Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттик системаны өркүндөтүү боюнча чаралар көрүлбөй жатканын сындап чыкты.

Бирок парламенттеги башкаруучу коалициянын өкүлдөрү мындай дооматтарга негиз жок деп эсептешет.

Реформалар токтоп калдыбы?


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламенттик системаны калыптандыруу боюнча өкмөт менен президент алгылыктуу реформаларды аягына чыгарган жок деп айыптады. Бул тууралуу саясатчы “Парламентаризмдин көйгөйлөрү жана келечеги” деген аталыштагы жыйында билдирди.

Өмүрбек Текебаев мындан улам парламентаризмдин баалуулуктары учурда тепсендиде калды деп эсептейт:

- Реформаны түшүнбөгөн адамдар бүгүн бийликке келишти. Алардын ичинен көпчүлүгү ушундай бийликтеги ачыктыкты камсыздоочу парламенттик башкарууну өркүндөтүүнү каалашпайт. Бардыгы эскичесинен, "жабылуу аяк жабылуу бойдон" кала турган жагдай алар үчүн ыңгайлуу. Анткени бийлигенен пайдалануу менен кирешелүү ишкер тармактарды таяке-жээнине беришип, өз ара табакташ болуп алышып, алардын ишмердигине жол ачкан эски системанын сакталып турушун каалашат. Реформа токтоп турат. Учурда өкмөттөн бир дагы ушул парламенттик башкарууну өркүндөтүүгө багытталган документ, же мыйзам долбоору сыяктуу демилге чыккан жок.

Бирок буга парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракциянын өкүлдөрү макул эмес. Ошондой эле алар парламенттик башкарууну бекиткен баш мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаевдин мындай сын-пикирин саясий оюн катары баалашат.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Роза Акназарова системалык өзгөрүүлөргө багыт берген иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга убакыт керек экендигин белгиледи:

- Парламенттик башкаруу системасы жаңы эле ишке киришпедиби. Эми анын кандай жүргүзүлүп жатканына бир канча убакыт өткөндөн кийин баа беришсе жакшы болмок. Мына бюджет жаңыдан кабыл алынды. Өкмөт толугу менен бюджетти кабыл алабыз дешип парламентте жүрдү. Эми ушул парламенттик системаны өркүндөтүү боюнча маселе бул бат эле бүтүрө койчу иш эмес да. Өкмөткө убакыт бериш керек.

Бардык өксүк баш мыйзамдабы?

Анткен менен жыйналыштын айрым катышуучулары парламенттик башкарууну өркүндөтүү боюнча реформалардын жүргүзүлбөй жатышын жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамдагы өксүктөр менен байланыштырышты. Буга мисал катары баш мыйзамда бийлик бутактарындагы укук-милдеттердин жана жоопкерчиликтин даана көрсөтүлбөгөндүгү айтылды.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов парламенттик башкаруу системасы өзүнүн жоопкерчиликсиздигин көрсөтө баштады деп сындады:

- Баардыгы мына ошол жайында кабыл алган баш мыйзамдан чыгып жатат. Анткени анын шарттары менен талаптары чийки болуп калган. Мына ошол эле бийликтин жоопкерчилиги жана милдеттери боюнча чар-жайыт түшүнүк берилген. Ким эмне үчүн жооп берет? Азыр мисал үчүн түшүнүксүз болуп турат. Учурда парламенттик башкаруу өзүнүн жаман жактарын көрсөтүп жатат. Мына эртең башкаруучу коалиция таркап кетсе, дагы ызы-чуу болуп жетекчилерди улам алмаштырып жүрө беребизби?

Бурамалоо эмес, бурмалоо ...

Ошол эле учурда парламенттик башкарууга өтүүнүн демилгечиси Өмүрбек Текебаев муну жаңы башкаруу формасынын кемчилдиги катары карабайт. Ал Кыргызстанда парламенттик башкаруунун калыптанышына ички-тышкы күчтөрдүн тоскоолдугу жана бийликтин өзүндөгү ыкшоолук себеп болуп жаткандыгын баса көрсөттү.

Өмүрбек Текебаев дүйнөдөгү өзгөрүштөр парламентаризмдин өзгөчөлүгүн тастыктап жатканына токтолду:

- Араб жарым аралындагы, Түндүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар Кыргызстандагыга окшогон чоң өзгөрүүлөрдүн болушун шарттады. Алар биздин артыбыздан жекечил өзүм билем бийликтин, үй-бүлөлүк башкаруунун кереги жок деп чыгышты. Буга альтернатива катары бир гана нерсени көрүп жатышат алар. Бул - парламентаризм. Нурсултан Назарбаев дагы президенттик шайлоодон кийин парламентаризмди күчөтөм деди. Ислам Каримов болсо өкмөттүн көпчүлүгүн мындан ары парламент дайындайт деп өзүнүн бийлигинен бөлүшөөрүн айтып жатат. Мына ошонун баары жанагы окуялардын таасиринен улам болуп жатпайбы...

Саясат өзгөргөн менен саясатчылар өзгөрбөй...

Жыйында мындан сырткары мамлекеттик бийликтеги жемкордуктун ооздукталбай жаткандыгы айтылып, буга саясий системанын кандай экендигинен мурун андагы жетекчилердин кимдиги роль ойноп жаткандыгы талкууланды.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев саясий системадан мурун саясатчылардын алдым-жуттумдугу өзгөрбөй жаткандыгын айтты:

- А биз өзүбүз өзгөрдүкпү? Эмне үчүн саясий элитанын маданияты, алардын жоопкерчилиги жана моралы жөнүндө маселе көтөрбөйбүз? Эртең силер бийликке келсеңер силер деле бир нерсени өзгөртүп жиберериңерден мен күмөн санап турам. Ошон үчүн бул жерде жалаң эле саясий система жөнүндө эмес, ошонун башында турган жетекчилер кимдер болот? Мына ушул туурасында маселе койулуш керек.

Жыйын аягында саясий күчтөр парламентеризмди өркүндөтүүнүн шарттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү. Жыйынга чакырылганына карабай парламенттеги башкаруучу коалициянын ичиндеги үч фракциянын жетекчилери келген жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG