Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Ошто окуу жайларда намазкана ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай аракет студенттердин жана окутуучулардын ибадат кылуусуна шарт түзөт дейт облустук казыят.

Муну студенттер кызуу талкуу менен кабыл алды. Ал эми окуу жай жетекчилери университетте намазкана ачуу мыйзамга туура келбей турганын айтууда.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Арипов окуу жайларда намазкана ачылса, окутуучуларга жана студенттерге жакшы болоорун билдирди:

- Окуу жайларда намаз окучу жай болсо деген бул жөн гана ой. Бул болгону ал жерде иштегендерге, окугандарга мүмкүнчүлүк болот. Бир чети аларга жеңилдикти да жаратат.

Ниязалы ажы Арипов

Ниязалы ажы Арипов

Ариповдун айтымында, мындай практика бир канча чет өлкөлөрдө да бар. "Ошол себептүү муну саясатташтыруунун кереги жок" дейт ал:

- Мен билгенден бир канча чет өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Америка, Түркиядагы айрым окуу жайларда намазкана ачылган. Бул ал жакта көп деле каршылык менен кабылданбаганы маалым. Муну менен эми ал жер мечит болуп кетет деп кооптонууга негиз жок. Бул жөн гана шарт.

Деген менен Оштогу жогорку окуу жай жетекчилери мындай демилгеге караманча каршы чыгышууда. Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштер боюнча проректору Замир Божонов окуу жайда намазкана ачуу Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбесин ачыктоодо:

- Кыргыз Республикасында дин мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан окуу жайларда намазкана ачууга биз жол бербейбиз. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда ар бир айылда мечит бар, шаарда 50дөн ашык мечит бар. Жаңы мечиттер да тынбай курулуп жатат. Зарыл болсо, диний ишенимин ошол жерлерге барып аткара берсе болот. Эгер биз азыр окуу жайда, жатаканаларда намазкана ачып койсок, анда башка диндин өкүлдөрү да келиши мүмкүн. Христиан дининдегилер келип, "бизге чиркөө ачып бергиле" десе эмне болот?

Окуу жайларга намазкана ачуу идеясы студенттердин да кызуу талкуусуна түштү. Юридикалык институттун 5-курсунун студенти Расул Маматов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Менимче, институттарда жана университеттерде намазкана ачуунун зарылчылыгы жок. Ал жерге намазкана ачып, студенттерди динге тартам деп жатса, андан жылыш деле болбойт.

Окуйм деген киши мечитке барып деле окуй берет. Башка жагынан алганда намазкана ачса, аны кенен кылыш керек. Бир тайпада 40 бала болсо бир факультеттин 300-500дөй студенти бар. Анын баары бата турган жай болгондон кийин ал мечит эле болуп калып атпайбы. Ага эмес, окуу жайдагылар азыр бизге лекция окуганга жай таппай атышат.


Ошол эле кезде айрым студенттер диниятчылардын демилгесин колдоого алышууда. Студент Нурсултан Максут уулу окуу жайда намаз окугандар аз болгону менен, намазканага муктаж экенин айтууда:
Анын баары бата турган жай болгондон кийин ал деген мечит эле болуп калып атпайбы.

- Буга студенттерден эч ким деле каршы болбойт. Окуу жайда сырактап бийлегенге, дискотека кылганга жай болсун, дагы башка жайлары болсун, анан эмнеге Кудайга сыйынуу үчүн жөнөкөй бир бөлмө ачып коюуга болбосун? Анын үстүнө кышкысын ары-бери чуркап намаз окугандан көрө, сабактан чыга калып ибадат кылып кирип кетсең жакшы да. Намаз окугандар көп болбогону менен, бизде азчылыктын укугу деген бар да.

Буга чейин Жогорку Кеңеште да намазкана ачуу демилгеси депутаттар тарабынан жыл башында көтөрүлүп, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылган. Бирок бир канча талаш-тартыштан кийин парламент имаратына 40-50 орундуу намазкана ачылган.

"Азаттыктын" архивинен: Жогорку Кеңеште намазкана ачылды
Намазкананын ачылышына Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков, муфтий Чубак ажы Жалилов жана бир катар депутаттар катышты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG