Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Бул демилгенин ээси “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Төлөйкан айым, адам укуктарын коргоо министрлигин түзүү демилгесин көтөрүшүңүзгө эмне түрткү болду?

- Биринчиден, эгемендүү, көз карандысыз институт керек Ак үйдүн ичинде, көпүрө катары иштеши керек бул институт. Ошол жерде иштеген адамдар «Азаттык» сыяктуу эч бир саясий кубулуштарга кийлигишпей, кландык системадан, тууганчылыктан алыс болуп, эгемендүү эксперттик көз караш менен адам укугунун акыбалын камтып, иштеш керек экен деген расмий чиновниктерди иштетпесе, алар биринчиден регионду түшүнбөй атат, экинчи жактан, адам укугун тез аранын ичинде дарыгерлердей, же жергиликтүү өкмөттөрдөй болуп тең укуктуу жардам бералбай атат. Адам укугу күндөн күнгө кейиштүү болуп атат.

Жалал-Абад, Ош, Базар-Коргондо болгон окуялар бүгүнкү күнгө чейин чечилбей атат. Сот системасы, же болболсо ошол эле укук коргоо органдары, изилдөө топтор эски форматта иштеп атат. Адамдарга жардам берчү институттар таптакыр иштебей калды.

- Сиз адам укуктары корголбой калып жатат деген негизде айтып атасыз да?

- Биринчиден, корголбой атат. Экинчиден, расмий адамдар бүгүнкү талапты толук түшүнүп жана элдин мүдөсүн аткара албай атат. Бүгүнкү Кыргызстан жаңы Кыргызстан, Конституциянын форматында башкача иштеш керек. Экинчиден, Конституцияны коргоочу жана иштетчү бул президент. Ошон үчүн бул сөзсүз түрдө президенттин астында болуш керек жана эч бир саясий партияларга, же топторго көз каранды болбош керек.

- Адам укугун коргоочу уюмдар Кыргызстанда жетиштүү деп эсептелет, жарандык коом активдүү иштейт. Алардан тышкары Акыйкатчы институту бар да. Алардын милдеттери кандай болот анда?

- Акыйкатчы институтунун форматы башкача. Ал конституциялык орган. Бирок канча жыл бою иштеди, ошол эле корутунду отчеттору дагы, кайрылган адамдардын мүдөөсү толук кандуу адам укугунун форматында чечилбей атат. Биз жамандагандан алыспыз. Бирок бул институт өзүнүн ордун, талабын жана миссиясын аткара алган жок. Мурдагы адамдар иштейт, тааныштык көп, ошол эле мурунку үй-бүлөлүк, кландык саясатты өзгөртүүгө жакшы жемиштерин бере алган жок. Биз ойлойбуз, жаңы парламент жана жаңы өкмөт ушул институтту реформа кылганга жардам берет деп.

Экинчи жактан, мамлекеттик эмес уюмдар бүгүнкү күндө саясий коррупцияга айланып кеткен. Анткени жакшылап изилдеп көрсөк, сөзсүз түрдө кайсы бир саясатчынын көз карашын колдойт, же кайсы бир саясатчынын астында иштейт деген маселелер бар. Ошон үчүн бүгүнкү күңдө Кыргызстанга эгемендүү инсандар, жарандар керек, бир дагы топко кошулбаган, бирок фундаменталдык адам укуктарын аябай күчтөнткөн.

- Сиз сунуш кылып аткан министрлик менен Акыйкатчы институту бири-биринин милдеттерин кайталап калбайбы?

- Жок, акыйкатчы институтунун миссиясы башкача, ал аябай тар болуп атат. Бул эгемендүү министрлик, журналисттик көз караш менен карап, адам укугун жана сөз эркиндигин күчөтүүгө реалдуу жардам берет. Бул институтта отурган адамдар бир четинен көз карандысыз болуш керек, экинчи жактан алар ар кайсы тармактагы эксперттерди алып келиш керек. Анткени тоо кен тармагында, ошондой эле Кумтөрдүн аркасында толгон иштер бар. Ошон үчүн көз карандысыз тыянак бериш керек, эмнеси жакшы, эмнеси жетишпейт деген. Ошол эле социалдык тармакты да, энергетика боюнча да ушундай иштер болуш керек. Бул тез жардамдай болгон убактылуу гана түзүлчү нерсе. Түштүк менен түндүк, же болбосо регион менен Бишкекти тыгыз байлантышытырып, бирок ошонун ичинде адам укугу, акыйкаттык жана реформа системасы аябай катуу болуш керек.

- Өлкөдө ансыз деле каражат тартыш болуп жатат, министрликтердин саны көбөйүп кетти деп коомчулук, өзүңүздөр баш болуп сындап келатасыздар. Бул дагы бир жолу коомчулуктун сынына тушугуп калат деп ойлобойсузбу. Каражат жагы кандай болот?

-Туура, бул жерде эч кандай ресурстун кереги жок. Бир гана маселе, балким ошол жерде отурган 1-2 киши, министр жана анын жардамчысы, аларга каражат керектир, бирок аны дагы эл аралык уюмдар аркылуу тапса болот. Бул жерде эч кандай проблема жок.

- Сиз президенттин алдында болуш керек деп атасыз. Бул багытта президентке өз сунушуңузду айтып көрдүңүзбү?

- Президент жакшы кабыл алды, ал киши мамлекеттик эмес уюмдардын демилгесин дайыма колдойт жана түшүнүүгө аракет кылат. Конституция иштеш үчүн биз күчүбүздү ушул жака жумшашыбыз керек. Бул эффективдүү инструменттер менен өлкөдөгү бийлик институттарын иштеткенге, адам укуктарын коргоого жана акыйкаттыкка багыт алууга, кыйноолорду азайтууга түздөн-түз көпүрө.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG