Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Нарын: Тоодо да алма өсөт


Нарын шаарынын тоо этегинде Төш-Булак айылына суу жетпейт. Көп жылдык көйгөй жергиликтүү билермандарды суу барасын ойлоп табууга түрттү.

Төш-Булакта картөшкө мол түшүм берет, бирок аны сугаруу кыйын. Арыктагы суу тез эле соолуп калат.

Ылдый жактагы суу барасы курулган үйгө баш бактым. Бул үйдүн ээси Элдияр Кыдыралиев 63 жашта, устачылык менен алектенет.

- Бара деп коебуз, 10 жылга жете элек, 5-6 жыл болуп калды.

“Азаттык”: Бул идея сизге кандайча келди?

- Муну Чүйдөн көрүп келип жасадым. Чүйдүн ар кайсы жерлеринде бар экен.

Биздин жер бийик болгондуктан биз бараны бийик жасаганбыз. Жапызыраак болсо суу келбей калат. Ушундан суу чыгарып алып эле суунун аркы-берки өйүзүндөгү картөшкөлөрдү ушул бара менен сугарабыз.


“Азаттык”: Сиз сууну ушинтип аласызбы, же булактан да келеби?

- Жыл сайын эле ушинтип алабыз. Мындан ылдыйкысы ушул шланг менен сугарылат. Колго жасап алганбыз.

Булак чакан болуп, суу көп келбейт. Эл көбөйгөн сайын суу өйдө жактан келбей калды.


“Азаттык”: Сууну бул жакка шланг менен алып келипсиз, эмне кылайын деп атасыз?

- Мончо салайын деп атам.

Катар бул үйдүн тушунда дагы бир бара курулуптур. Картөшкөдөн башка жер-жемиштер жана алма бактарын байкадым.

Жерге түшкөн алмаларды кызы менен кожейке терип жүргөн экен. “7-8 жылдан бери түшүм алып келебиз” дейт Ширин эже:

- Шамал болгондо алманын көбү эле жерге түшөт. Ошол алмаларды терип, как кылып кургатып алам.

Кышында балдарым тумоологондо какты компот кылып кайнатып берем. Кышкыга сактап алам. Алма январь, мартка чейин сакталат.

10 жашикке чейин сактайм. Алманы аракет кылып Нарында деле өстүрсө болот.


Огороду дөңүрөөк болсо да арыктагы сууну бара аркылуу бакчасын сугарып, тоонун түбү болуп, күн аз тийсе да алмаларды өстүрүп жаткандары таң калтырат.

- Бакчабыздын ичинде 10 түп алма бар, 10 башка түр. Бир-эки түрүн билем, апорт жана таш алмасы бар.

Араларынан бышкандан кийин көк алмадан шире жасап аткан сыяктуу көпкөк, бирок таттуу алма. Ар бир түптөгү алмалардын формалары ар кандай.


Тоо төштөгү бул айылдан кайтып келатып, "адамдан акыл качып кутулбайт" деген сөз эсиме түштү.

Анан “Нарынга эч нерсе бышпайт” деп жөн эле айта беришет турбайбы. Мына, тоонун түбүндө баарын өстүрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG