Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Мезгил өткөн сайын саясий репрессия курмандыктарынын карааны алыстап баратат. Алардын жакындарынан кабар алып, ал аркылуу тарыхтын сабактарын эске салып турууну максат кылдык.

Бул ирет Кыргыз мамлекетинин алгачкы өкмөт башчысы Баялы Исакеевди кызы Лариса Исакеева эскерет.

Ларисанын арманы

Акылы тунук, чарчы бойлуу, буудай жүздүү сексен эки жаштагы бул айым 1938-жылы улутчул атыгып, атылып кеткен айтылуу Баялы Исакеевдин кызы - Лариса Исакеева. Тагдырдын буйругу менен бала күндөн “эл душманынын кызы” жардыгын тагынып, Алматыдагы балдар үйлөрүнүн биринде чоңойгон. Музыкалык билим алып, үй-жайлуу болуп, кийинчерээк Кыргызстанга келип, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте мугалим, директор болуп көп жыл иштеди. Бүгүн ал кенже уулу менен чогуу Бишкекте жашайт.

Бардыгы жайында көрүнгөнү менен, атасы жөнүндөгү армандуу эскерүүлөр жанын жай таптырбай келатканы келаткан. Акталган атасынын түрмөдөгү жагдайы тууралуу архивдик материалдарды өз көзү менен көрүп, көксөөсү суубай калганына, даңазалуу атасынын баскан изин, чапкан жолун кийинки муунга өткөрүүгө омоктуу салым кошо албай калганына өкүнөт. Ар бир жолу атасын эстегенде жашыйт. Бул жолу да “Мен жөнөкөй бир өз жашоосу менен алпурушкан пенде болдум, атамдын чындыгын акырына жеткире албадым” деп көзүнө чолок жаш алды.

Лариса атасын жалгыз сүрөтү аркылуу эле бүшүркөгөнү болбосо, караманча элестете албайт. Бирок тааныш-билиштердин айтканынан улам өзүн атасына абдан окшоштурат. Анын үстүнө апасы да бала кезинде “кыргыздын кара бучук кызы, мага окшобой, атасына окшоп калганын кара” деп эркелетчү экен. “Апам Абайдын, ак сөөктүн тукумунан болом деп калчу” дейт.

Баялы Исакеев кезинде аялы менен оту күйүшпөй, Ларисаны алып калып, өзүн төркүнүнө – Алматыга жеткирип койгон экен. Жеткирген күндө деле чиеленген тагдырдан алыс кете албаптыр. Кийин “эл душманынын аялы” деп Алматыда камакка алынып, түрмөдөн акылы айныганда чыгарылып, ошол дарттан өлгөн экен.

Тогуз айында калган Лариса энесинин колуна кайра төрт жашында, атасы камалгандан кийин тийген. Ага чейин аны Баялы Исакеевдин кийинки аялы Надежда Дмитриевна Щеглова баккан. Экинчи энесин жана ал учурду Лариса өзү минтип эскерет:

- Ал кесиби боюнча экономист, абдан билимдүү аял эле. Атама ар тараптан жардам, кеңеш берип турган. Мени ошол аял баккан. Мен төрткө чыкканда экөөнү тең камакка алышат. Атамды эртең менен иштен эле чогулушка салып, камайбыз деп партиядан чыгарышкан, сыягы, түн ичинде үйгө келип тинтүү жүргүзүшкөн. Үйдө Щеглованын карыган апасы, үй кызматкери Нюся, анан мен болгом. Анда Надежда Дмитриевнаны кармап кетишкен. Экөөнү камакка алгандан кийин карыган апа “кызыңды алып кет” деп Алматыга телеграмма уруп, өз энемди чакырган. Мени алып кетери менен Алматыда “эл душманынын аялы” деп, аны да камакка алышкан. Туугандары болсо менден “эл душманынын” баласы деп коркушуп, балдар үйүнө берип коюшкан. Энем болсо кийин камактан психикалык оорулуу болуп чыгып, ошонун азабын тартып жүрүп кийин өлдү.

Ошентип, “эл душманы” Баялы Исакеевдин кесепети мурдагы жана кийинки аялына бирдей тийип, экөө тең камакка алынган. Исакеев атылгандан кийин түрмөдөн чыгарылып, Москвага биротоло кетүүгө аргасыз болгон Надежда Щеглова Ларисаны узак жылдар бою издеп жүрүп, жыйырма жылдан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети аркылуу тапкан.

“Атамды Хрущевдон сурадым”

Ал кезде Лариса теги кыргыз экенин, “эл душманы” Баялы Исакеевдин кызы экенин тайларынан жаңы угуп, Фрунзеге кайтып келип, ар кайсы эшиктерди кагып, атасын издеп жүргөн. Бул КПССтин баш катчысы Иосиф Сталин өлгөндөн кийин репрессия курмандыктарын актоо доору башталган кез эле.

- Менин атам Баялы Исакеев экенин угаарым менен “Менин атам кайда?” деп Хрущевго телеграмма жибердим. Андан сиздин атаңыздын иши кыргыз прокуратурасынын кароосуна жиберилди деген жооп келди. Биякка келгенде мени Шутов деген прокурор кабыл алды. Андан “Атам кайда? Кайсы түрмөдө?” деп сурай бердим. Хрущевдун катынан улам мен аны тирүү деп ойлоп аткам. Анан прокурор мага “сиз эстүү-баштуу адам катары жагдайды түшүнүшүңүз керек, аны атып салышкан” деди.



Атасын сагынып, эңсеп келген Лариса “суук кабарды укканда дендароо болуп, бейтааныш көчөлөрдү кантип аралап кеткенимди билбейм” деп эскерет:

- Мен бул сөздү уккандан кийин прокуратурадан кандай чыкканым эсимде жок. Ыйлап жүрүп отуруп Ала-Тоо кинотеатрына жетип калыптырмын. Бир маалда бир аялга жолугуп: “Кыргызстанга биринчи келишим, прокуратурадан адашып калдым. Кайра барганга жардам бергилечи” деп сурандым. Щутовго кайра келсем, Соня аттуу кызматкерге кошуп берди. Ал мени үйүнө түнөтүп, эртеси күнү Борбордук Комитетке, Абды Сүйөркуловго (Кыргыз ССРинин министрлер Советинин төрагасы - ред.) алып барды. Ал мага көңүл айтып, “атаң жок, бирок, өгөй энең бар” деди.

Лариса кийин баккан энеси менен узак жылдар бою тынымсыз кат алышып, өзүнүн балалыгын, атасынын тарых-таржымалын, тагдырын Щеглова аркылуу барактап чыккан.

- Щеглованын айтканына караганда, ал бир жыл Молдовановкада отурган. Ага чейин Логвиненко көчөсүндөгү түрмөгө алып келишкен. Ал кезде Исакеев, Абдырахманов, Орозбеков – бардыгы ошо жерде отурушкан. Щеглова келгенде бир цыган аял кичинекей тешиктен аларды суракка кантип киргизип-чыгарып жатканын карап отурган экен. “Цыган аял “сен саясат боюнча келдиңби? - деп сурап, - силердикин суракка киргизишет азыр” деп тешикти көргөздү. Карасам атаң туруптур. Анан “Баялы! Исакеев!” деп кыйкырсам угуп, башын ийкегиче күзөт аны алып кирип кетип калды” деп жазган. Щеглованы кийин “Исакеев ким менен байланышы бар эле, ким менен дос элеңер” деп эки ирет эсин жоготкуча кыйнап сурап, анан Молдовановкага которуп жибериптир.

“Лара! Ларочка! ”

Надежда Щеглованын тарыхый каттарын Лариса Баялинова аликүнчө кастарлап сактап жүрөт:

- Щеглованын айтканына караганда, түрмөдө атам экөө 8 айдан кийин жолугушуптур. “Ал чарчы бойлуу, толмоч киши эле. Мага болсо адам кейпи жок бир сөлөкөттү алып келишти. Эң башкысы акыл-сезими жоголуптур, “Лара! Ларочка!” деп, көзүнө мен эмес, сен көрүндүң окшойт” деп жазган. Анан атам тергөөчүгө “силер буга тийбегиле, ал менин ишимди билчү эмес” деп айтыптыр. Тергөөчү болсо Щегловага “күйөөңүз көпкө чейин унчукпай атып, анан сүйлөй баштаганда жолугушуу уюштурууну чечтик” дептир. Өгөй энемдин айтканы боюнча атамды атууга 1938-жылы 5-ноябрда алып кетишкен. Кийин Ата-Бейиттин жанындагы көмүлгөн жерди казуу учурунда атамдын сөөгү эң астынан чыккан, калыбы биринчилерден болуп атылган болуу керек...

Ошол эле Надежда Щеглова Ларисага жазган катында Баялы Исакеевге адегенде Николай Бухарин менен байланышта болуп, элге душмандык кылган, буржуазиячыл улутчул деген айып тагылганын айткан:

- Суракта Щегловадан “Бухарин менен жазышкан каттары кайда?” деп талап кылышкан экен. Чындыгында атам Бухарин менен жакшы мамиледе болуп, Кыргызстанга келгенде Ысык-Көлгө алып барып эс алдырыптыр.

"НКВД атамды акылынан ажырагыча кыйнап отуруп, алы-жаны калбай калган кезде анын айыбын тастыктоо максатында атайылап аялы менен жүздөштүргөн болуу керек",- дейт Лариса Исакеева.

“Манастап” ураан чакырып...

Балалыгы Алматыга байланып калган Ларисанын өз мекенинде биротоло калышына атасынын элге сиңирген эмгеги жана аны баалаган адамдардын көптүгү түрткү болуптур. Партиялык жетекчилерден баштап карапайым адамдарга чейин “Баялынын кызы” деп колдон келген жардамдарын аяшкан жок дейт Исакеева:

- Атамдын жасаган иштери жөнүндө алардан көп уктум. Документтерди карап отуруп, атам эмнени гана жасаган эмес деп ойлойм. Завод-фабрикаларды иштеткенин, айыл чарба тармагын көтөргөнүн айт. Бул анын чоң эмгеги эмеспи. Жогорку окуу жайларды ачканычы. Аны эмнегедир азыр айтышпайт. Өзүм билген маданият жагын эле айтайынчы, 1935-жылы Москвадагы Луначарский атындагы окуу жайдан кыргыз маданиятын көтөрүү үчүн 20 бүтүрүүчүнү алып келүүдө атамдын салымы чоң болуптур да. Орус драма театры ошентип түптөлгөн. Композиторлор Власовдун, Ференин Кыргызстанга келип иштеп калышына атам менен Щеглованын жеке мамилелери таасир эткен. Раматылык Калый Молдобасанов “мени киши кылган сенин атаң” деп айтып калаар эле. Чыгармачыл адамдар ушундай таза, чынчыл болот экен. Айрым аттуу-баштуу жетекчилер арасынан, тескерисинче, “мага келгениңди киши билбесин” деп саксынгандарды да жолуктургам.“Манас” - өзүнчө сөз. Бирок “Манасты” көтөргөн Исакеев деп да айтышпайт.

Баялы Исакеев - 1935-жылдары башталган “Манас” эпосун жайылтуу демилгесин көтөргөн интеллигенция өкүлдөрүнүн, партиялык жетекчилердин бири. “Манаска” ал эң чоң жана терең мазмундуу эпос деп баа берип, Москвада басып чыгарууга батыл киришкен.

“Урматтуу жолдош Накаряков, “Манасты” жиберишти. Кыргыздын “Манас” эпосунун биринчи жарым томдугун которууга кеңешчи катары Тыныстановду жибердик. Ал бул дайындоону толук актайт. Биз Липкиндин, Пенковскийдин, Тарловскийдин келип, редколлегия менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниеттерин колдойбуз жана максаттуу деп ойлойбуз” деп жазган Исакеев 1937-жылы Москвадагы Мамлекеттик көркөм адабият басмасынын директоруна жолдогон катында.

Бул мезгилдерде Баялы Исакеевдин үстүнөн кара булут айланып, “Правда” гезитине “Буржуазиялык улутчулдар” макаласы чыгып калган кез болчу. 1937-жылы камакка алынган совнарком бир жылдан кийин атууга кеткен. 1938-жылы атылган кыргызстандык 137 коомдук-саясий ишмердин сөөгү эгемендиктин алгачкы жылдары табылып, “Ата-Бейит” көрүстөнүнө өлүктүн зыйнаты менен кайра коюлган. Ошол бейкүнөө курмандыкка чалынган кыргыздын интеллигенция каймактарынын арасында 41 жаштагы Баялы Исакеев да жатат...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG