Линктер

Нарын шаарында бала уурдоого шектелген 30 жаштагы келин кармалып, эки айга камакка алынды. Ал наристени акча өндүрүү үчүн алып кетип, жертөлөдө кармаган деп шектелүүдө.

Ал эми уурдалды деп айтылып жаткан беш жаштагы бала жакындарына кайтарылды. Камакка алынган келиндин туугандары окуянын ырбашына аял-эркектин жашыруун байланышы себеп болгонун айтышууда.

Баланы уурдоого шектелип камакка алынган Койсун Темирова 30 жашта. Сегиз жана эки жаштагы кыздардын энеси. Келиндин бир тууганы Замиранын айтымында, уурдалган баланын таятасы Абакир менен Койсун жакын мамиледе болгон. Экөө бир мекемеде чогуу иштеп жүрүп таанышкан экен. Замира "Чатактын ырбашына Койсун көңүлдөшү каалагандай уул эмес, кыз төрөгөнү себеп болду",- дейт.

- Алгач ал киши сиңдимди зордуктап, намысына тийип коюптур. "Бирөөгө айтсаң, өлтүрөм" деп коркутчу экен. Сиңдим бул тууралуу алгач мага айтты. Боюна бүтүп калыптыр. Алты айдан ашып, аборт кылганга кеч болуп калган экен. Андан кийин кыз төрөдү. Абакир "төрөсөң там алып берем" деген убадасын унуткандан кийин сиңдим анын аялына барып, баарын ачык айтып берет. Ушундан кийин Абакир Койсунду суунун жээгине, мүрзөгө алып барып уруп, "өлтүрүп, ушул жерге көөмп салам" деп коркутчу экен. Таяктын айынан сиңдим оорукчан болуп калды.

Замира Койсун эмне үчүн көңүлдөшүнүн небересин уурдап кеткенин минтип түшүндүрдү:

- Баласына тамак-аш алып бергенге акчасы калбады. Акыркы жолу акча сурап барса, Абакир үйүндө жок экен. Сиңдим анын жээнин өзү жашап турган батирге ээрчитип келе бериптир. Камап, сабаган деген курулай жалаа.

Уурдалган баланын таятасы Абакир менен сүйлөшүү мүмкүн болгон жок. Анын аялы Калича күйөөсү тууралуу дооматтардын баарын четке кагууда:

- Бул келин бир жылдан бери эле бизди коркутуп жүрөт. Акча сурап, үйгө көп келди. Неберемди үйүнө алып барып оозуна скотч чаптап, колу-бутун байлап, жертөлөгө камап салган жеринен таап чыктык. Жип, скотчтун баары тергөөчүн колунда. Өзү көп эрге тийген неме экен. Тийген күйөөсүнүн баары башка чапкылап урганын өзү айтып жатат. Баланы уурдаганы боюнча көрсөтмө берип жатканда эсин жоготуп, кайра өзүнө келип бирдеме эле болуп жатты.

Калича жаш келин абышкасынан төрөп алган деген дооматка да макул эмес.

- Мага кырк жылдан бери кол көтөрбөгөн абышкам ушул келинди урмак беле. Жанагы эжеси айткандардын баары жалган. Мага келгенде "эптеп сиңдимди чыгарып берсеңер. Бизди да тажатты" деп айткан. Баласы менин абышкамдан экени бир кудайга маалым. Андан кийин эки-үч эрге тийиптир.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин адам уурдоо, мыйзамсыз эркиндикти чектөө беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөөгө киришти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Тилек Токтакунов билдирди:

- 8-июнь күнү кылмышка шектүү кармалып, шаардык сот тарабынан камакка алынды. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда кылмышка шектүү менен уурдалган баланын ата-энесинин кандай байланышы болгону такталып жатат. Мурда урушуп да жүрүшкөн экен. Үй-бүлөлүк да келишпестиктери болгон.

Уурдалып, зомбулукка кабылды делген алты жаштагы баланын ден соолугу текшерилүүдө. Бала катуу коркуп калганын айтышууда.

Кылмышка шектүү Койсун Темирова болсо шаардык соттун чечимине ылайык, эки айга камакка алынды. Эки кызын энеси карап жатканы кабарланды.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG