Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Кыргызстандын абактарында жаза өтөп жаткан 400гө чукул кыз-келиндин 40 пайызы Кылмыш кодексинин шылуунчулук, алдамчылык беренелери боюнча соттолгондор.

Ушул фактыга таянган Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, ал аркылуу аялдарга алдамчылык беренесине таандык жазаны гумандаштыруунун жолдорун иликтөөгө киришти.

Карыздын арты кылмышпы?

Нурила Батырканованын аталаш эжеси төрт айдан бери тергөө абагында сот процессин күтүп жатат. Анын айтуусунда, эжеси бир жарым жыл мурун соода иштетүүгө деп таанышынан 10 миң доллар алып, бирок бул валютанын наркы көтөрүлүп кеткенинен чыгымга учурап, кайтарып бере албай кыйналган.

- Эжем базарда соода кылгандыктан жанындагы таанышынан эле 10 миң доллар алып, көп өтпөй банкрот болуп калды. Акчаны бер деп кыйнаганынан башкалардан карыз алып төлөп берүүгө аргасыз болду. Бирок үч миңин эле төлөп бергендиктен, эжемди “алдап кетти” деп арыз жазып, милициялар кармап кеткен. Азыркы күнгө чейин акчасын төлөп бере албай кыйналып келебиз. Эгер эжем соттолуп кетсе, оор кылмыш кылгандардын жанында болуп калабы деп жүрөгүбүз ооруп турат.

Базарда отурушат, анан товардын баасы түшүп кетип, бирөөдөн алган карызын төлөй албай калышса эле, тиги тарап жазган арыздын негизинде аларды алдамчы деп камап коюшууда. Бул туура эмес.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, жылдан жылга кылмыш жазасына тартылган аялдардын саны өсүп жатат. Ошол эле учурда кыз-келиндерге мунапыс эркектерге караганда көбүрөөк берилет. Аталган кызматтын маалымат катчысы Эленора Сабатарованын айтканына караганда, алдамчылык оор кылмыштардын катарында саналат:

- Абактагы кыз-келиндердин көпчүлүгү киши өлтүрүү, маңзат ташуу жана алдамчылык беренелери менен отурат. Ал эми жеңил кылмыш кылгандарды биз жатак абагына көчүрүп же үй камагына чыгарып тургандыктан, абактарда аялдардын саны дагы кыскарып жатат. Мындан эки жыл мурун түрмөлөрдө 500дөн ашык аял бар болчу.

Сабатарова кошумчалагандай, алдамчылык беренеси боюнча соттолгон аялдардын көпчүлүгү - акчаны кайтарып бере албай калгандар же ортомчу болуп абакка түшүп калгандар.

Оторбаев: "Алдамчылык" - оор кылмыш эмес

Аял киши соттолгондо анын балдары каралбай калып, келечек муун талкаланып жатат.

Анткен менен Акыйкатчы институту “алдамчылык кылды" деп шектелген аялдардын аракеттерин жарандык тартипте кароого болоруна ынанууда. Бул жаатта омбудсмен Кубат Оторбаев атайын жумушчу топ түзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирип, териштирүүнүн арты менен абактарда кыз-келиндердин саны дагы азаярына ишенип турат.

- Мен түрмөлөрдү кыдырган кезде аялдар менен сүйлөшүп, алардын иши менен таанышсам, 30-40% эле ошол алдамчылык деген берене менен камалыптыр. Базарда отурушат, анан товардын баасы түшүп кетип, бирөөдөн алган карызын төлөй албай калышса эле, тиги тарап жазган арыздын негизинде аларды алдамчы деп камап коюшууда. Бул туура эмес. Эки адамдын ортосундагы соода ишин жарандык тартипте кароого болот.

Абак аялдар үчүн эмес

Алдамчылык жана шылуунчулук кылгандарга жазаны жеңилдетүүнү укук коргоочулар да колдоого алышат. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова абактагы аялдардын аң-сезими терс жагына өзгөрөрүн айтып, бул көрүнүш келечек муунга өз кедергесин тийгизип жатканын кошумчалайт.

Аялдар абагы. Кыргызстан. 2013-жыл

Аялдар абагы. Кыргызстан. 2013-жыл

- Бизде азыр “Медиация жөнүндө” мыйзам иштелип жатат. Бул мыйзам чатакташкан эки тарапты абакка жеткирбей эле чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Негизинен аял киши соттолгондо анын балдары каралбай калып, келечек муун талкаланып жатат. Албетте бардык соттолгон аялдардын бошотулушуна каршымын, бирок кээ бирлери арзыбаган берене менен жылдап кесилип жатпайбы.

Расмий маалыматтарга ылайык, аялдар аралашкан оор кылмыштар көбөйүп жатканы айтылып жүрөт. 2010-жылы кылмыш кылган кыз-келиндердин саны 1,5 миңдин айланасында болсо, өткөн жылы ал сан үч миңге чамалап барган. Жалпысынан кылмыш кылган аялдардын 15 пайызы соттолсо, анын беш пайызына мунапыс берилет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG