Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Үч эмдин ата-энеси үйгө жетпей убара


Ат-Башыдагы үч эм
Ат-Башыдагы үч эм

Бишкекте төрөлгөн үч эмге убада кылынган бир бөлмөлүү батирдин маселеси үч жылдан бери чечилбей келет.

Шаар мэри тапшырган сертификатты колуна көтөрүп, эшик каккылап жүргөн ата-эне сөзүнө турбаган аткаминерлерге нааразы.

Мындан үч жыл мурун Алымбектин жубайы Бегимай үч эм төрөгөндө Бишкек шаарынын ошол кездеги башчысы Иса Өмүркулов алар жашаган батирге келип куттуктап, бир бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырып кеткен.

Төрт кыздуу болгон жаш аялмет үй-бүлө күтүүсүз белекке ыраазы болуп, жалданма батирлерге көчүп-конбой, үйлүү болот экенбиз деп кубанышкан. Бирок ошол убада кылынган батир дагы эле колго тие элек дейт үч эмдин апасы Бегимай:

- Сертификат колубузга тийгенде сүйүнгөнүбүздү сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт. Андан бери өкмөт көңүл бурбай жатканы аябай капа кылууда. Мэрия берилет дегенде эле биздин балдардын ырыскысы экен, эми өзүбүздүн менчик тамыбызда жашайбыз деп ойлогонбуз. Бирок андан бери сертификат дагы эле колубузда жүргөнү аябай өкүндүрүп жатат. Бирок азыр деле үмүтүбүздү үзбөй, дагы эле өкмөттүн жообун күтүп отурабыз.

Жайкы ысыктан, жалданма батирден качып, азыр бул үй-бүлө Ат-Башынын Ак-Муз айылындагы ата-энесиникинде жашап жатат. Кыздарды бала бакчага бергенге каражат жетпейт. Төрт балага мамлекеттен 4500 сомго чукул жөлөк пул алышат. Ал акчаны убактылуу баш калкалап турган батирдин акысына төгүп беришет. Ал эми күнүмдүк тамак-ашына, балдардын кийим-кечесине анда-санда айылдагы үч эмдин чоң атасы жардам берет. Жубайлар жогорку билимдүү, бирок, үзгүлтүксүз иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Себебин кыздардын атасы Алымбек минтип түшүндүрдү.

- Келинчегим кесерово менен төрөдү. Кыйналгандыктан бала багууга жардам бердим. Бирин эмизип, бешикке бөлөп берип турат. Эки кызды эки колума көтөрүп, үчүнчүсүн бутум менен терметкен учурларым болду. Мен өзүм университеттин салык кызматы жагын аяктагам. Бирок үйдөгү түйшүктүн айынан иштей албайм. Бир жерден жумуш чыгып иштеп калсам эле үйгө келгиче шашам. Азыр даана кайтарып эле турчу убагы да.

Убада аткарылмайын жөн калбайбыз

Каржалган бала-чакасына жардам берейин деп Алымбектин атасы Бексултан Жумабаев да улам алмашкан шаар бийлигинин эшиктерин каккылап жүрүптүр:

- Алар болот эле деп атышат. Чалабыз дейт. Коңгуроо күтүп телефонду түбүндө отурам. Үч жылдан бери Бишкекке канча каттадым. Күткөн жаман экен. Акыры Жал кичирайонунан жетинчи этаждан батир бөлүндү дешти. Бирок анын ачкычын алуу үчүн сегиз кишиге кол койдуруш керек экен. Азыр мэр, вице-мэр жана мэриянын колу коюлбай жатат. Эмнеге кол койбой жатат билбейм. Эгер болбосо митингге чыгабыз, айла жок.

Мэрия берген сертификат
Мэрия берген сертификат

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы убада кылынган батир боюнча төмөндөгүдөй жоопту берди.

- Биз бул маселени унутта калтырган жокпуз. Ушул тапта долбоор даярдалып жатат, аны бекитүү керек, кыскасы анын өзүнүн жол-жобосу иштелип чыгат. Азырынча тийиштүү кызматтагылар макул болуп жатышат, кыскасы, бул маселе учурда ачык боюнча.

Алымбектин айтымына караганда, үй-бүлөсү суук түшсө кайра шаарга кетип, жан сактоого аргасыз. Анткени, атасынын үйүндө өзүнөн башка дагы эки бир тууганы үй-бүлөсү менен жашайт. Анын үстүнө жалданып иштеп үй-бүлө үчүн тыйын тапканга айылда мүмкүндүк жок дейт Алымбек.

Мэрдин убадасы аткарыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

XS
SM
MD
LG