Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

10 -15 жыл мурун миграцияга кеткен жарандардын биринчи толкуну Кыргызстанга кайтып, аларды пенсия менен камсыз кылуу маселеси баш ооруга айланды. Ошол эле маалда пенсия үчүн орус жарандыгын алган мигранттар да бар.

Он жылдан бери Орусияда иштеп, эми эмгекке жарамдуу курактан өтүп калган Айжан Токтосопиева бакубат карылыкты Кыргызстанда, балдарынын кашында өткөрүүнү кыялданат. Орусияда тапкан-ташыганын мекенине жөнөткөн мигрант эми күч-кубаттан тайган кезде бир гана мамлекеттик пенсияга үмүт артарын жашырбады:

- Расмий түрдө бир да жерде иштеген жокмун. Иш табылган жерде эртели-кеч жууп-тазалоо менен алекмин. Эки-үч жерде иштеп, 30 миң рублдей акча алам. Тапканымды Кыргызстандагы балдарыма жөнөтөм. Эми кетейин деп турам. Бул жакта өзүңдүн үй-жайың жок болсо карыганда ишсиз жашай албайсың. Кыргызстанда аз болсо да пенсия алып, ошого жашайм деген үмүт бар.

Маектешибиз миңдеген мекендештер сыяктуу эле Орусияда расмий түрдө иштеп, тийиштүү социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөгөн эмес. Мындай мыйзамсыз иштеген мигранттардан ортодо жумуш берүүчү эле пайда таап, өз капчыгын кампайткан.

Пенсия үчүн орус жарандыгын алгандар

Мекендештер арасында бакубат карылык үчүн орус жарандыгын алууну чечкендер дагы аз эмес. Анаркан Кулунбетова орус паспортун татыктуу маяна жана андан кийин пенсия алуу максатында алганын жашырбайт.

- Чындыгында орус жарандыгын пенсия үчүн алгам. Анткени, Кыргызстан менен Орусиянын пенсиясынын айырмасы чоң. Мен Кыргызстанда айына 3 миң сом пенсия алмакмын, Орусияда болсо кийинки жылдан баштап 12 миң рубль алам. Карыганда ооруканага барып дарыланасың, күнүмдүк жашооңо дагы акча керек. Бул жакта тогуз жыл расмий иштедим, Кыргызстанда болсо 20 жыл мугалим болуп иштегем. Ага карабай бул жакта орточо пенсияга чыктым. Ачык айтканда, мен курактуу аялдардын баары эле пенсия үчүн орус жарандыгын алып жатышпайбы.

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4753 сом. Пенсиянын базалык бөлүгүн – 1500 сомду мамлекет каржылайт, калган бөлүгү жарандын эмгек тажрыйбасына жана социалдык фондго төлөгөнүнө жараша чектелет.

Москвадагы мигрант келин

Москвадагы мигрант келин

Социалдык фонддун мурдагы башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев четтеги мигранттар Кыргызстанда пенсия алуу үчүн өз ыктыяры менен Социалдык фондго үзгүлтүксүз төлөм төгүп турушу керектигин белгилейт.

- Чет жактагы жарандарыбызды пенсия менен камсыздоо боюнча атайын мыйзамдар каралган. Биринчиден, жарандын айылда жер үлүшү бар болсо, жерге төлөнгөн салыктар боюнча пенсия алууга документ тапшырса болот. Экинчиден, мигранттар өз эрки менен ай сайын орто эсеп менен айлыгынын 8% Социалдык фондго төгүп турса болот. Кийин бул төлөмдөрдүн эсебинен пенсия чегерилип берилет. Мисалы, Орусияда иштеген айрым мигранттарыбыз социалдык камсыздандыруунун жеке идентификациялык номуру (ИНН) менен пенсиялык фондго банктар аркылуу социалдык төлөмдөрдү которууда. Мындай которуулар жөнүндө бизде толук маалымат сакталат, ал эми которулган акчалар көбөйөт. Кийин бул социалдык төлөмдөрдүн эсебинен мигранттар пенсияга чыга алат.

Абылгазиевдин айтканы боюнча, учурда Орусияда иштеген 62 миң кыргызстандык мигрант өз ыктыяры менен социалдык төлөмдөрдү пенсиялык фондго которуп келет.

Мигранттын акчасын эле эмес, келечегин да ойлош керек

“Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев мигранттардын пенсия маселеси өлкөдө көптөн бери көтөрүлүп, бирок өкмөт чечкиндүү кадам жасабаганын сындайт.

10 -15 жыл мурун миграцияга кеткен жарандардын биринчи толкуну кайтып, эми аларды пенсия менен камсыз кылуу Пенсиялык фондго жүктөлүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөнүн өзүндө эле 605 миң пенсионер бар. Ага кошумча жыл өткөн сайын иштегендердин саны азайып, улгайгандар саны көбөйүүдө.

Орусиядагы миграциялык борбор

Орусиядагы миграциялык борбор

- Сыртта жүргөн мекендештердин акча которууларын эле эсептебей, мамлекет алардын келечегин дагы ойлошу керек. Мекендештерибиз кошумча төлөмдөрдөн качкан жок. Бул маселе жылда көтөрүлүп келет, бирок чечкиндүү иш-чаралар көрүлө элек. Анан азыр биринчи агымда сыртка кеткен мекендештер кайта баштады. Коомчулукта социалдык жарылуу болбошу үчүн мамлекет аларды пенсия менен камсыздоону көзөмөлгө алышы керек.

Айтбаев өкмөттүн акыркы кезде мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдогонун жаңылыштык деп эсептейт. Ал мунун айынан мигранттар акчасын Орусиядагы ушундай фонддорго сактап, мамлекеттин социалдык фондуна акча которуу азаят деген пикирде.

Ал эми учурда Орусияда иштеген, пенсияга жашы жети элек жарандар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлүп жаткан долбоордун негизинде пенсиялуу болууга үмүттөнүшөт.

Уюмдун бул келишими боюнча мигранттарга пенсиянын базалык бөлүгүн жарандын өз өлкөсү, ал эми топтолмо бөлүгүн жаран иштеген өлкө төлөйт.

Евразиялык экономикалык комиссиянын экономика жана финансылык саясат министри Тимур Сулейменов жаңы долбоордун артыкчылыгын мындай түшүндүрөт:

- Жаңы долбоордун алкагында Евразия экономикалык биримдигиндеги ар бир өлкөнүн негизги пенсия боюнча улуттук саясаты сакталат. Долбоор өлкөлөрдөгү пенсиялык курактын талаптарын өзгөртүп, жеңилдиктерге чектөө киргизбейт. Бир гана союздун ичинде жарандарга иштеген өлкөсүндө да кошумча пенсия чегерилип, жарандар пенсияны каалаган мамлекетинде алалышат.

Кыргызстан менен Казакстанда аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан эс алууга чыкса, Арменияда пенсия курагы аял-эркектерге бирдей 63 жаш. Ал эми Орусия менен Беларуста эс алуу чыгуу курагы аялдарга 55, эркектерге 60 жаш.

Пенсиянын орточо өлчөмү Орусия, Беларус жана Казакстанда 150-170 долларды, Кыргызстан менен Арменияда 70-80 долларды түзөт.

Евразиялык комиссиянын пенсия боюнча долбоору 2017-жылы ишке ашып калса, пенсия алуу үчүн биримдиктеги өлкөлөрдө иштеген мигранттар эмгек келишими менен мыйзамдуу ишке орношуп, тийиштүү социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды иштеген жеринде төлөөгө тийиш.

Кыргызстандыктардын Казакстан менен Орусияга иш издеп, агыла башташы өткөн кылымдын 90-жылдарына туш келет. Алгачкы жылдары чет өлкөгө кеткен мигранттар саны 300-400 миңдеп саналса, бүгүнкү күндө бир гана Орусияда 600 миңге чукул мекендешибиз эмгектенип, дагы 580 миңден ашууну Орусиянын жарандыгын алышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG