Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Совет заманында “Кулак”, “эл душманы” деп атылып кеткен, же соттолуп, түрмөдө жүрүп өлгөн миңдеген адамдардын кайда көмүлгөнү алиге белгисиз.

1956-жылы КПССтин XX съездинде Сталиндин керт башына сыйынуу сындалып, миллиондогон жарандардын бейкүнөө соттолгонуна жооптуу экени ачык айтылат. Ошондон тарта репрессия курмандыктары актала баштап, бул жараян 1991-жылы СССР ыдырап кеткенге чейин уланат. Жазыксыз соттолгон адамдарды актоо мынча узак созулган себеби - адамдарды боо-боо менен өлүмгө айдаган НКВДнын, анын мураскери КГБнын жана прокуратуранын өз мыйзамсыз иштери үчүн коом алдында жооп берүүнү каалашкан эмес.

1938-жылы 3-апрелде НКВДнын Николаев облустук тройкасынын чечими менен Чалбасыдагы “Новый путь” артелинин чарба башчысы Сатаркул Жангарачев башындагы 9 адам атылат. Бир адам он жана экинчи адам беш жылга кайра соттолот. Бул 11 адамдын үй-бүлөлөрүнө алар эмне себептен атылганы чейрек кылымдан кийин да айтылган эмес. Буга Сатаркул Жангарачевдин аялы Бүбинанын 1939-жылы 11-февралда күйөөсүнүн дайынын сурап жазган арызы күбө:

“1938-жылы март айында менин күйөөм Сатаркул Жангарачев Скадовск районунун Чалбасы кыштагында камакка алынып, Херсондогу түзөтүү үйүнө жөнөтүлгөн. Күйөөм 1938-жылдын май айында Херсондогу түзөтүү үйүнөн мага маянасын алганга тилкат жиберди. Ошондон бери күйөөм кайда экенин билбейм. Зайып катары мени күйөөмдүн тагдыры тынчсыздантат жана аны тапканды каалайм. Башкача айтканда, менин күйөөм Сатаркул Жангарачев кайда экенин билгим келет. Мен 28 жаштамын. Балдарым жок. Менин күйөөм азыр кайда? Тирүүбү? Анысын билбеймин. Ошон үчүн анын дарегин билгенге жардамдашуунузду суранам. Мен тул калдымбы же күйөөм барбы, билгим келет. Менин суроомду жоопсуз калтырбооңузду өтүнөм. Күйөөм тирүү болсо, анысын билгенге жардам берип коюңуз. Менин дарегим: Чалбасы кыштагы, Скадовск району. Жангарачева Бүбина."

Каттын аягына коюлган кол тамга менен текст окшош болгондуктан, Бүбина Жангарачева орусча жакшы билген жана катты өзү жазган деп тыянак кылса болот.

Украинада 1938-жылы атылган кыргызстандыктардын аты жөнү жазылган архивдик материал

Украинада 1938-жылы атылган кыргызстандыктардын аты жөнү жазылган архивдик материал

Бул катка жазылган резолюцияны такыр окуп болбойт. Бирок Бүбина Жангарчеванын арызына жооп берилбеген. Минтип айтканга Сатаркул Жангарачевдин улуу байбичеси Салича Өзүбекованын 1959-жылы 11-майда Украина ССРинин прокурорунан келген катка Кыргыз ССР коопсуздук комитетинин кызматкерине берген жообу тастыктайт:

"Мен Чалбасыда 1933-жылдан 1944-жылга чейин жашадым. Менин күйөөм Сатаркул Жангарачевди 1937-жылбы же 1938-жылбы, так жадымда жок, кармап кетишкен. Ошол боюнча тагдырын билбейм. Күйөөм бай-манаптардан болчу. Кайын атамдын чарбасында революцияга чейин 300-400 кой, 10-12 уй, 12-13 жылкы бар эле. Ал мардикерлерди иштеткенин билбейм. Менин күйөөм революцияга чейин бир нече жыл болуш болуп жүрдү. Ошон үчүн өз чарбасы жок болчу. Революциядан кийин совет өкмөтүнүн түрдүү мекемелеринде иштеди."

Салича байбиче сурак берген кезде Жал жети жылдык мектебинин мугалими Нурдин Сулайманов күбө катары катышат.

Өзбекова Саличанын сөзү да бийлик "эл душманы" деп айыпталгандардын андан кийинки тагдыры тууралуу алардын үй-бүлөлөрүнө эч нерсе айтпаганын жана айтканга татыксыз деп эсептегенин ырастап турат.


Бул ойду Панфилов районундагы Тельман атындагы колхоздо жашаган Сайра Жанузакованын 1959-жылы 3-январда Украина ССРинин пркурорунан келген катка берген жообу да тастыктайт:

"Күйөөм Исак Жанузаков 1938-жылдын март айында РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-беренеси боюнча 10 жылга соттолгон. Соттолгонго чейин 1931-жылдан тарта Чалбасы кыштагында жашады. Быйыл, 1959-жылы, сиздердин райондук бөлүмүңүздөрдөн эримдин өлгөнүн тастыктаган күбөлүк алдым. Анда күйөөм колонияда жүрүп, 1944-жылы өлгөнү айтылат. Күйөөм Исак Жанузаковдун өздүк делосун суратып алып, ал туура соттолгонун териштирип көрүүңүздү Сизден өтүнөм. Эгер күйөөм натуура соттолсо, акталсын. Жообунузду күтөм. Күйөөм соттолгонго чейин Чалбасы кыштагындагы райпромкомбинатта кампачы болуп иштеген."

Ал кездеги Фрунзе облусунан жазылган ушул кат Украинага жеткенден кийин, прокуратура Исак Жанузаков тууралуу маалымат бергенден алдың, аны менен 1930-жылдары Чалбасыда чогуу иштеген адамдарды таап, аларды күбөлөрдүн катышуусунда суракка алат. Ошондо “Новый путь” колхозунда 1934-36-жылдары фельдшер болуп иштеген Кондратий Тимофеевич Богдандын көргөзмөсү:

"Кыргыздардын чарбасын комендатура жетектечү жана артелге Чалбасы кыштагынын элинен эч ким жумушка алынчу эмес. Жангарачев Сатаркулду билчүмүн. Бирок ал эмне жумуш кылганы эсимде жок. Анын кылмыштуу иштери тууралуу мен эч нерсе билбеймин. Менин бир айтарым: кыргыздар жумушка аябай жаман мамиле кылышчу. Колхоздон тоют уурдашчу. Жумушка чыгышчу эмес. Жаман иштешчү. Кыртышты абдан начар пайдаланышчу. Аттарды жана бодо малдарды өтө жаман карашчу. Муну алар чарбага зыян келтирүү максатында жасаганы жөнүндө менде маалыматым жок. Алардын контрреволюциячыл уюму болгону тууралуу эч несе билбейм. Алардан антисоветтик сөздөрдү эшиткен эмесмин.

Бул 72 жаштагы украин карыя Богдандын 1959-жылы 28-мартта коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнө берген көрсөтмөсү. Чалбасылыктарда кыргыздар тууралуу мындай пикирдин болушуна бийлик өзү да күнөөлүү. Себеби, чалбасылык украиндер бир түн ичинде үй-жайынан куулуп чыгып, алардын үйлөрүнө кыргыздар жайгаштырылган. Украиндер ачкачылыктан кырылып жатканда, жаңы жердеги жашоосу Сталиндин катуу көзөмөлү астында турган келгин – кулактар азык-түлүк менен үзбөй камсыздалып турган.

Виноградово кыштагын 58 жаштагы тургуну Прасковья Ивановна Тищенко да кыргыздар иштеген “Новый путь” колхозуна жергиликтүү адамдар жумушка алынбаганын 1958-жылы мартта ырастайт. Ал бирок Богдан карыядан айрымаланып, кыргыз колхоз Скадовск районундагы орто чарбалардын бири болгонун айтат. Ал эми 1937-1941-жылдары “Новый путь” колхозунда участкалык зоотехник болуп иштеген Яков Иванович Живнукий кыргыздарды мындайча мүнөздөйт:

“Кыргыз улутундагылар адегенде жумушка эмнегедир жаман мамиле кылышты. Анын себебин түшүндүрө албайм. Бирок кыргыздар 1940-жылдан тарта жумушка ак пейилинен мамиле кылчу болушкан.”

Украиндерден айрымаланып, кыргыздар менен сүргүндүн азап-тозогу менен кыйынчылыгын тең бөлүшкөн кыргызстандык орустар 1959-жылы коопсуздук кызматтарына түшүндүрмө бергенде мекендештери жөнүндө жакшы гана сөздөрдү айтышкан. Аламүдүн кыштагынын тургуну, 68 жаштагы Константин Васильевич Пашковдун сурактагы сөзү:

“Мен Жангарачев Сатаркулду, Жанузаков Исраилди, Байбосунов Арунду, Кадырбаев Абдулазизди, Сатаев Болотту жана башкаларды билчүмүн. Алар менен 1934-жылдан 1937 же 38-жылга чейин бирге иштедик. Мен атын атаган адамдардын баары колхоздо башка колхозчулардай эле чын дилинен эмгектенишкен жана алардын бири дагы совет мамлекетине каршы акаарат сөз айткан эмес. Алардын ишине байланыштуу мен суракка чакырылбаганымды жакшы билем.”

Буга удаа эле Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы Кыргызстандын коопсуздук кызматына кат жолдоп, Исраил Жанузаков боюнча бар материалдарды сурайт.

Казакстан. КарЛАГ же Караганды облусундагы эмгек түзөтүү лагеринтн ордундагы музейден бир көрүнүш. КарЛАГ 1930-59-жылдары СССРдеги "эл душмандары" камалган чоң түрмөлөрдүн бири болгон. 18-май 2013

Казакстан. КарЛАГ же Караганды облусундагы эмгек түзөтүү лагеринтн ордундагы музейден бир көрүнүш. КарЛАГ 1930-59-жылдары СССРдеги "эл душмандары" камалган чоң түрмөлөрдүн бири болгон. 18-май 2013

Кыргыз ССРинин Борбордук Мамлекеттик архиви 1959-жылы 7-апрелде республиканын коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнө жөнөткөн жашыруун маалымат:

“Караколдогу чек ара комендатурасынын фондунда гражданин Исраил Жанузаковдун 1933-жылдын 1-июлунда чек арадан 100 чакырым ичкериде маң заттарын аткез кылып жүрүп кармалганы жөнүндө документ бар.”

Бул Сталиндин репрессия жылдарында жазыксыз жерден эл душманы деп айыпталып атылган адамдарды актоо өнөктүгү жүрүп жаткан кез болчу. Ошондуктан, Кыргыз ССРинин Борбордук Мамлекеттик архиви Украинанын прокуратурасынан келген каттардын негизинде Аламүдүн районунун Канай кыштагынан сүргүнгө айдалган Султанов Жапан же (Жапар), Сталин районунан Кызыл-Туу айылынан 1932-жылы сүргүнгө айдалган Аширов Ниязалы жөнүндө да маалыматтарды берет. Эң кызыгы, архивдик материалдар боюнча, 1930-жылдары Кыргызстанда Сталин атындагы эки район болуп, бири Нарында, экинчиси Чүй койнунда экен. Ошондой эле Кызыл-Туу деген да бир нече айыл болуптур.

Ушунтип, Кыргызстандын Борбордук архивинен келген жана НКВДнын тройкасынын айыптоо документтеринин негизинде Херсон облустук прокурорунун орун басары, юстициянын советниги Голубенко 1959-жылы 2-июлда мындай токтом чыгарат:

“Николаев облустук НКВДсынын алдындагы тройканын токтому күчүндө калтырылсын. Сайра Жанузаковнанын арызы канааттандырылбасын. Бул жөнүндө ага маалымдалсын.”

Прокуратуранын мындай чечимине Херсон облустук сотунун президиуму ошол замат протест билдирген. Ага карабай, Жанузаков жана башка кыргызстандыктар акталбайт. Прокурорлордун эл душмандары тууралуу көз карашын өзгөртүп, алар акталыш үчүн дагы 11 жыл керек болду. 1970-жылдын 27-августунда Херсон облустук соту 32 жыл мурда атылган жарандарды:
1. Жангарачев Сатаркул
2. Кондубаев Сагын
3. Сатаев Бапай
4. Кыдырбаев Абдулазиз
5. Байбосунов Кожогул
6. Аширов Ниязалы
7. Бактыгулов Бейше
8. Жанузаков Исак
9. Султанов Жапания

ошондой эле 10 жылдан эмгек түзөтүү лагерине кесилген Жанузаков Исраил менен Байбосунов Арун акталсын деп токтом чыгарат. 1938-жылы 3-апрелде НКВДнын тройкасынын чечими менен атылган тогуз адамды жана эмгек түзөтүү лагерине кесилген эки адамды актоого Т. Богдан, Я.И. Живицкий, К. Пашков жана башкалар 1959-жылы берген көрсөтмө негиз болот. Ага таянып, Херсон облустук сотунун президиуму 1934-жылдан тарта чын дилден эмгектенген жана алардын бири да совет бийлигине каршы сүйлөгөн эмес деген тыянак чыгырат жана аларды ак, күнөөсүз деп табат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG