Эл оозунда элек жок” дегендей, түркүн пикирлер пайда болду. Коммунисттик заманды эңсөө Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанда азыр да бар. Ал заманда өтө төмөнкү деңгээлде болсо да, жарды менен дурустун ортосунда болсо да элди кармап турган. Эркин экономика – адегенде туура жолго түш, анан өз мээнетиң менен жаша деген сөз.

“Азаттык”: Сиз баягы эле оюңузда турасыз.

Тургуналиев: Ал сөзсүз кыйрайт болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG