Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

КУУ: проректор түшкөн "капкан"


КУУнун башкы имараты
КУУнун башкы имараты

Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги окуу акысынан түшкөн 10 миллион сомго чукул акчаны айлантып, каржылык мыйзам бузганы аныкталган.

Бул кыңыр ишти жабуу үчүн окуу жайдын проректору Нурзак Асанбеков менен башкы эсепчи Ольга Бондарчук 100 миң сом акчаны пара катары көрсөтүлгөн банк эсебине которгону үчүн камакка алынды. Университеттин ректору Чынара Адамкулова бул окуяга өкүнүчүн айтып, кылмышка шектелген аталган кызмат адамдары жумуштан убактылуу четтетилгенин жарыялады. Адистер параны банк аркылуу которууну сейрек кездешчү практика катары атап, мында милиция аларды пара берүүгө түрткөн жагдай болушу мүмкүн деп шек санашууда.

Пара берүүнүн “жаңы технологиясы”

Бишкек милициясынын Бешинчи башкармалыгы Ленин райондук прокуратурасы менен биргеликте улуттук университеттин проректору Нурзак Асанбеков менен башкы эсепчи Ольга Бондарчукту 15-февралда кармап, камакка алды. Буга алардын окуу жайдын каржылык ишмердигин текшерген милиция кызматкерлерине ири өлчөмдө пара сунуштаганы негиз болду. Анткени ага чейинки текшерүү учурунда окуу жайдын казынасынан ири өлчөмдөгү акчанын жетпей калган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казыбаев каржылык мыйзам бузууну жабуу үчүн пара сунуштаган жагдайды айтып берди:

- Окуу жайдын казынасына бир айда эле контрактан 10 миллион сомго жакын акча түшөт экен. Мына ошол акчаны айлантып, коммерция кылып жүрүшкөнү аныкталып калган. Анан ошол фактыга “көз жуумп койгула” деген негизде ооз басырык иретинде 100 миң сом сунушташкан. Аны кантип бересиңер дегенде “банк эсебиңерди көргөзгүлө, ошол жакка которуп койобуз” дешкен. Ушундай жол менен банк эсебине которгон учурда кармалып отурушат. Катардагы эсепчилерден баштап ректорго чейин кечээ суралып, бардыгы көздөштүрүлдү.

"Бул ишти ректор билген эмес"

Бул окуяга байланыштуу Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова эмгек жамаатын атайын жыйынга чакырып, расмий билдирүү жасады.

- Милиция кылмышка шектүү адамды пара берүүгө негиз болчу чагымга түртпөш керек. Өзүнүн кызматын сунуштабаш керек. Биз эми мына ошол пара берүү тууралуу сунуш болгонго чейин эки ортодо кандай сүйлөшүүлөр болгонун билбейбиз да.
Байтемир Ибраев

Окуу жайдын акчасын коммерциялык максатка колдонуу фактысы тууралуу ректордун өзү менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кыргыз улуттук университетинин маалымат катчысы Жээнбек Эралиев каржылык документтерге кол коюу укугу проректор менен башкы эсепчиде болгонун айтты:

- Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулова жыйын өткөрүп, окуяга өтө өкүнүчүн билдирип, укук коргоо органдары бул иш боюнча тергөөнү калыс жана акыйкат алып барат деген ишенимин айтты. Анан эми ал жыйында миллиондогон сом каржылык мыйзам бузуу тууралуу сөз болгон жок. Андай болушу дагы мүмкүн эмес. Каржылык документтерге биринчи кол коюу укугу административдик жана чарба иштери боюнча проректор менен башкы эсепчиде болгон.

Капканга “илүүнүн” кадимки усулубу?

Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Бешинчи башкармалыгы Кыргыз улуттук университетинде кезектеги текшерүүсүн жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө студенттердин окуу акысынан түшчү акчанын максатсыз пайдаланылганы боюнча факт калкып чыгып, мындан улам кылмыш ишин козгоого жетишерлик материалдар топтолгону эскертилген. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев кылмышка шектүүлөрдү пара берүүгө түрткөн өнөкөт соңку мезгилде күчөп кеткенине мындайча токтолду:

- Милиция кылмышка шектүү адамды пара берүүгө негиз болчу чагымга түртпөш керек. Өзүнүн кызматын сунуштабаш керек. Биз эми мына ошол пара берүү тууралуу сунуш болгонго чейин эки ортодо кандай сүйлөшүүлөр болгонун билбейбиз да. Эгерде атайын жаздыруу ачыкка чыкканда ким биринчи бул багытта сөз баштады деген суроого жооп алмакпыз. Анан эми параны башкалардан жашырып, банкка которду деп жатпайбы. Аны кийин ректор көрүп калат, текшерүүчү органдар билип калат деген ой болушу керек эле да. Анан ал акча эмнеге которулду эле деген маселе туулат эле да. Анан ошону проректор менен башкы эсепчи кантип билбесин. Анча-мынча акылы бар адам минтип пара бербейт.

Ошол эле кезде экс-прокурор Байтемир Ибраев из кубарлар адатта козгой турган кылмыш ишине далил жетишпей калганда аны тастыктоо үчүн пара берүүгө түрткөн чагым уюштурууга барышы мүмкүн экенин белгиледи.

Анткени окуу жайдын проректору менен башкы эсепчи “Росинбанктагы” университеттин эсебиндеги акчадан милиция кызматкерлери көрсөткөн “Финанскредитбанктагы” эсепке пара катары 100 миң сом которгон.

XS
SM
MD
LG