Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Ошто паспорттук тартип киргизилди


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарында тартип коргоо органдары жарандардын паспортторун текшерүүгө алат. Күч органдары мындай чечимди коомчулукта ар кандай ушак-айың таркаткан шектүү адамдарды аныктоо максатында кабыл алынганын билдирди. Ал ортодо шаардыктар арасында кооптонуулар да орун алууда.

Ички иштер министринин орун басары жана Ош облустук милиция бөлүмүнүн башчысы Курсан Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ошто паспорттук тартип эл арасында ар кандай ушак-айыңдарды тараткан чоочун адамдарды аныктоо максатында киргизилди:

- Паспорттук тартип каттоо бөлүмү, кварталдык комитеттин адамдары, же болбосо айыл округ өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлөт. Бул иш-чара чоочун адамдарды, же ар кандай сөз тараткан шектүү адамдарды билүү, профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында болуп жатат. Милиция мыйзамдын чегинде гана текшерет. Муну көйгөй кылуунун кереги жок.

Курсан Асанов
Асановдун белгилешинче, учурда абалды дестабилдештирүүгө кызыкдар топтор бар. “Алардын аракеттерин болтурбай коюуга тартип коргоо органдарынын толук күчү жетет” дейт ал.

“Аймактык бөлүмдөргө борбордук аппараттан кошумча 300 милиция кызматкери да тартылып келинди” деди орун басар министр Курсан Асанов:

- Ош шаарында абал туруктуу. Бирок эл арасында ар кандай ушак-айыңдар таркап, кооптонуулар болуп жатканы чын. Жанагы тасмалардын, “Чөөнүн сааты” китебинин чыгышы да бул кооптонууларга шыкак болуп атат. Мына ушуларды алдын алуудабыз. Эгерде кокус бир нерсе чыгып кетсе, окуя болгон жерге тез арада жетип барып басып калууга, же шаарды курчап тынчтыкты сактап калууга толук даярбыз.

Күч органдары минтип кырдаал тынч экендигин билдиргени менен Ошто кооптонуулар күч ала баштаганы айтылууда.

Шаардын тургуну Орунбек Алимбаевдин билдиришинче, эски таарынычтар дагы деле эл арасында кооптонууларды пайда кылууда:

- Азыр ар кандай сөздөр айтылып жатат. Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нерсе болот экен, Тажикстанда “Талибандар” кыймылдап аткан экен, аларда тополоң башталса бизге да келет экен дегендей.

Коогалаңда жакындарын жоготуп Ооганстанда даярданып аткан 200 киши Ошко келет экен деген сөздөр бар. Эми өзбек тараптан да, кыргыздардан да жабыр тарткандар бар. Ошого эки элдин тең ичинде ириңи бар. Паспорттук тартипти киргизип койгону да жакшы болду. Эми адамдар бейчеки баспай калат.


Шаардын дагы бир тургуну Махира Мадрахимова ушак кептер көп болгону менен эл ага ишенбей жатканын айтат. Ал өзү эртеден кечке базарда соода кылууда. “Базарда деле эки улут аралаш жүрүп, бири-бири менен ынтымакта иштеп жатат” дейт Махира:

Ош шаары
- Кудайга шүгүр, эки эл ынтымакта жашап жатабыз. Кандай сөз чыкса да ишенбегенге аракет кылып жатабыз. Кыргыз-өзбек илгертен эле аке-үкө, эже-сиңди болуп келген, азыр деле бири-бирибизди түшүнүп жашап атабыз. Мага эч ким жаман айтып жаткан жок. Ишиме эртең менен саат 9да келип, кечкисин 5-6ларда кетем. Соода кылып үй-бүлөмдү багып жатам.

Ушул күндөрдөн тарта тартип сактоо кызматкерлери Ошто күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмакчы. Курсан Асановдун маалыматына ылайык, паспорттук тартип июнь коогасынын жылдыгы өткөнгө чейин уланат.

Чек ара өтмөктөрүндө да көзөмөл күчөтүлдү деп билдирет чек ара кызматынын өкүлдөрү. Кокустан бир нерсе болуп кетсе катачылыктарга жол бербөө үчүн күч органдары машыгууларды тынбай өткөрүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG