Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Херсондо атылган кыргыздар


"Эл душманы" деп айыпталгандардын түнкү саат туура 12де атылганын күбөлөгөн дүмүрчөк. Херсон,1938-жыл

"Эл душманы" деп айыпталгандардын түнкү саат туура 12де атылганын күбөлөгөн дүмүрчөк. Херсон,1938-жыл

1938-жылы 3-апрелде Украинанын Николаев облустук тройкасынын чечими менен Таврия жеринде сүргүндө жүргөн 9 кыргыз атылат.

НКВД тузагы

Алар колхоздоштуруу өнөктүгү кезде "кулак" деп айыпталып, Херсон жеринде сүргүндө жүрүп, кайра Сталиндин "эл душмандарынын" көзүн тазалоо саясатына кабылып, экинчи ирет жалгама фактылардын негизинде айыпталган кыргызстандыктардын бир канаты.

Атылгандардын тизмеси:

1. Аширов Ниязалы, 52 жашта
2. Байбосунов Кожогул, 37 жашта
3. Бактыгулов Бейше, 49 жашта
4. Жангарачев Сатаркул, 50 жашта
5. Жанузаков Исак, 32 жашта
6. Кондубаев (Кондулаев) Сагын, 42 жашта
7. Кадырбаев Абдулазиз, 35 жашта
8. Сатаев Бапай, 41 жашта
9. Султанов Жапар (Жапания), 41 жашта

Ал эми 27 жаштагы Жанузаков Исраил 10 жылга,
31 жаштагы Байбосунов Арун 5 жылга эмгек түзөтүү лагерине кесилет.

Тройкага республикалык же облустук НКВДнын акими төрагалык кылып, жергиликтүү прокурор жана ВКП(б)нын республикалык же облустук комитетинин 1-секретары анын мүчөлөрү болгон. СССР ички иштер комиссары Ежов 1937-жылы 31-июлда кол койгон буйрукка ылайык, бул үчилтикке “антисоветтик элементтерди” тез талкалоо милдети жүктөлгөн. Тапшырманы аткаруу үчүн НКВДнын аппараты ыкчам иштеп, камакка алуулардын жаңы жапырыгы башталат жана сөз башында атаган 11 адам да ошол өнөктүктүн толкуну күчөп турган кезде: 1938-жылы 12-февралда кайра камакка алынат.

Жалаа жана сурак

Украинага “кулак” деп айыпталып барып, башы кайра баталгага кабылган эр азаматтардын жазыгы эмне эле?

Тергөөчү жазган справкага ишенсек, алар 1934-жылы Скадовск районундагы Чалбасы кыштагындагы “Новый путь” колхозун кыйратууну өздөрүнө максат кылып коюшат. Ал үчүн колхозчуларды Ата Журтуна топ-тобу менен качырып, артель мүчөлөрүн жумушка чыкпаганга үндөшүп, түшүмдү өз маалында жыйнатпай, ысырапкорчулукка жол беришкен. Тоют даярдоону үзгүлтүккө учуратып, колхоздун малын маалында сугарып, жем-чөп бербей, чыгымга кириптер кылган. Натыйжада, 1934-жылы 36 жылкы, 47 уй, 531 кой жана 65 чочко арыктап, көтөрүм болуп өлгөн. Бруцеллёз менен ооруган уйларды бөлдүрүп каратпай, анын кесепетинен 61 баш бодо мал ылаңдайт.

Эмнегедир колхоздун зоотехниги жоопко тартылган эмес. Тескерисинче, ал Сатаркул Жангарачев баштаган бир топ адамды каралап, көргөзмө берген.

Херсон шаарындагы Эски көрүстөндүн дал ушул бөлүгүндө Сатаркул жангарачев жана башка тогуз кыргыз көмүлгөн. 6-апрель 2013-жыл

Херсон шаарындагы Эски көрүстөндүн дал ушул бөлүгүндө Сатаркул жангарачев жана башка тогуз кыргыз көмүлгөн. 6-апрель 2013-жыл

Чарбага чыгым келтирди деген айыптоолорго ынанган учурда да Жангарачев башындагы топтогуларга коюлган саясий айыпка ишенүү кыйын. Себеби справкада алар “бай-манаптык тартипти орнотуп, уруучулук сезимди күчөтүү максатында колхоз мүчөлөрү арасында уруучулук жек көрүүчүлүктү козуткан” деп, ала жип менен тигилген сабатсыз жана акылга сыйбас бүтүм жасалат жана дагы ар үч адамга бирден жашыруун бакан ооз коюлуп, бирин экинчисине тукурган шартта бийликке каршы акыл-эси тайкы бирөө барбаса, куру жалаа менен айдалып келген адамдардын даап барарына ишенүү кыйын.

Контрреволюциячыл мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн аларда өз кассасы да болуптур. Бирок кассада канча акча болгону көрсөтүлбөйт. Антиөкмөттүк чагымчыл иштердин баары жана уюмга жаңы мүчөлөрдү жалдоо Сатаркул Жангарачевдин көрсөтмөсү жана түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлөт.

“Бөйрөктөн шыйрак чыгарган” айыптоо

Сатаркул Жангарачевди
суракка алганда тергөөчүнүн колунда анын өмүр таржымалы тууралуу мына бу справка болгон: “Сатаркул Жангарачев Чүйдөгү солто уруусунан чыккан атактуу манап Жангарач Эшкожо уулунун небереси. 1888-жылы 23-майда Аламүдүн районундагы Жыламыш айылында туулган. Кесиби боюнча орусча жаза билген тилмеч. 1918-жылдан 1922-жылга чейин ВКП(б)нын мүчөсү. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 1928-жылы 2 жылга жана 1936-жылы 1,5 жылга соттолгон. Аялы Бүбүна 1912-жылы туулган. Уулу Кемел 1923-жылы туулган. Үчүнчү жолу камакка алынганга чейин Чалбасыдагы артелде завхоз болуп иштеген. “Эркин жүрсө, тергөөгө жолтоо кылат” деген жүйө менен Херсон шаарындагы түрмөдө кармалган. Тергөөчүнүн 1937-жылдын 24-февралдагы справкасында манаптын тукуму Сатаркул Жангарачев 1916-жылы чоң атасынын ысымындагы Жангарач болуштугун башкарганы, чоң атасы өз кезинде хан болгону айтылат.



Акыркы сөз Сатаркул Жангарачевди Сталиндин таптык күрөш жөнүндөгү теориясына ылайыктап, жарга такоо үчүн жазылганын аны менен кошо атылып кеткен башка адамдарга тергөөчү берген суроолор ачык көрсөтүп турат.

Андан тышкары, тергөөчү: “1916-жылы падышалык өкмөт согушка баруудан баш тарткан кыргыздарды аттырганда, сиздин көргөзмөңүз боюнча 700дөй адам атылган. Сиз ошондо элди атууга кантип катышканыңызды айтып бериңиз?”-деп сурайт.

Сатаркул Жангарачев аны болуш кылып, 1915-жылы эл шайлаганын айтып: “1916-жылы Жангарач болуштугунда падышалык өкмөт элди атпаган жана камакка алган эмес. Аны Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссарлыгынын архиви тастыктай алат”, – деп жооп берет.

Тергөөчү “1918-жылкы Ак-Суудагы совет өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө катышканыңыз жана аны жетектегениңиз жөнүндө айтып бериңиз” дегенде:

- 1918-жылы совет өкмөтүнө каршы Ак-Суудагы көтөрүлүшкө орустар менен александровкалык дунгандар чыккан. Мен аны басканга катышкам. Бул жөнүндө Пишпек полкунун комиссары Живакин С. Д (Жилкин) билет. Ал 1931-жылы Кыргыз АССР борбордук аткаруу комитетинин төрага орун басары 1936-жылы Оренбург шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 1918-жылы Пишпек шаардык солдат, жумушчу депутаттар кеңешинин төрагасы болгон Швец-Базарный да билет муну.

Тергөөчү Сатаркул Жангарачевди басмачыларга азык-түлүктөн жардамдашкансыз, Төрөкул Жанузаков менен байланышта болгонсуз деп айыптаганда, ал мындай жооп кайтарат:

-1919-жылы Төрөкул Жанузаков Жети-Суу облусундагы качкындарды жайгаштыруу боюнча Түркстан борбордук аткаруу комитетинин өзгөчө комиссиясынын төрагасы болгон. Мен анын талабы боюнча РКПБнын Пишпек уюмунун өзгөчө комитетине жиберилип, Пишпек уезди боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштегем. Аны менен башка байланышпадым.

Сатаркул Жангарачев ошондой эле эч кандай топко кошулбаганын, анысын Мамлекеттик саясий башкармалыктын кыргыз бөлүгүнүн жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери ырастай алат деп, алардын ысымдарын атайт. Ошондой эле Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссариатынан өзү камалганга чейинки документтерди сурап алууну өтүнүп, сурак протоколуна кол тамгасын коёт.

Белгилей кетели, Жангарачев тергөө учурунда ага коюлган айыптардын бирине да макул болбойт жана аларды негиздүү жүйөлөрдү айтып четке кагат. Ал киши орусча мыкты билгендиктен башка адамдардан айырмаланып, тергөөчү менен котормочусуз сүйлөшкөн.

Анан да суракта берилген суроолор канчалык бири-бирине окшош болсо, күбөгө тартылган адамдар берген көрсөтмөлөр ошончолук бири-бирине куюп койгондой окшош. Мунун өзү коркутуунун, уруп-сабоонун күчү менен өз жакындарын каралаганга мажбур болгондор алдын-ала даярдалган сөздөрдү айтышкан деп бүтүм жасаганга аргасыз кылат.

Жазмыш айдап күбө өткөн адамдардын сөзүнө караганда, Сатаркул Жангарачев контрреволюциячыл кулактардын бузуку тобун оболу 1934-жылы түзүп, анын жетекчилигине балыкчылык Куту Сагынаев жана фрунзелик Василий Бордо да кирет. Кийинчерээк бул топко ага инилер Кожогул жана Арун Байбосуновдор, Бейше Бактыгулов - баары Кегетиден; Чоң-Сары-Ойдон Акмат Бекбашев, Кайыңдынын Күрпүлдөгүнөн ага-инилер Исраил жана Исак Жанузаковдор, сокулуктук Бопой Сатаев, алардан башка Мамыталы Кошоев, Егорь Демиденко, Ишанкул Ишанбеков, Шапак Султанов жана башкалар кошулат.

Дагы бир көңүл бурчу жагдай: кыргыздардын урууларга бөлүнүүсүн НКВДнын херсондук чекисттери да ийгиликтүү колдонушкан. Атап айтканда, Чалбасыдагы кыргыздар солто, саяк, сарбагыш жана бугу урууларынан экенин кыргыз күбөлөрдү кой, колхоздун агротехниги Степан Бадягин да кыргыз күбө менен беттештирген кезде эскичилдиктин далили катары санап берет. Айыптоочу күбө катары кыргыздар менен орустардан башка өзбекстандык Яхил Ахмедовду да көрсөтмө берүүгө мажбурлаган.

Боордоштор көрүстөнү

Ошентип жалган жалаанын негизинде Сатаркул Жангарачев башындагы тогуз адам алардан кийин тындым болгон кыргыз, өзбек, орус, түркмөн жана башкалар сыяктуу эле Херсон шаардык түрмөсүндө атылган.

Херсондук край таануучу Сергей Дяченконун изилдөөсүнө караганда:

Херсондук край таануучу Сергей Дяченко. 4-июнь 2013

Херсондук край таануучу Сергей Дяченко. 4-июнь 2013

- Эл душманы деп айыпталгандарды Перекоп көчөсүндөгү Арсеналдын имаратында жайгашкан түрмөнүн өзүндө атышкан. Бул азыркы Чекисттер көчөсүнүн бурчу. Көчө тегин жерден минтип аталбаса керек. Азыр ал жерде Украинанын улуттук коопсуздук кызматы жайгашкан. Мурда Арсеналдын арт жагында НКВДнын дагы бир түрмөсү болсо, азыр Херсондун түрмөсү жана иши тергелген адамдар кармалчу изолятор. (Менин оюмча, бардык окуялар дал ушул участкада болгон).

Эл душманы катары тройка атууга өкүм кылган адамдардын көзү түн ортосунда тазаланганын архивдик материалдар күбөлөп турат. Жасаттар эл көрбөс үчүн караңгы түндө бир кенен аңга көмүлгөн.

- Атылган адамдар Боордоштор көрүстөнүнө көмүлгөн. Эч ким көрбөшү үчүн аларды түн ичинде көмүшкөн. Машине өлүктөрдү алып келип, баарын даяр турган чуңкурларга оодара салып, топурактап салышкан. Андай чуңкурларга эч кандай белги, же кресть коюлган эмес. Ошон үчүн поляктар генерал Мариуш Заруский көмүлгөн жайды издеп, аны таппай коюшкан. Шаарда НКВД аткан адамдар көмүлгөн бир нече Боордоштор көрүстөнү болгон. Молодежная жана Триспольский көчөлөрүнүн бурчундагы бир гана участок белгилүү. Азыр ал жерде “Фреш” деп аталган супермаркет турат. Бул участок шаардын эски көрүстөнүнө кирет.

Сергей Дьяченко айткандай, Совет өкмөтү "эл душманы" деп атылган жарандары кийин "жазыксыз соттолгон" деп акталгандарына карабай аларга эстелик койгон эмес. Эгемен Украинанын өкмөтү да андай кадамга чыгына албай жүрөт. Бирок Сталиндик репрессия жылдары жазыксыз атылган генерал Мариуш Зарускийге Польша өкмөтүнүн демилгеси менен беш жыл илгери эстелик орнотулган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG