Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги кыргыз диаспоралары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Миграция кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов иш сапардын алгачкы жыйынтыктары, миграция жаатында алты айдан бери эмне иштер аткарылгандыгы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Кыргызстандын миграциялык кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов орус тарап менен сүйлөшүүлөрдө эки көйгөйлүү маселе - кыргызстандыктарды “кара тизмеден” чыгаруу жана жашаган жерине каттоого туруу талабын жеңилдетүү маселелери каралганын айтты.

Ушу тапта расмий маалыматка ылайык, 119 миң кыргызстандык жаран Орусияда мыйзам бузган делип, өлкөгө кире албай “кара тизмеге” алынган.

- Орусиянын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой жана министрликтин миграция боюнча башчысы Ольга Кирилова биздин сунуштарды талкуулай тургандыктарын айтып, жакынкы арада чечим чыгарышарын билдиришти. Ошондой эле орус тарап кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды.

Кыргызстан мурунку жоюлуп кеткен Федералдык миграция кызматы менен жетишилген келишимдерди кайрадан жандандырууга басым жасоодо. Анткени Орусияда ал кызмат бир ай мурун жоюлуп, анын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөндүктөн мындай муктаждык жаралганын Адылов төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Биздин жарандар “кара тизмеден” 2015-жылы 19-июнда Санкт-Петербург шаарында эки мамлекет жетекчилеринин ортосундагы макулдашуулардын негизинде чыгарылып келген. Биз дагы ошол макулдашууга таянып, мыйзам бузуулар үчүн Орусиядан үч жылга чыгарылган жарандардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Үч жылдык мөөнөттүн жарымы өткөн жарандарга кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берүүнү суранып жатабыз. Иш оңунан чыгат деп турабыз, бирок канча жаран “кара тизмеден” чыгарыларын кийин факт түрүндө гана айта алабыз.

Орусия

Орусия

Орусиядагы кыргыз диаспоралары мигранттарга маалыматтык жана укуктук колдоо көрсөтө турган мамлекеттик миграция өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылдыгын 3-4 жылдан бери көтөрүп келишкен. Адылов бул маселе чечилип калганына токтолду.

- Айлык маяналары, жайгашуучу жерлери сыяктуу бардык керектүү уюштуруучулук иштер бүткөрүлдү. Болгону өкүлчүлүктү мамлекеттик кызмат реестрине каттап, атайын статус алуу иши эле калды. Биздин өкүлчүлүктөрдүн расмий түрдө иш башташына ушул эле тоскоол болууда. Албетте, бул биздин токтомдордун сапаттуу даярдалышына жараша болот жана президенттин буйругу менен эле бүтчү маселе. Жалпысынан Орусияга миграциялык кызматтын тогуз адисин жөнөтүү пландалган. Алардын төрт-бешөө Москва шаарында жана Москва облусунда, калгандары Санкт-Петербург, Сахалин, Красноярск шаарларында кызмат кылышат.

Учурда Орусияда 563 миң, Казакстанда 110 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, Түркияда 8 миң жана Европа өлкөлөрүндө жалпысынан 30 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет. Адыловдун белгилешинче, ар бир өлкөдө мигранттар үчүн түзүлгөн шарттар ар кыл.

- Түштүк Кореяда иштөөнүн бир топ тартиптери бар. Алар чет элдик жумушчуларга чектөө коюшат. Атайын сынактан өткөрүп, сүрөттөрүнө чейин карап, дене-боюн, саламаттыгын текшерип, жумуш берүүчү өзү тандап алат. Анан ал жиберген чакыруунун негизинде биздин жарандар ишке кетип жатышат. Биздин анализдер боюнча мигранттар айына 2,5 миң доллардан 4 миң долларга чейин айлык акы алышат. Балким, ушундан улам алар жумушчуларга катуу талаптарды коюшат.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлгандан кийин анын ордуна түзүлгөн Мамлекеттик миграция кызматы былтыр ноябрда ишке кирген. Миграция кызматында 48 кызматкер, ага кошумча маалымат-кеңеш берүүчү бөлүмдө 11 адис эмгектенет. Бир жылга жетпеген убакытта Миграция кодекси иштелип чыгып, миграция кызматынын концепция кабыл алынган.

Орусиядагы алгачкы иш сапарында миграция кызматынын жетекчилиги Москвадан тышкары Екатеринбург, Новосибирск жана Красноярск шаарларында кыргыз диаспоралары менен дагы кездешмекчи.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG