Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Атаханов кызматтан убактылуу кетти


Шамил Атаханов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 18-июль, 2011.
Шамил Атаханов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 18-июль, 2011.

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышы боюнча териштирүүлөргө байланыштуу вице-премьер Атаханов кызматын убактылуу тапшырды.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аттыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтеттүү тууралуу сунушту шаршемби күнкү жабык жыйында кабыл алды.

Комиссия төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева бул иш иликтенип жаткан маалда тергөөгө тоскоол болбошу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын кабарлады:

- Бул ишти туура багытта алып баруу үчүн жана тергөө органдарына кандайдыр бир басым болбосун деп вице-премьер-министр Шамил Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык соттун судьясы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевди жана Нарындагы абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Тилек Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөткө сунуштоо чечимин кабыл алдык. Бул адамдарды күнөөлүү деп айтуудан азыр алыспыз. Бирок ишти объективдүү иликтөө үчүн мындай чечим зарыл деп эсептейбиз.

Ал эми комиссиянын мындай сунушу белгилүү болоор менен вице-премьер- министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши тергелип бүткүчө кызматын убактылуу тапшырганы дайын болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” тастыктаган өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Нурзада Токтогулованын айтымында, Атаханов өз чечимин ишти бейтарап иликтөөгө жардам берүү ниети менен түшүндүргөн:

-Чындыгында эле Шамил Атаханов тергөө иштери бүткөнчө убактылуу кызматын тапшыруу тууралуу премьер-министрге арыз жазды. Ал мындай кадамы менен тергөөнүн бейтарап жүрүшүнө кызыкдар экенин көрсөтүүдө.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Батукаевди Грозныйга жеткирген Challenger-300 учагын Кыргызстанга алып келүүнү жана тейлөөнү “Анилия” аттуу компания уюштурган, аталган компанияга Шамил Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетекчилик кылат деген маалымат тараткан.

Бирок шаршембидеги комиссия жыйында Шамил Атаханов бул маалыматты жалган деп четке кагып, уулу жетектеген компаниянын Батукаевди алып кеткен учакты тейлөөгө эч тиешеси жоктугун ырастады:

- Батукаев Чеченстанга учуп кеткен учакты тейлеген компания менин уулума тиешелүү деген билдирүү болгон. А чындыгында ал учакты APR деген компания тейлеген экен. Бул компанияга менин уулумдун эч тиешеси жок. Жөн гана айрым техникалык каталардан улам ушундай билдирүү болуптур. Бул боюнча бардык маалыматтар такталып, бул суроого чекит коюлду.

Анткен менен комиссия мүчөлөрү бул ишке Данияр Атахановдун катышы боюнча суроого чекит коюлду деп эсептебейт. Комиссия төрагасынын орун басары Дамира Ниязалиеванын айтымында, Батукаевдин чыгарылышына Атахановдун уулунун катышы тууралуу маалымат дагы текшерилмекчи:

- Депутаттык комиссия бул маселеде расмий берилген документтерге таянган. Бирок Атаханов өзүн актоо үчүн документтерди алып келип жатат. Биз азырынча Атахановдун уулу күнөөлүү же күнөөлүү эмес, тиешеси бар же жок деп айта албайбыз. Бул үчүн бизге дагы убакыт керек.

Ниязалиева кошумчалагандай, депутаттык комиссиянын жыйыны бейшембиде уланат. Анда Батукаев боюнча медициналык экспертиза жүргүзгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү көрсөтмө берет.

Ал ортодо Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушу боюнча нааразылыктар айтыла баштады. 17-апрелде апрель ыңкылабынын айрым катышуучулары бул ишке нааразылыгын билдирип, баш прокурор Аида Салянованын отставкасын талап кылышты.

Ушул эле күнү Нарында төрт адам нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын бири Бактыгүл Жумабаева:

- Кекиртектин айынан тоок уурдап, түрмөгө түшүп кургак учукка кабылгандар жатышат. Батукаевди бошоткон соң ошолорду да чыгарсын. Биз ушуну талап кылабыз.

Өткөн аптада Нарын шаардык соту кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аттыккан Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун тыкыр иликтөөнү тапшырган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG