Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

"Уятка" каршы токтом искусствону иргейби?


Кинопленка
Кинопленка

Өкмөттүн порнография жана зордук-зомбулукту чагылдырылган аудио жана видео продукцияларга тыюу салган токтому 24-октябрдан тарта иштей баштады. Ага ылайык, "тасмада порнографиялык мазмун бар" деген корутундуну мекемелер аралык комиссия чыгарат. Бирок интернет заманында бул токтомдун ишке ашарынан күмөн санагандар жок эмес.

Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография департаментинин жетекчиси Муктаалы Бектеналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, порнографияга, улут аралык, диний жик салууга, зордук-зомбулукка үгүттөгөн тасмаларга тыюу салуу тууралуу токтом 2001-жылы кабыл алынган “Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде ишке ашат:

- 2001-жылы эле мыйзам чыккан, бирок анын механизмдери ушул убакка чейин жакшы иштебей келген, анткени муктаждык жок болчу. Андай учур эки-үч жылда бир эле болчу. Бирок акыркы жылдары тартылган тасмалардын саны абдан көбөйүп кетти. Ошондой эле чет өлкөдөн келген кинолордун прокаты күчөй баштады, тыюу салынган элементтер камтылган кинолор да келе баштады.

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

Кыргызстанда интернет-сайттардагы порнографиялык кинолорго, видеоклиптерге эч кандай чектөө жок. Андан тышкары “жылаңач баатырлар” тууралуу тасма көргүсү келгендер жашына карабай каалаган жеринен 30 сомдук дискти сатып салса, же порно-сайттарды тоскоолдуксуз эле таап алса болот.

​Бектеналиевдин айтуусунда, тасмаларда порнография, улут аралык жик салуу, зордук-зомбулук элементтери бар-жогун мекемелер аралык атайын эксперттик комиссия аныктайт.

Комиссияга Дин башкармалыгынын, Билим берүү, Ички иштер министрликтеринин жана Коопсуздук комитетинин адистеринен тышкары сексопатологдор, психиатрлар жана психологдор кирет.

- Бардыгы жабылсын, токтотулсун, тыюу салынсын деген эч нерсе жок. Ведомстволор аралык комиссия тасмаларды көрүп чыгып, аларды ким жана канча жашка чейин көрсө болот деген сыяктуу сунуштарын гана берет.

Бирок заманбап технология ар бир адамдын колунда турган бүгүнкү заманда бул токтомдун ишке ашары да күмөн жаратууда. Анткени, токтомдо көрсөтүлгөн мазмундагы тасмалар биринчи кезекте кино аркылуу эмес, Фейсбук, Одноклассники сыяктуу социалдык тармактар аркылуу калктын калың катмарына жайылып жатат. Мындай пикирин жаш режиссер Дастан Жапар уулу билдирди:

- Зордук-зомбулукту көрсөткөн же порнография элементтерин тарткан учурлар кыргыз киносунда чанда эле кездешет, жада калса дээрлик жокко эсе. Андай көрүнүштөр, тескерисинче, жашоодо болуп жатат, телефондорго тартып, Фейсбукка чыгарышууда. Менимче, дал ошол Фейсбук сыяктуу социалдык тармакта болуп жаткан тенденцияны токтото алышпай эле, келип-келип киного негиздеп жатышат.

"Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш
"Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунан бир көрүнүш

Дагы бир режиссер Артыкбай Сүйүндүковдун айтуусунда, аталган токтомду кабыл алгандар кино искусствосунун ички дүйнөсүн такыр эле түшүнбөйт. Порнографиянын тарашына каршы пикирин айткан Сүйүндүков чыныгы окуяларды чагылдырууда эротикалык эпизоддорду да туура пайдаланса болорун айтат.

- Эротиканы маданияттуу көрсөтсө болот, себеби ал турмушта болуп жаткан эле нерсе да. Аны көрсөтүүгө болбойт, андай жок дегенге советтик замандан биз эчак эле өткөнбүз. Искусствонун ички дүйнөсүн билбеген бирөөлөр келип алып эле токтом чыгарып, мыйзамды бурмалап жатпайбы. Ошондуктан бул мыйзамды кылдаттык менен караш керек.

Кыргызстанга кирген чет элдик тасмаларды текшерип, аларды тиешелүү каттоодон өткөрүү азыркы учурда мамлекеттик кинофонддун жоопкерчилигине берилген. Тасмада тыюу салынган элементтердин бар-жогун аныктоодо кинофонд үчүн татаал болгон учурда, алар тасманы эксперттик комиссияга жолдойт. Акыркы корутундуну комиссиянын мүчөлөрү кабыл алат.

Кыргызстанда порнографиялык мүнөздөгү тасмаларды тартып, жайылтууга тыюу салынган жана андай иш-аракеттер үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ага карабастан ушул күнгө чейин бир да жаран аталган берене менен айыпталган эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG