Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Айтыш аныктаган төкмөлөр ажырымы


Төкмө акын Аалы Туткучев
Төкмө акын Аалы Туткучев

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнуна карата өткөрүлгөн республикалык айтыштын арты ич ара нааразылык менен коштолгону коомчулукта кызуу талкууланган темага айланды.

Акыркы жылдары элдин жүрөгүнөн түнөк таап келаткан айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда ажырым кетишине эмне себеп болду, калыстар туура баалай алышпадыбы же төкмө акындардын дымагы ашынып кеттиби? Кыргыздын айтыш өнөрүн кантип аздектеп, өнүктүрө алабыз? Дал ушул суроолордун айланасында бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуубузда кеп кылабыз.

Талкууга төкмө акын Аалы Туткучев, манасчы, калыстар мүчөсү Рысбай Исаков жана “Айтыштын” уюштуруу комитетинин мүчөсү Мирлан Самыйкожо катышты.

“Азаттык”: Аалы мырза, өткөн айтыштын аягында сиздин эл алдына чыгып нааразылыгыңызды билдиргениңизге эмне себеп болду?

Аалы Туткучев: Ал жерде мен жеке өзүмдүн таламымды талашкан жокмун, анткени мен ал турдан өткөм. Бирок артыбызда турган канчалаган жаш балдардын өтпөй калып, биздин өтүп кеткенибиз калыссыздык болуп калды. Анткени ал балдардын мага караганда жогорку деңгээлде ырдаганын билем. Экинчиден, залда отурган 600 киши да чурулдаганы менин сөзүмдү туура деп ырастаганы болду. Демек, мен элдин көкүрөгүндө айтылбай жаткан талабын айттым го деп ойлойм. Өзүм өттүм, бүттү деп кетип калсам менин калыссыздыгым болуп калмак. Ал сөздөрдү чырга айландырайын деген ойдо айткан эмесмин. Эгер калыстар тобу эмне үчүн мындай баа койгонун айтып, түшүндүрүп койгондо маселе ошол залдын ичинен эле чечилмек.

Акыры жарыла турган жара болчу, жарылганы жакшы болду. Кокус эртең жарылса, анда көтөрө албай калышыбыз ыктымал эле.
ААлы Туткучев

“Азаттык”: Сиздин “биссмилла дегендер айтыштан жеңилип, биссимилласы жоктор” жеңип кетти деп айтканыңыз бөлүнүүгө ого бетер жик салган жокпу?

Аалы Туткучев: Жок, жик салып жаткан жокмун. “Жаман айтпай жакшы жок”, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген кыргызда сөз бар. Бул маселе канча убакыттан бери келаткан нерсе болчу. Ушул жерден чыгарып албасак, эртең чоң нерсеге айланышы мүмкүн. Акыры жарыла турган жара болчу, жарылганы жакшы болду. Кокус эртең жарылса, анда көтөрө албай калышыбыз ыктымал эле.

Бул убакка чейин Таласта Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгында өткөрүлгөн айтышта, кийин Караколдогу айтышта да нааразылыктар болгон. Минус 6 деген баа койгон калыстар болгон. Тилекке каршы, биз динге ишенген адамдар бөлбөйбүз, тескерисинче бизди бөлгөндөр бар.

Бул акындардын эле ортосундагы мамиле эмес, жалпы коомдун көйгөйү. Биз диний араздашууга, жаакташууга келип жеттик.
Рыспай Исаков

“Азаттык”: Рысбай мырза, айтыштагы чыр калыстар кара кылды как жаралбай калганда чыкты, айтышта жаштарды колдобой, мурункуларды эле колдошту, деген сын айтылды, буга кандай дейсиз?

Рысбай Исаков: Бул маселенин тамыры тереңде болчу. Ал жерде кеп калыстардын калыссыздыгында эмес, көптөн бери чогулуп келаткан ириң ошол жерден жарылды. Мурунку нерселер себеп болбогондо Аалынын антип айканы орунсуз болчу, ыгы жок болуп калмак. Акындардын бул убакка чейин эле жик-жик болуп калгандыгында болду. Биз ошону кайра чукуп жатабыз. Бул акындардын эле ортосундагы мамиле эмес, жалпы коомдун көйгөйү. Биз диний араздашууга, жаакташууга келип жеттик.

“Азаттык”: Мирлан мырза, “Айтышты” өткөрүүнүн жол-жобосу болсо керек. Анда калыстардын орду, укугу кандай берилген?

Мирлан Самыйкожо: Ооба. Ар бир нерсенин эрежеси болот. Айтыш биринчи жолу эле өтүп жаткан жок. Ушуну менен онунчу эл аралык айтыш өтүүдө, республикалык көптөгөн айтыштар өткөн, ар бир айтыштын жобосу болот. Ошол жобого таяна турган болсок, калыстарга доомат артуунун кажети жок. Калыс кандай чечим чыгарса, аны сыйлашыбыз керек, урматташыбыз керек. Кечээги айтышта 31 акын катышты эле, баарын сахнага чыгарып тааныштырдык. Аларга калыстык кыла турган тогуз адамды да тааныштырып, ордуна тургузуп, отургузганда эл кол чаап, акындар да макул болушкан, колдошкон. Эми жыйынтыгында ар нерсени айта берсек, сөз көбөйөт.

Аалы Туткучев: Биздин оюбуз боюнча, бүгүнкү калыстар жарабайт. Айрымдарын алмаштыруу керек. Эл аралык деңгээлдеги айтыш болуп жаткандан кийин ошондой денгээлдеги адамдарыбызды коюшубуз керек. Калыстарды кайра шайлап, тандоо турун кайрадан өткөрөлү, бардык нерсе калыс болсун деп жатабыз. Бизден кийинки келаткан жаштар өтсүн, мен өтпөй калсам ыраазымын, биз ал айтышка бара албайбыз.

Мирлан Самыйкожо: Акындар калыстар үчүн ырдайбы, эл үчүн ырдашы керек. Ал жерге дүйнө жүзүнөн эл келет, казактын акындары келет. Элдин ишенимине ээ болобуз десек, майда-барат нерсеге арбалбай барып ырдашыбыз керек.

Рысбай Исаков: Акын деген коомдун алдыңкы үлгүсү болушу керек. Токтогулдун, Эшмамбеттин санаттары, термелери ушунчалык бийик деңгээлдеги акыл болгону үчүн жаралган. Бүгүнкү акындар да ошондой нерселерди жаратышы керек, ошого жараша жүрүм-туруму болушу зарыл. Акындын дарамети элдин сыны менен иргелет.

XS
SM
MD
LG