Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

“Оббо” кийимдер брэндинин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев кол өнөрчүлүк жана аны өнүктүрүү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанда элдик кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча мыйзам долбоор даярдалып, ал жакында коомдук талкууга коюлат экен. Долбоордо кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге материалдык жактан колдоо көрсөтүү жана жасаган буюмдарын сатууга жардам берүү сыяктуу бир катар жоболор каралыптыр. Чынында эле ушундай мыйзам зарылбы?

Сумсарбек Мамыралиев: Мыйзам албетте керек. Биринчиден, мыйзам аркылуу кол өнөрчүлүктү колдош керек. Мисалы, биз экспортко товар жөнөткөндө ар бир жолу бажыга 25-35 пайыз кошумча салык төлөйбүз.

Колго жасалган буюмдарды кошумча бажы салыгынан толугу менен бошотуу керек. Ушул жактан жардам керек. Мисалы, мен мамлекеттен башка эч кандай акча, же насыя сурабайм.

Биз мурдагы жылы Берлинге барганбыз. Ошондо раритет туш кийиз алып барганбыз. Биз аны сатпай эле жөн эле көргөзмөгө коймокпуз.

Бул 90 жыл мурун жасалган буюм болчу. Анан бажыда бизди ошол шырдак үчүн кошумча бажы салыгын төлөөгө мажбур кылышты. Анткени мындай раритет шырдакка, же туш кийизге Маданият министрлигинен эч кандай документ берилбейт экен. Мыйзамда ушундай жагдайлар да каралышы керек.

“Азаттык”: Бул мыйзамда кол өнөрчүлөргө Элдик чебер деген наам берүү каралыптыр. Бул кол өнөрчүлөргө чындап эле шык, дем береби?

Сумсабек Мамыралиев: Ооба. Бизде Эмгек сиңирген жазуучу, Элдик сүрөтчү деген наамдар бар. Бирок Элдик шырдакчы, Элдик кол өнөрчү , Эмгек сиңирген уста деген наамдар жок. Ушуну да мыйзам менен бекитүү керек.

“Азаттык”: Өзүңүздүн брэндиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Бул ийне жип колдонбой жүндөн жана жибектен жасалган кийимдер. Мунун негизин ала кийизден алгансыздарбы?

Сумсарбек Мамыралиев: Ооба, бирок системасы башкача.

“Азаттык”: Мурунтан жүндү тытып, сабап кийиз жасоонун бир эле ыкмасы бар эле. Азыр замандын өзгөрүшү менен жүндү иштетүүнүн технологиясы өзгөрдүбү?

Сумсарбек Мамыралиев: Жок, өзгөргөн деле жок, бирок жүндү сабабаган, тыткан, кургаткан машиналар бар. Баары машина менен жасалат. Буларды Кытайдан, Германиядан алып келебиз.

“Азаттык”: Кыргызстанда койлордун жүнү сапатсыз болуп кетти деп айтылат. Сиздер жүндөрдү кайдан аласыздар?

Сусмарбек Мамыралиев: Азыр кыргыз койдун жүнү абдан кылдуу болуп калды. Биз меринос же ичке кылдуу жүндөрдү алабыз. Кыргыз койдун жүнү абдан калың болот. Андан шырдак эле жасай аласың.

Мурун кыргыз меринос койлору үлгү болуп эсептелчү. Мамлекеттен эч кандай жардам болбогондуктан мериностун баары сатылып, союлуп, желип кетти. Азыр мындай койлор Талас, Ысык-Көл жана Нарында эле бар. Бирок аябай аз. Бул жетпейт. Экспортко чыгарыш үчүн көбүрөөк керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда “Оймо” деп аталган жарманке жылына өтүп турат. Ага борборазиялык кол өнөрчүлөр тынбай катышат. Аталган жумуриятта кол өнөрчүлөрдүн өз ара кызматташуусу кандай?

Сумсарбек Мамыралиев: Кызматташуубуз аябай жакшы. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен байланышып иштеп турабыз.

“Азаттык”: Сиздердин кийимдерди адатта кимдер алат?

Сумсарбек Мамыралиев: Негизи жөнөкөй эле адамдар алат. Ырчылар, бизнес чөйрөсүндөгү адамдар бар. Чет өлкөлүктөр алышат.

Бирок Кыргызстанда азыр деле "жүн сасык, андан боз үй, шырдак эле жасай аласың, жүндөн жасалган кийим калың, кийгенге ыңгайсыз", - деп калыптанып калган түшүнүк бар. Бирок чет өлкөлөрдө биздин кийимдерибизди аябай жакшы көрүшөт.

“Азаттык”: Өткөндө стилист Замира Молдошева азыр Кыргызстанда улуттук кийимдердин күнү тууду, буга кандайдыр бир деңгээлде экс-президент Роза Отунбаева да салым кошту дегендей айтты эле. Ушул агым тууралуу айтып бересизби?

Сумсарбек Мамыралиев: Бул жерде жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Мисалы, азыр көп дизайнерлер билбей эле кыргыз оймолорун туш келди жармаштырып жатат. Бул туура эмес.

Ар бир кыргыз оймонун өзүнүн энергетикасы, өзүнүн түсү бар. Жөнү жок эле колдонгонго болбойт. Мисалы, сиздин өзүңүздүн оймогуңуз бар. Аны сиз эле колдонушуңуз керек. Мен теңирчиликке ишенем. Ал оймо сенин жашооңо таасир этет. Азыр көбүнчө дизайнерлер окшоштуруп эле жармаштыра беришет.

“Азаттык”: Этностилдин келечеги тууралуу пикириңиз кандай? Кыргыз дизайнер-модельерлеринин колунан чыккан кийимдерди айталы Парижде жогорку деңгээлдеги мода көргөзмөлөрүндө көрүп калышыбыз ыктымалбы?

Сумсарбек Мамыралиев: Бул үчүн иштеш керек, убакыт керек. Мениимче 5-7 жылдан кийин өзүнчө кыргыз стили калыптанат. Кыргыз стиль бул - жөн эле оймо эмес. Оймону жармаштырып койсоң эле кыргыз стиль болуп калбайт. Өзүнүн стилистикасы болот. Биз азыр ошол деңгээлге өсүп атабыз. Беш-жети жылдан кийин француз стили, англис стили дегендей эле оймосу жок эле кыргыз стили пайда болот деп ишенем.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG