Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Мургаб ыргактары: Акыркы казы Атабай


Осмон Атабаев тарткан карта. Бул картадан памирлик (сарыколдук) кыргыздар жашаган аймактар көрсөтүлгөн.

Осмон Атабаев тарткан карта. Бул картадан памирлик (сарыколдук) кыргыздар жашаган аймактар көрсөтүлгөн.

Кыргызда канчалаган элдик кишилердин өмүр баяны, калкына өтөгөн кызматы тарых барактарынын бүктөмүндө калып кетти. Ошолордун бири Атабай Жанузак уулу советтик Тажикстандын Мургаб районунда жүздөгөн сарыколдук кыргызды Кытайга качырып, сталиндик репрессиядан сактап калган. Атабай казынын ысмы кыргыз тарыхчыларына белгисиз болгон менен, ооган кыргыздары арасында ал тууралуу уламыш ыр азырга чейин айтылып келет.

Aлгы сөз

Атабай казы тууралуу алгач Бишкектен, анын небересинен угуп, кийин Мургабда "Памир кыргыздары" деген китептен окуган элем. Кыргызстандагы белдүү тарыхчылардан сурасам, «Андай адамды билбейт экенбиз» деп, мургабдык кыргыздар жакшы изилденбей калгандыгын моюнга алышты.

Ушул жазда Парижде этнограф Реми Дор менен учурашканымда да ал Атабай тууралуу ырды тээ 1970-жылдары оогандык кыргыздардан жаздырып алып, китебине чыгарганын айтты.

Атабай Жанузактын тун уулу Бакир. Атабайдын сүрөтү сакталып калган эмес. Бакир Атабаев Мургабда мектеп директору, районо башчысы, колхоздун башкармасы болуп иштеген.

Атабай Жанузактын тун уулу Бакир. Атабайдын сүрөтү сакталып калган эмес. Бакир Атабаев Мургабда мектеп директору, районо башчысы, колхоздун башкармасы болуп иштеген.

​Өз элинде бүгүнгө чейин аты аңыз болуп айтылып келген Атабай Жанузак уулу кандай адам болгон?

40 түтүн эли менен Кытайга качкандан кийин эмне үчүн Ооганстанга ооду? ”Сталиндик НКВДнын архивдеринде эл душманы катары «Атабай Янузаков» деп аты татарча катталып калган бул адамды күнү бүгүнгө чейин тээ Түркиядагы кыргыз айлында да атын өчүрбөй келаткан кадырынын сыры эмнеде?

Баянды бул жерден толугу менен уга аласыз:


Акыркы казы, биринчи мугалим

Ыраң-Көл айылында теребел тоодогу чөлгө окшойт, ныпым дарак жок, асфальт көрбөгөн көчөлөрдө чаңдуу куюн ойноп жүрөт, мал-жандан бир гана жүнү жыдыган жүдөмүш эки төө көрүнөт.

Кытай менен чек арададагы бийик тоолуу Мургабдын бул айылында Айдаралы Сапарбаев адабияттан сабак берет, ал "Памир кыргыздары" деген уникалдуу энциклопедиялык эмгектин автору.

Анын айтымында, Мургабдын акыркы казысы, биринчи мугалими атыккан Атабай Жанузак уулу ичкилик кыргыздарынын тейит уруусунан болгон.

Айдараалы Сапарбаев: Биз ичкилик кыргыздардан болобуз. Ичкилик төрт урууга бөлүнөбүз – кыпчак, найман, тейит, кесек. Ичинен тейит уруусу сары тейит, кара тейит, чал тейит болуп үчкө бөлүнөт. Ошолордун ичинен биз сары тейит болобуз. Атабай казы, анын аталары, теги сары тейит. Мурдагы президент Курманбек Бакиев чал тейиттерден. Сары тейит өз арасында кочкор, бука, жаманаң деп бөлүнөт. Ооган кыргыздарынын ханы Рахманкул кочкор, Атабай казы болсо жаманаң уруусунан. Кыпчак уруусу бир убакта империя болгон. Наймандар да бир убактарда хандык кылган. Тейит дагы ошол сыяктуу (даңазалуу уруу) болуп турган.

Бакир Атабаев (оңдо) аскердик машыгуу өткөрүп жаткан учур, Мургаб, 1940-жылдардын этеги

Бакир Атабаев (оңдо) аскердик машыгуу өткөрүп жаткан учур, Мургаб, 1940-жылдардын этеги

​Атабай казы сабаты ачылган адам болгон. Анын жогорку билими тууралуу маалымат жок, бирок урпактарынын айтымында, анын атасы Жанузак казы Кашкарда төрт жыл медреседе окуган, фарсы, араб, орус, памири тилдерин билген өз заманындагы өтө сабаттуу адам болгон. Атабай өзү советтик системада атка минер чоң болгонуна караганда, орус тилинде сүйлөгөн.

Айдараалы Сапарбаев: Бул киши кат-сабатын араб тамгасы менен жойгон, көп окуган окумал адам болгон. Ошол себептен ал киши кийинки учурда илимдүү-билимдүү болгонуна байланыштуу казылык даражага жеткен. Эл арасында кайсы айыл болбосун, кайсы суу болбосун, (көпчүлүк эл жайланышкан өрөөндөгү калкты жалпы бир суунун эли деп коёбуз). Атабай бир суунун элинин казысы болуп турган.

Жанызак казы да, баласы Атабай да ашып кеткен байлык топтогон эмес, Совет бийлиги тушунда эл башкарууга аралашканы да ошондон улам мүмкүн болсо керек.

Айдараалы Сапарбаев: Билимдүү болгонуна байланыштуу ал кишини жаңыдан совет өкмөтү курулганда жогорку кызматтарга алып барган, коммунистке кабыл алган. Ал киши өкмөт менен партиянын ишине өтө кылдаттык, ак ниетүүлүк менен мамиле кылган, алдыңкы, билимдүү адамдардан болгон.

Көптүн өмүрүн сактаган көрөгөчтүк

Атабай Жанузак уулунун сталиндик репрессиялардын мезгилинде кандай кызматта болгону жөнүндө так маалымат жок. Бирок анын көптүн өмүрүн сактап калган эмгеги эл оозуна алынып, ал тууралуу өз мезгилинин атактуу акыны чыгарган ыр Памирдин оң-сол тарабына желдей тараган.

Сапарбаевдин айтымында, Атабай казы Мургабдын өзүндө эле, азыркы тил менен айтканда, райондун акими болгон. Бирок Акылбек Атабаевдин сөзү боюнча, анын чоң атасы Хорогдо Бадахшан Автоном областынын билим берүү комиссары болгон.

Мына ошол "эл душмандары" менен күрөштүн арааны күчөп турган мезгилде Москвадан Мургабда баланча кишини кармаш керек деген буйрук түшөт. Атабай Жанузак уулу бул тизмедеги адамдар атылып, жок болорун сезип, дароо түнү менен айылына кат жөнөтүп, «даяр тургула» деп эскертет. Артынан өзү жете барып, 40 чакты түтүн элди Кытайга көчүрө качат.

«Эл душмандарына» каршы репрессиялар эми күч ала баштаган 1930-жылдардын башында орун алган бул окуяны ыраңкөлдүк мугалим мындайча эскерет:

Айдараалы Сапарбаев: 1932-жылы байларды, кожо-молдолорду бардыгын репрессия кылууга атайын өкүм болгон. Советтер Союзу боюнча жалпы кулакка тартуу болуп жаткан кез эле. Атабай ошол мезгилде Мургаб районунда аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган, өкүм келгенден кийин ал Тажикстандын борбору Душанбе шаарына чакыртылган, ал жактан кайтып келгенден кийин кандайдыр бир ойго келген “кыйын кезең келиптир, биздин Сары-Колдогу бардык билимдүү, колунда бар бай адамдарды жок кылуу саясаты жүрүп жатыптыр, мен кантип бирге жүргөн, Сары-Кол элин коргоп жүргөн адамдарым менен ушундай мамилеге барам",- деп ойлогон.

Кытайга качкандар Атабай казынын өзүнө окшогон сабатуулар, анча-мынча оокаттуу бийлер, кой, топозу жер жайнаган байлар болгондугун болжолдой алабыз.

Убакыт Атабай Жанузак уулунун канчалык даанышман болгонун көрсөтөт. Сталиндик репрессияларда Мургабдан канчалаган адамдарды нквдчылар арабага салып кетишкен. "Ошко алып барабыз" деп, бирок жолдогу эле белестердин артына алып барып атып салышканын Мургаб жергесинде бүгүн да айтышат, бирок бул курмандыктарды эскерген эстелик али коюла элек.

Күндөп-түндөп ат менен араң жеткен алыскы тоо койнунда кимдин ким экенин НКВД кандайча аныктаган? Айдаралы аксакалдын айтымында, Кремл өз кызматкерлери менен катар, жергиликтүү тыңчыларга таянган. Ичи тардык өңдөнгөн пастык сезимдер да болгон шекилдүү.

Айдараалы Сапарбаев: Бийликтин жалпы Сары-Колдо, бизче айтканда тыңчылары, агенттери болгон. Мисалы, атайын өкмөт койгон адамдар бар болгон, ошолор өз жердештеринин айрымдарын көрө албастык менен жогору жакка "булар бай-манаптар" деп кабарлап турушкан.

Кайда барсаң Мамайдын көрү

Ошентип, мургабчылардын тобу бир түндө тоо ашып, Кытай тарапка өтүп кетишкен. Бирок туугандарына барып баш калкалаган кыргыздарды кытай бийликтери жайына койгон эмес. Кытайда али коммунизм орной элек, өлкө ички согуштан кансырап турган. Ошого карабастан, Бээжин бийликтери өз аймагына карап калган кыргыз жерлеринде чек арага аскер коюп, тыңчы жиберип, кырдаалды көзөмөлгө ала баштаган. Эки жыл айланбай Атабай казы Ооганстан тарапка ооп кетүүгө мажбур болот.

Айдараалы Сапарбаев: Көпчүлүгү ал жерде тургун болуп калган. Атабай казы Ооганстанга өтүп кеткенден кийин жакын туугандарын, баштап барган адамдарынын көбүн Ооганстанга жылдырып кеткен, анткени кытайлар тынчтык бербей, малын тартып алып, үстөмдүк көрсөтүшкөн.

Ошону менен Атабай Жанузак уулу Ооганстанда эки жылча туруп, табышмактуу жагдайда көз жумат. Бирөөлөр аны кара курт чаккан дешет, "жок, анын агасын кара курт чаккан, өзү өз ажалы менен эле өлгөн" дегендер да бар. Айтор, сөөгү ошол бойдон оогандык Бадахшан аймагынын борбору Файзабадда калат. Небереси Акылбек Атабаев Файзабадда болуп, анын көрүстөнү күнү бүгүнгө чейин бар экендигин көрүп келген.

Жолдошбай Абдулла уулу туугандары менен. Жолдошбай чоң атасы менен бир тууган Атабай казы тууралуу чоң энесинен уккан, Улуу Памир айлы, Түркия

Жолдошбай Абдулла уулу туугандары менен. Жолдошбай чоң атасы менен бир тууган Атабай казы тууралуу чоң энесинен уккан, Улуу Памир айлы, Түркия

Атабай Жанузак уулу Мургабдан жалгыз уулу Бакир менен качкан, Кытайда экинчи уулдуу болуп, атын Осмон коёт. Мына ошол эки баласын Атабайдын кыйышпас досу, орус кесиптеши Кытайдан алып келип, кичүүсүн советтик балдар үйүнө тапшырат.

Ал арада сталиндик бийлик эки жетимдин атасын каралоого өтөт. Бул өнөктүктүн шарданы менен эл арасында динди даңазалап, болшевиктерди каапырлар деп ырдап жүргөн жаш ырчы кылтакка илинет.

Жаш болсо да өткүр сөзү менен эл оозуна алынып калган Абдысатар деген ырчы Атабай казыны даңазалап ырдайт. Советтик бийликтин өкүлдөрү аны кысмакка алып, «ырыңды өзгөрт, эл душманын жамандап ырда» деп жарга такашат.

Айдаралы Сапарбаев өзү жазган "Памир кыргыздары" китебин алып чыгып, жаш ырчынын мына ошол идеологиялык электен өткөндөн кийинки ырын окуп берди:

Атабай казы дейт эле,
Иликтрдей жанды эле.
Ишке көзү канды эле,
Бак алмадай толду эле.

Партиялар ичинен,
Баарынан өткүр болду эле.
Айтпады сырын кишиге,
Айыптар болуп өкмөт ишиге.

Кытайга карап кетем деп,
Кырк үй-бүлөнү кетирди.
Барган жерге батпады,
Береке-пайыз таппады.

Мурдагыдай болбоду
Күндө келип кытайлар
Пул бергин деп койбоду.

Кызыл карт түшүп кыш болуп,
Кытайлар алды аз малын.
Кайтып келиш ар болду,
Кайталар кетип кар болду.
Кылган иши өзүнө,
Пышман болду жакшылар.
Аздыр-көптүр элине,
Душман болду жакшылар.

Абдысатар киши ушинтип ырдап берип кутулган экен.


Түркиядагы эскерүүлөр

Абдысатар памирлик кыргыздардын арасында жашынан жалындап күйгөн, бирок жылт эткен жылдыздай, 20 жаш курагында көзү өткөн ырчы болгон. Анын Атабай тууралуу жазган ыры мургабчылардан Ооганстан тарапта калып кеткен кыргыздарга чейин жетип, күнү бүгүнгө чейин айтылып келет.

Ооган кыргыздарынын бир бөлүгү мындан 35 жыл мурда Пакистанга качып, кийин Түркияга барып отурукташып калган. Айылын Улуу Памир деп атап алган бул кыргыздар арасында Атабай Жанузактын да туугандары бар.


Памирдей бийик болбосо да, Түркиядагы Улуу Памир айылы турган жер тоолуу келет. Эки кабаттуу, кабелтең курулган үйлөр жайылып аккан чоң суунун боюндагы жашыл тектирде жайгашкан. Айыл башчысын ээрчип, окшош салынган үйлөрдүн бирине келдик.

Короодон башына ак оймо салынган кара допу кондурган, 50 жаштардагы орто бой, өңү күнгө капкара болуп тотуккан арык киши тосуп алды. Өзүн Жолдошбай Абдылда уулу (Түркияда берилген фамилясы Пулат) деп тааныштырды.

Жолдошбайдын чоң атасы Молдо Нурмат казы Атабай Жанузак уулунун энелеш агасы болгон. Ал дароо эле Атабай казы тууралуу билгени аз экенин, буга көп деле назар салбаганын эскертти. Ошентсе да, Атабай Жанузак уулунун өзү менен кошо Кытайга ала кетип, каттырган китеби кандайча жок кылынганы тууралуу, ошондой эле анын өлүмү боюнча айрым жаңы нерселерди айтты.

Жолдошбай Абдулла уулу: Менин чоң атам, чоң абаларымдан ала (биле) албадым. Аларды көрбөй калдым. Эл оозунда эч кандай сөз жок, сизге окшоп келген адамдар алардын атын чыгарат, сурап үйрөнөлү дейт, бирок алардын кылган иштерин билген адамдар дүйнөдөн өттү. Атабай Сталиндин убагында (Мургабдан) качкан экен. Сталиндин убагында урушкан кишилердин чатагын казылар карачу экен. Менин чоң атам Молдо Нурмат казы Кыргызстанда орусча окуган экен. Ошондо зор (бийлик өкүлү) адам болуп, казы болуп, өкмөткө кызмат кылган экен. Жакшы адамдарды жоготобуз дегенде, "өкмөттө иштеп иш билген адамдарсыңар, силер кетип калгыла" дегенде, менин чоң атам менен Атабай чоң абам Кытайга кеткен экен. Чоң апам эскерүүлөрүндө чоң атам Молдо Нурмат көк кенеден (кара курт) коркуп, жанына такай көк туз салып жүрчү, көк тузду жаласа ууну кесет деп айтчу. Чоң атам Ооганстанда жашап жүргөндө кара курт чагып өлгөн экен. Атабай чоң абам кесел болуп өлгөн экен. Сөөгү Файзабадда (Ооганстан) коюлган, Атабай казыны кышында агасынын жанына алып келип койушкан экен.

Кыргызда сөз чеберлерин, акындарды, ырчы, жомокчуларды катуу кадырлашкан, себеби элдин башына түшкөн мүшкүлдү, өткөн-кеткенди, санжыраны, башкача айтканда, элдин тарыхын, кылымдар бою ырдалган ырларды, жер каймактагандан берки салт-санааларды муундан муунга төкпөй-чачпай ирээттүү жеткирип, элдин руханий байлыгын сактап келгендер дал ушул өнөр адамдары болушат.

Мен буга Улуу Памир айлынын эки ырчысына жолукканда дагы бир жолу ынандым. Бири Атабай Жанузакты анча тааныбаган менен, ал тууралуу Абдысатардын ырын билет экен. Экинчиси эбак көзү өткөн мургабчы тууралуу азыр айылдаштары унутуп калган бир топ нерселерди эстеп, алтургай Абдысатардын франциялык окумуштуу Реми Дордун франсуз китебинде гана сакталып калган ырынын бир тобун айтып берди.

Атабай Жанызак уулу тууралуу эскерген вандык кыргыз Абдыбаит Сатаркул уулу кадимкидей жакалуу ак көйнөк, костюм шым кийген киши.

Башына тажик топусун кондурган бул аксакалды көрсөңүз, жашы сексенге таяп калды деп ойлобойсуз. Көздөрү күлүңдөп, тамашага чалып сүйлөгөн аксакалдын ата-энеси чек арадан өтө албай, Кытайда калып, Памирде жетим өскөн.

Ал Памирдин аркы бетиндеги мургабчылардын Атабай деген казысын Абдысатар ырчынын атын уккада барып эстеди.

Абдыбаит Сатаркул уулу: Атабай казыга окшогон казыларды Орусияда көбү миң башы, кербен башы дешчү экен. Азыр (Түркияда) мухтар дешет. Орустун заманында ошондой этки (ат) берчү экен. Көп окуган билимдүү адамдарды казы кылат экен. Атабай, Молдо Нурмат, Дубана казы дегендер казылык менен жүрүшкөн, азыр алардын бир туугандары жок. Абдыбаит Сатаркул уулу деген "Абдысатар камина/Карандаш калем чыгарып, кат жаздырган большевик/карын ийштен чыгарып/жашты аздырган большевик/жарым шариат биригип/жарыбаган күн болду" деп ырдаган.

Абдысатардын Атабай казы тууралуу ырын Түркиядагы кыргыз айылында Турган Ырайым кызынан да уктум. 63 жаштагы ырчы куйма кулак болгон менен, сабаты ачылбагандыктан, Абдысатардын китепте жазылып калган ырын окуп, толук жаттап калган эмес. Ал китептин өзү бүгүн кайда экени белгисиз.

Турган Ырайым кызы: Бул энем баарын билчү, (бирок бүүн Түркияда) мени менен кошо жашагандар ырлардын бирин да билбейт, дагы менде энемдин айткандары эсимде калыптыр. Бир молдо киши болгон, аты Маматалы, биздин агабыз болчу. Анын бир китеби бар эле, большевиктин, Николайдын заманындагы китептерди окуйт элек. Ошол киши китептен окуп берчү. Атабай менен биздин Молдошы деген бир агабыз дос экен. Абдысатар Каминанын ырларынын баарын үйрөнгөн элем, азыр бирөөнү билсем, бирөөнү билбейм. Большевиктердин коммунист, Николай бусурмандардын заманында жашап, ошолордун заманында жазган экен:

Молдо Атабай эр эле,
Айтканымча бар эле.
Абдысатар Камина,
Аңдабайсың өзүңдү,
Алланын жазган сөзүнү.
Ааламга каапыр толуптур.
Молдолордун колунда,
мурдагыдай дуба жок,
Алла кылып тураарга
бутта мындай кубат жок.


Атабай кыргызга (көп) кызмат кылып, акыры кырк үйлүү журтун ээрчитип алып, Кытайга карап көч тарткан экен. Ал Кытайга барганда, бечаранын китептерин Кытай өрттөп таштаптыр. Жоробай деген күйөө баласына ишенип, Бактыгүл карындашы айтып берсе, ал (бийликтерге) айтып коюп, китебин өрттөп салышкан экен. Ошондо өрттөп ташташпаганда, азыр силер окуп, ал жөнүндө эмне жазышты табат элеңер. Ал заманда саатты билбейт элек, азыр ойлоп көрсөм, (Атабай тууралуу) эки сааттык ыр, чоң китеп экен. Агам аны окуйт да, эриккенде, бүктөп (жаап) коюп чыгып кетет. Абдысатардын ыры көп узун ыр болчу.

Коогалуу XX кылымда өз элинин камы менен киндик каны тамган жерин таштап, Кытайдан куулуп, ооган жергесинде көз жумган Атабай Жанызак уулунун өзүн бүдөмүк билген менен, Түркиядагы памирлик кыргыздар арасында ал тууралуу атактуу ырчы жазып кеткен ыр ушундайча сакталып келатыптыр.

Ал эми Мургабда ыраңкөлдүк мугалим Айдараалы Сапарбаевдин үйүндө бул инсанды эске салган дагы бир буюм бар. Үйдүн далисинде илинип турган кызыл килемге кол жаңсап, мугалим аксакал аны Атабайдын баласы, баягы жетимдер үйүндө өсүп, баралына келгенде Мургабда район акими болуп иштеген Осмон Атабаев атасына өз колу менен бергенин эскерди.

Сөз соңу
Айдаралы аксакал Атабай казынын кадырын анын өзү баш-көз болуп, казылык кылган элине тең карагандыгынан деп билет. Кийин анын Тажикстанда калган урпактары да эл урматтаган жетекчилилер болушкан.

Атабайдын тун уулу Бакир Тажикстанда мугалим, колхоздун башкармасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси , жетимдер мектебинин директору болгон, анын баласы Адылбек кайра эле Мургабда аткаруу комитетин башкарган. Атабайдын Кытайда туулган кичүү уулу Дүйшөмбүдө зоотехникке окуп, топоз өстүрүү боюнча СССРдин Илимдер академиясында илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана кийин Мургабда район акими болуп турган.

Айдараалы Сапарбаев автор менен, арткы дубалда Осмон Атабаев берген килем, Ыраң-Көл айлы, Мургаб

Айдараалы Сапарбаев автор менен, арткы дубалда Осмон Атабаев берген килем, Ыраң-Көл айлы, Мургаб

Айдараалы Сапарбаев: Осмонду балдар үйүнө тапшырышкан экен, ошол балдар үйүндө чоңойуп, эрезеге жетип, Айыл чарба институтунан окуп, аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеди, совхоз директору болду. Осмон агабыз ошол мезгилдеги көрүнүктүү жакшы адистерден болгон.

Аккан арыктан суу агат дегендей, Атабай Жанызак уулунун кийинки урпактары да белдүү кызматтарда. Бир небереси Хорогдо коопсуздук бөлүмүндө иштейт, экинчиси Мургабда каржы кызматын тейлейт, ал эми Акылбек Атабаев Бишкекте этникалык кыргыздарга арналган жалгыз басылма болгон "Аалам кыргыздары" журналынын негиздөөчүсү.

Ыраң-Көлдөн жолго чыгаарда мен Айдаралы Сапарбаевдин Атабай казынын эл арасындагы кадырынын сырын сурадым.

Айдараалы Сапарбаев: Кадыр-баркы болгон, ар бир өрөөндөгү, суудагы калкка тең карап, маселени туура чечкендиктен, абройго жетишкен.

Акылбек Атабаев (солдон үчүнчү) чоң атасы Атабайдын Кытайда калган бир тууганы Молдонурматтын небереси Зубайда (оң жагында тыбыт жоолукчан) менен, 2004-жыл, Кытай

Акылбек Атабаев (солдон үчүнчү) чоң атасы Атабайдын Кытайда калган бир тууганы Молдонурматтын небереси Зубайда (оң жагында тыбыт жоолукчан) менен, 2004-жыл, Кытай

Атабайдын Кытайда калган туугандары менен байланыш бүгүн үзүл-кесил. Ал жакта өрттөлгөн китептердин калган-катканын Акылбек Атабаев барып, таппай келген. Атабайдын сүрөтү да сакталып калган эмес.

Балким Ташкендеги архивдерде гана ал "эл душманы" катары катоодо болгон кездердеги документтер болушу мүмкүн.

Көзү жетик, билимдүү, эл камын ойлогон бул инсандын бүгүн Мургабда эстелиги да жок, бирок анын жаркын элеси ар кайсы өлкөлөрдө жылдыздай чачылган памир кыргыздарынын көкүрөгүндө сакталуу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG