Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Миграция: азабы жана акыбети


Миграция айынан жүздөгөн балдар айылдарда ата-эне мээримисиз чоңоюуда.

Миграция айынан жүздөгөн балдар айылдарда ата-эне мээримисиз чоңоюуда.

Эгемендик жылдарындагы ички миграциянын күч алышы эмнеге алып келди?

Кыргызстан эгемендик алган 20 жыл ичинде жумушсуздуктун айынан алгач ички миграция пайда болсо, кийинчерээк иш издеген жарандар сыртка агылып кете баштады.

Миграция азабын тартып, акыбетин көргөндөр

Рангүл Рысбай
кызы эгемендиктин алгачкы жылдарында көпчүлүктүн агымы менен соодага аралашып калат. Жогорку окуу жайды бүткөн менен а кезде көптөгөн завод, фабрикалар иштебей калган болчу. Чоң ишканада иштейм деген кыялы орундалбай, турмуш аны чаар-ала сумканы асынтып базарга жетелеп келди.

- Ал убакта азыркыдай супермаркет, соода борборлору жок. Базарда болсо контейнерлер жок. Товарды күндө алып чыгып жаймай, кечинде өзүбүз ташып алып барабыз. Анда арабалар деле жок эле.

Анткен менен миграциянын эпкини менен турмуш-тирилигин ондоп, үй-жайлуу болгондор да болду. Рангүлдү ошондойлордун катарына кошсо болот.

- Биз менен чогуу окугандардын көбү эле бизнеске аралашып кетишти. Кээлери сыртка чыгып, башка өлкөнүн жарандыгын алышты. Убагында кыйналсак да Кудайга шүгүр, азыр бутка туруп үй-жайлуу болдук. Бирөөгө жардам берсек беребиз, жардам сурабайбыз дегендей...

Утук жана утулуш

Анткен менен элеттен борборго агылгандардын бардыгын эле жакшы турмуш кучак жайып тосуп алган жок. Миграциянын утушу менен бирге утулушу да арбын болду. Жакшысы - эл башкадан күтүп отурбай, өзүнчө тирилик кылганды, акча таап, турмушун жакшыртып, негизгиси эмгек кылганды үйрөндү. Жаманы - ата-эне мээримине муктаж жана мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок, сабатсыз муун пайда болушу.

Маселен Минавар Салижанова азыр алты небереси менен айылда калган. “Балдарым бутуна турсун” деген Минабар апа алты неберенин алты кыялына деле кайыл. Ошентсе да балдардын ата-энесине болгон кусалыгы жанды кыйнаарын жашырган жок. Небере багып өздөрү гана калган чоң ата - чоң энелерди ар бир айылдан издебей эле тапса болот. Эксперттер болсо дээрлик ар бир экинчи үйдө балдарын таштап, иш издеп кеткен үй-бүлө мүчөлөрү бар экенин айтышат.

Бобор Азиядагы Америка университетинин онтропология кафедрасы 2008-2009-жылдары ички миграциянын абалы жана анын кесепеттери туурасында өзүнүн иликтөөсүн жүргүзгөн. Ага ылайык, мамлекеттик саясат тышкы миграцияга көбүрөөк көнүл буруп, ички миграция көңүл сыртында калган. Бул тууралуу аталган кафедранын доцентинин милдетин аткаруучу Эмил Насретдиновду угалы:

- Айрым жакыр райондордо тышкыга караганда ички миграция көбүрөөк роль ойнойт. Мисалы Баткенде ички миграция 60% түзөт. Алар Бишкек жана Чүй облусуна көчүп келишкен. Ал эми облустан кеткендердин 7% Орусияга, 3% Казакстанга, дагы калгандары жака-белдеги айылдарга кетишкендер. Биздин иликтөөлөргө караганда, чет өлкөгө кеткендердин көбү турмуш кура элек жаштар. Кыргызстандын ички аймактарынан иш издегендердин көбү үй-бүлөлүүлөр.

Билимсиз муун

Эмил Насретдиновдун айтымында, Бишкекке иштегени келген жарандардын көбү бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушат. Алар социалдык пособие, пенсияларын ала алышпайт, каттоосу жок болгондон кийин балдарын мектепке, бала бакчага берүү кыйын. Ошондой эле дарылануу жагынан да маселе чыгат. Ошентип эгемен жалдардын учурунда мектепке барбаган, окубаган, сабатсыз муун пайда болду. Мындай балдар үй-шартына жараша окууну таштап коюп базарларда, талааларда иштөөгө мажбур.

Ошондой балдардын айрымдарына жолуктук:

- Менин апам ооруйт. Жети айлык баласы да бар. Ал да ооруп укол алып атат. Мен нанга акча таап барышым керек.

- Мен “Дордойдо” коробка терем. Бул жере кичинекей балдарын көтөрүп келип терип кеткендер да, селсаяктар да жүрөт. Кээде биздин аймактан тербе деп урушушат.

Окубай калган балдардын саны Билим берүү жана илим минисрлигинин маалыматы боюнча 3 миңге чукул болсо, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар алардын саны 40 миңден ашуун экенин белгилешет. Окубаган балдардын көбөйүшүнө да ички миграция таасирин тийгизди. Анткени жер которуп көчүп келгендердин көбүнүн документтери, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

Бул тууралуу “Балдарды коргоо уюмунун” социалдык кызматкери Закия Окенаева мындай дейт:

- Биздин эле изилдөөбүз боюнча, 55 баланын күбөлүгү жок. Ушул мектепке киргизүүдө абдан тоскоол болот. Документтин жоктугунан эле көп бала мектепте окубай калып атат. Окуган балдардын деле ата-энелери кечке иштейт же ар кандай убактарда иштейт. Балдарына көңүл бурганга убакыт жок. Балдар мектепте мугалим жана чогуу окуган балдар менен сөз табышып, сүйлөшүп кете алышпайт. Ошентип билимсиз балдар пайда болот.

Ошентип шаар чоңойгондон чоңойюп, калкы көбөйүп ар кандай жаңы конуштар пайда болду. Бишкектин калкы 1989-жылы 600 миңден ашуун болсо, 2009-жылы бул сан дээрлик эки эсеге өстү. Шаар мэри Иса Өмүркулов “Азаттыкка” ырастагандай, ички миграциянын эсебинен бүгүнкү күндө Бишкекте кеминде 1 млн. 300 миң адам жашайт. Алардын 300 миңинин каттоосу жок. Ал эми элетте жалаң эле кары-картаңдаңдар менен балдар калганын элет тургундары өздөрү да ырасташууда.

- “Элет өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт” деп коёт элибизде. Элеттиктер мамлекеттин керегеси. Кереге болбосо боз үй тура албайт. Бийлик айыл жергесинде жашагандарга жакшылап көңүл бурбаса элдин тагдыры кыйындап баратат. Бизде ички миграция, тышкы миграция деген өсүп кетти. Айылда 50 жаштан жогоркулар барбыз, ага чейинкилер кеткен. Чалдар менен балдар эле калды дегендей. Жаштарга жумуш жок. Анан алар чет өлкөгө, же шаарга кетип атышат. Аларды алаксытып кала турган нерсе таппай калдык - дейт Ош облусунун алыскы Алайкуу районунун тургуну Сатыбалды Кыдырмашев.

Ошентип азыр ички жана жылма миграцияны токтотуу максатында айрым аймактарга өзгөчө макам берип, шарт түзүү зарылдыгын эксперттер белгилеп келишет. Бул маселени президент Роза Отунбаева баш болгон айрым мамлекет жетекчилери да көтөргөнү бар. Ал эми мындай демилгелер эгемендиктин 20 жылында топтолгон бул маселени жоё алабы, жокпу мезгил көрсөтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG