Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

"Ата-Бейит": тарыхтын өлбөс чындыгы


"Ата-Бейит". 2014-жыл.
"Ата-Бейит". 2014-жыл.

Ушул күндөрү Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилүүдө. Тарыхый маалыматтарда 1938-жылы кыргыз интеллигенциясынын 137 өкүлүнөн тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык атылган.

1938-жылы ушул күндөрү кыргыздын чыгаан уулдары, агартуучулары, элдин эркиндиги үчүн тайманбай күрөшкөн атуулдары сталиндик репрессияга тушугуп, атылып, алардын сөөгү Бишкектин жогорку тарабындагы Чоң-Таш айылынын жанындагы бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Маркумдардын сөөгү андан элүү үч жылдан соң табылып, 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай ошондон тарта «Ата-Бейит» деп аталып калган.

Бүгүн ошол кайгылуу күндү эскерүү үчүн барган 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев репрессия курмандыктарынын элеси кылымдарга жашай турганын айтты:

- Бүгүн мындан 76 жыл мурун эркиндикти эңсеп, окко учкан аталарыбызды эскерүү күнү. Биз мына мамлекеттүүлүк жылы дейбиз, бүгүн мамлекеттүүлүк жылын белгилей турган эң негизги күн. Мамлекетибиз эркин, бекем болсун десек, тарыхты унутпашыбыз керек.

Соңку жылдары бул тарыхый датаны көбүнесе жарандык коом гана эскерип, кыргыз бийликтери буга анча маани бербегени үчүн сынга алынып келген. Бирок бул ирет “Ата-Бейитке” баргандардын саны жүздөн ашты, гүл коюп, куран окуп жүргөн жаштарды да кезиктирүүгө болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул каргашалуу тарых ар бир кыргыздын эсинде болушу керектигин белгилеп өттү:

- Алардын баары алгачкы агартуучулар эле, алардын баары биринчи гезитти чыгарышкан, мектеп ачкан, кыргыз эли көкүрөгү тунук, көрөгөч эл болсун дешкен. Адамды өлтүрсө болот, чындыкты өлтүрө албайт. Алар өлүп баратып да багынган эмес, биз аларды он жылдан кийин, жүз жылдан кийин да эскеребиз. Алардын ар бири ар бир кыргыздын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат деп ойлойм.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова дагы жыл сайын жарандык активисттерди, журналисттерди «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине алып барып, жылына бир жолу болсо да коомчулукка тарыхый чындыкты жеткирүүгө далалат жасап жүрөт. Ал кыргыз бийликтери бул каргашаны эскерүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтууда:

- Биз бул репрессияны айтып турсак, кийинки бийликтерге сабак болот. Бийликтер ушундай репрессияга барбашы үчүн муну унутпашыбыз керек. Мамлекет эскерүү иштерин жогорку деңгээлде уюштуруп, эскерүү кечелерин өткөрүп, керек болсо даректүү тасма тарттырып, аймактарга да көрсөтүшү кажет. Бул трагедияны унутканга биздин акыбыз жок.

Абдирасулова ошол кезде Кыргызстанда эки миллионго жетпеген калк болсо, анын 40 миңдейи кырылган деген маалыматка таянып, муну геноцид деп баалап жүрөт.

1938-жылы сталиндик репрессияга тушуккандар Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов баштаган ж.б. бир катар көрүнүктүү ишмерлер болгон.

Айрым жарандык активисттер кыргыз бийликтери бул окуяны эскерүү үчүн жетиштүү көңүл бөлүп, үн катпаганын азыркы орус бийликтеринен бир аз чочулашат деп сындашкан.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG