Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Июнь коогалаңынан жапа чеккендерге жеринде медициналык жардам көрсөтүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык көчмө кербен уюштурган.

Заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган адистер учурда Ош облусундагы эң ири Карасуу районун кыдырып жүрүшөт.

Карасуу районуна караштуу Курманжан датка аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Айсалкын Маматаирова былтыркы коогалаңдын шартында иштөө аларга абдан кыйын болгонун жашырган жок.

- Биздин оорукана тогуз жолдун тоомунда жайланышкан. Бул жагы Алай району, тиги жагы Ош шаары менен чектешет. Былтыркы жайдагы коогалаңда райондордон, ошондой эле Ош шаарынан ок, же сабалып келгендер, тактап айтканда, 200 чакты киши бизге түштү.

Айсалкын Маматаирова
Болгон күчүбүздү жумшап, алардын өмүрүн сактап калганга аракеттендик. Ошентсе да ооруканабызда хирургиялык бөлүмдүн жоктугунан, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп эле баарын Карасууга жөнөтүп жаттык. Фуркаттын жолу жабык болгондуктан Ош шаарына өтө алган жокпуз.

Жолдо баратканда өлгөндөр да болду. Айрымдары биздин оорукуанабызда эле көз жумуп жатышты. Ошентип биз колубуздан келгенди жасадык. Чынын айтуу абзел, бирок эч кимисине хирургиялык жардам көрсөтө алган жокпуз.

Айсалкын Маматаирова сөз арасында мындан ары оорукананын алкагында хирургиялык бөлүм ачуу зарылдыгын баса белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов “Азаттыкка” маалымдашынча, ушул тапта министрлик жөнөткөн медициналык көчмө борбордун кызматкерлери үймө-үй кыдырып, жаралангандардын тизмесин такташтырып жатышат.

Касымбек Мамбетов
Ал эми көчмө борбор УЗИ, стоматологиялык бөлмө, көчмө флюрографиялык жабдык менен камсыз кылынган. Жергиликтүү тургундарга жогорку даражадагы алты медициналык адис кеп-кеңеш берип турушат. 5-10-июнга чейин ушул жумуштар бүткөрүлөт.

Ал эми райондун аймагындагы Кыргызчек айылынын тургуну Жалалдин Бекмуратовдун баамында, былтыркы окуядан кийин оорулардын кээ бир түрү аймакта абдан күч алды.

- Кыргызчекте жалаң кыргыздар жашайт. Ал эми Асанчекте өзбектер башка улуттар менен чогуу жашайт. 1990-жылкы тополоңдо айылдаштарым “өзбектер ана кирет, мына кол салат” дешкенинен басымдуулугу үй-жайын таштап, тоо таянып качышкан. Ал жактарда тууган-уруктарынын үйлөрүндө жан сакташкан.

Былтыр көчө-көчөлөрдө өздөрү тосмолорду уюштуруп, айылды күнү-түнү кайтарып жатышты. Ошондо алган психологиялык стресстер азырга чейин тарай элек. Айрыкча балдарыбыз туруп-туруп эле өзүн жоготуп койгон адаттары күч алды.


Асанчек айылынын тургуну Адалат Турсунова бүгүнкүдөй медициналык жардам такай көрсөтүлүп турса деген тилегин билдирди:

- Кыргыз-өзбек бөлүнбөстөн бир мектепте чогуу окучу элек. Мына азыркыга чейин байма-бай катташып, бири-бирибизди урматташып келатабыз. Жаңжалды кимдир бирөөлөр уюштурду, ал эми азабын карапайым калк тартып жатат.

Бирок азыр кудайга шүгүр, баары мурунку нугуна түшүп баратат. Доктурлар да адамдарды улутуна карабастан баарын тегиз текшерип жатышат. Чындыгында былтыр ушул маалда бири-бирибизден шексинет элек. Азыр, буйруса, мурдагыдай элебиз. Ынтымакчылыгыбыз артты.


Мады кыштагынын жашоочусу Турдайым Канаталиева бийлик алардан соңку убактарда таптакыр кабар албай койгонуна жердештери кападар экендигин туюндурду.

- Президент Роза Отунбаева жана башка чоңдор келип, тез-тез абалыбызды сурап турушса жарашмак. Айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн камын жебестен, бизди деле ойлоп коюшса болмок.

Өзбек туугандар менен мурдагыдай эле ынтымакчылыкта жашаганга аракетибиз күч. Алар киндик каны тамган жерин таштап кайда барышмак эле?

Албетте коогалаңды пулуна көпкөн акмактар уюштуруп коюп, өздөрү чет өлкөлөргө качып жоголушту.

Карапайым калктын оюнда кири жок, алданып калышты. Антсе да билип-билбей жасаган жоруктарына өкүнгөнү көп.


Ал мындан тышкары былтыркы коогалаңды уюштургандарды Кыргызстанга кайтарып, токтоосуз жазалоону жердештери катуу талап кылып жатышканын кошумчалады.

Ошол эле Кадыржан Батыров, Иномжан Абдырасуловдор жоголушту. Ушуларды тартип коргоо органдары каяктан болсо да таап кармап, Кыргызстанга алып келип эмне үчүн эмдигиче жазалашпайт? Менимче, аларды эл көзүнчө соттошсо, калк чындап тынчыйт эле.

Мындай пикирди Асанчек айылынын тургуну Абдысами Абдулхаджиев да кубаттады.

- Айрым адамдар дале депрессия абалында жүрүшөт. Анткени чагымчылар жана бузукулар абдан катуу иштешти. Массалык маалымат каражаттары көпчүлүккө жетпегендиктен эл көбүнчө ушак-айыңга ишенип калды.

Менин жеке пикиримде мындайда мыйзам катуу иштегени оң. Мисалы, бузукуларды токтоосуз кармап, убагында катыгын колуна бериш керек. Антпесе кылганы үчүн дагы эле жаза тартпаса, мындай окуялар дагы да кайталанышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG