Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

ОшТУ: билимди компьютер бааласын


Ош технологиялык университетинде коррупцияга менен күрөштүн жаңы амалын сынап жатышат.

Аталган окуу жай аймакта алгачкылардан болуп мамлекеттик сынакты компьютерлештирүүдө. Ушул тапта ОшТУнун студенттеринин билимин окутуучулар эмес, компьютер баалап жатат.

Ош технологиялык университетинин окутуучулары соңку күндөрү студенттердин көбү китепке ынак боло баштаганын байкашкан. Терезенин текчесинде кагаздарды окуп, сынакка даярданып отурган жигит көңүлүмө урунду. Өзүн Акылбек деп тааныштырган студент китепканада орун калбаганын айтты:

- Китепканада орун калбай калыптыр. Китептер да студенттердин колунда экен. Айла жок, интернеттен маалыматтарды алып, ушинтип текчеде даярданып жатам. Мурда сынакка такыр даярданчу эмесмин, жооп бере албай калсам тааныш-билишти ортого салып, баа алам деп ишенчүмүн. Компьютер аркылуу сынак тапшырсаң, эч кандай таанышың жардам бере албай калат экен. Азыр сынактан өтпөй калуудан кадимкидей корком...

Компьютер аркылуу сынак өткөрүү ыкмасы аймактагы жогорку окуу жайларынын арасынан алгачкы жолу Ош технологиялык университетинде жолго коюлду. Ректор Абдикадыр Абидовдун айтымында, сынак учурунда комиссиясынын мүчөлөрү студенттерге көз салып турганы гана болбосо, эч кандай суроо бербейт. Студенттин билимин компьютер өзү текшерип, бааны ошол эле замат монитордо көрсөтөт:

- Кай бир сабакка тиешелүү 500 суроо компьютерге киргизилген. Сынак учурунда ал суроолордун кайсынысы туш келиши анык эмес. Компьютер каалаган 20 суроосун студентке сунуштайт. Жыйынтыкты да компьютер чыгарат, бааны да компьютер коёт.

Жаңы ыкма боюнча берилген 20 суроонун жарымына чейин жооп берген студент 3, ондон он бешке чейин суроолорго туура жооп бергени 4 деген баа алат.

"Кыргызстан тарыхы" сабагынан 4 алган Самара Муратбек кызы жаңыча сынактын өзгөчөлүктөрүнө мындай баасын берди:

- Эң башкысы өзүңдү эркин сезесиң. Мугалимдердин көзүн карап, алардан чочулоо болбойт. Компьютерлештирүү жолу менен сынак берүүдө тааныштарды ортого салуу жардам бербейт деп укканыбыз үчүн чындап даярдандык. Мамлекеттик сынактарды эле эмес, бардык сынактарды ушинтип алышса жакшы болмок.

Абдикадыр Абидовдун айтымында, башында жаңы ыкманы жерип, көнгөн адаты боюнча тааныш-билиштерине жакшы баа коюуну суранып жаткандар да болгон:

- Соңку жылдары мамлекеттик сынактан жыгылган студент болбой калды эле. Мына быйыл жыгылып жатышат. Эми алар окутуу мыйзамына ылайык, үч айдын аралыгында кайра сынак тапшырышат. Буга чейин окубай жүрүшкөн болсо, эми окушат.

Жаңы ыкма азырынча мамлекеттик сынактарды кабыл алууда гана колдонулууда. Окуу жайдын жетекчилиги келерки жылдан тарта сессиялык сынактарды компьютерге которууга ниеттенип жатат.
XS
SM
MD
LG