Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Апта: фракциялар тиреши кадрларга жеттиби?


Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков

Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков

Узап бараткан аптада Казакстандан алына турган электр энергиянын баасы боюнча эки ача пикирлер чыкты. “Ата Мекен” менен КСДПнын тирешүүсү кадрдык деңгээлге жетти.

Тышкы карыздын көлөмү коркунучтуу деңгээлге жеткени маалымдалды.

Казак электр энергиясынын баасы жана барсканы

Кыргызстан энергетикалык кризистен жумшагыраак чыгуу үчүн аракеттенип жатат. Өзгөчө “баары бир жоопкерчилик менде” болот деген президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга бир чаап барып, Түркмөнстанга бир чаап барып, жетишпей жаткан электр энергиясынын ордун толтуруу үчүн аракеттенүүдө.

Мунун натыйжасында Казакстандан 1 млрд. кВт саат, Түркмөнстандан 700 млн. кВт саат электр энергиясын алуу макулдашылганы маалым болду. Бирок түркмөн тогун Өзбекстан аркылуу алып өтүш керек. Расмий Ташкент болсо өзүнө жолотпой турат. Ал гана эмес, энергетикалык кризисти оорлотуп, газ берүүнү токтоткон. Ошондуктан Казакстандан ток алуу реалдуу болуп турат. Бирок казак тогу кымбаттыгы жана келерки жылы Кыргызстандын суу саясатын тушап алуу мүмкүнчүлүгү менен “кабырганы кайыштырып” турат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Астана, 7-май, 2012-жыл

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Астана, 7-май, 2012-жыл

Белгилүү болгондой, Казакстандан 1 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алуу макулдашылды. Баасы болсо 5 сомдон ашарын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирген.

Турдубаевдин орун басары Айбек Калиев Казакстандын электр энергиясынын бир кВты 5 сом 60 тыйындан болуп жатканын тастыктады. Демек 1 млрд. кВт электр энергиясы ошондо 5 млрд. 600 млн. сом болот. Бюджет тартыштыгынан азап тарткан өкмөт анча каражатты табышы күмөндүү.

Экинчиден, келерки жылы Токтогул суу сактагычы аркылуу Казакстанды сугат сууну камсыз кылуу милдети алынып, бирок андан иштетилип чыккан электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан сатуу макулдашылган эмес. Демек Кыргызстан Казакстанга адаттагыдай эле 1-2 сомдон электр энергиясын сатып, суу запасынан ажырашы, стратегиялык утулушка тушугушу мүмкүн.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков азыркы бийликти мына ушул маселе боюнча кескин сынга алды:

- Бул Кыргызстандын экономикалык, улуттук кызыкчылыгына түп-тамырынан каршы келишим. Анткени 2009-жылга чейин Бакиевдердин убагында Казакстанга 2 сом 10 тыйын баасында электр энергиясын сатышкан. Ал эми 2010-жылдан баштап электр энергиясын эмнегедир абдан арзан сата башташкан. Эң кымбат сатканда 1 сом 90 тыйындан сатышкан. Ошонун эсебинен биздин кээ бир ортомчулар 3-4-жылдын ичинде 100-120 млн. доллар пайда көргөн. Бул биз тарапка келип, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн коррупциялык акча болуп эсептелет. Экинчиден, суу саясатын келерки жылга толук байлап бердик. Нурсултан Назарбаев дипломатиялык тил менен “келерки жылы бизди суудан кор кылбайсыңар деп ишенебиз” дегени "кийинки жылы сууну биз каалагандай бересиңер" деген сөз.

Равшан Жээнбековдун маалыматы боюнча, казак тарап бир кВт электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан чек арага чейин берет. Мындан сырткары Кыргызстанда оперативдик чыгашалар, жоготуулар деген маселелер бар. Ошону менен казак электр энергиясы Кыргызстан көтөрө албай турган деңгээлге жетет.

Энергетикалык эксперт Жаныбек Оморов Кыргызстандын мындай келишимдерге барышын Бишкектин оор абалда калышы менен байланыштырды:

- Эми бул жерде алдын ала пландап, келишимди жылына түзбөй, стратегиялык максат менен бир нече жылга мурун түзсө, эл аралык деңгээлде мындай уттурууга барбайт элек. Ушундай маселелерди жылына шашма түрдө, акыркы учурда чапкылап барып, айткан сөзгө макул болуп эмес, алдын ала мынчалык аргасыз болбогондой кылып, стратегиялык жол менен иш алып барса жакшы болот эле дейм.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Жаныбек Оморовдун айтымында, эми маселе Казакстан менен жетишилген келишимдин негизинде түзүлө турган контракттын шартында турат.

Дагы бир энергетикалык эксперт Николай Кравцов контракт түзүлгөндөн кийин гана келишимге баа берүүгө болот дейт:

- Сөз жетишилген келишим жөнүндө гана болуп жатат. Келишим иштеш үчүн казак тарап менен контракт түзүлүш керек. Анда үч нерсе белгиленет. Биринчиси - көлөмү, экинчиси - баа, үчүнчүсү - режим. Кайсы күнү, кечинде, күндүзбү, түнүбү - булардын баары контрактта жазылат. Контрактка кол коюлганы тууралуу кабарым жок.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, контрактка кол коюш үчүн даярдыктар көрүлүп бүттү:

- Контракт ушул жуманын аягына чейин, же кийинки жуманын башында кол коюлат. Контракттын үстүндө иш бүттү.

Айбек Калиев Казакстандын 1 кВт электр энергиясынын баасы 5 сом 60 тыйын экенин тастыктады. Ал ошондой эле Түркмөнстандын электр энергиясын Өзбекстан аркылуу алып өтүү маселеси сүйлөшүү деңгээлинде экенин кошумчалады.

"Ата Мекен" айбалтасын көтөрдү

14-ноябрда “Ата Мекен” фракциясы жыйын курду. Анда Кумтөр маселеси каралды. Фракция Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңештин комитеттерине тапшырууну чечти.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу 3.5 млрд. долларга турарын эскертти. Шакировдун айтымында, бул атайын жасалган эсептердин жыйынтыгынан алынган сандар. Анткени Кумтөр мамлекетке кайтарылгандан кийин “Центерра Голд” сотко кайрылып, компенсация талап кылат.

“Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов Кыргызстандын колунда улутташтыруу куралы да кала бериш керек, бирок улутташтыруунун арты эмне болору эсептелиш керек дейт:

- Улутташтырып алып, аны минтип иштетебиз, мынча киреше алабыз деген бир да документ менен тааныша элекмин. Эгерде ошондой бир документ болсо, аны мен туура көрүп, кыргыз элине, мамлекетине пайдалуу деп колдойт элем. Бирок андай бир дагы кагаз жок. Жөн эле оозеки түрдө айтылып жатат.

"Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев андай эсептерди өкмөт жүргүзүүгө тийиш эле дейт:

- Өкмөткө Жогорку Кеңеш 6-февралда тапшырма берген. Бир шарттарды коюп, аларды эске алуу менен 50%-50% биргелешкен ишкана түзгүлө деп үч ай убакыт берген. Андай болбосо улутташтыруу боюнча сунуш киргизгиле, анда бүт дүйнөлүк тажрыйбаны, практиканы эске алгыла деген. Үч ай эмес, тогуз ай өттү. Өкмөт эч иш кылган жок. Азыр Жогорку Кеңеш тапшырган шартта түзмөк турсун, “Центеррага” баш ийип, ал айткан шарттардын негизинде иштеп жатат.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, улутташтыруу боюнча мыйзамда “Центерраны” эмес, Кумтөрдү иштетип жаткан “Кумтөр голд компанини” улутташтыруу каралган. Бул компания “Центеррага” таандык болгону менен Кыргызстанда катталган. “Ата Мекендин” алдын-ала эсеби боюнча соттошуулар болсо, Кыргызстан “Центеррага” 170 млн. доллар компенсация төлөшү мүмкүн.

“Ата Мекен” фракциясында Кумтөр боюнча келишимди алдыга жылдырбады деп, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кескин сынга алынып, аны кызматтан бошотуу маселеси көтөрүлдү.

Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу жана өкмөттөгү КСДПнын кадрларын сынга алуу “Ата Мекен” менен КСДПнын “кырчылдашуусу” кадрдык деңгээлине же конкреттүү маселелерге жеткенин далилдейт. Анткени “Ата Мекен” бул маселени көтөрүп чыкканга чейин КСДП Бишкектин Октябрь районунун акими Камалиддин Токтосартовду кызматтан алууга жетишкен. Токтосартов Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгына ылайык, “Ата Мекендин” квотасы менен район акими кызматына келген эле.

“Ата Мекен” менен КСДП мындан сырткары шайлоо мыйзамдары боюнча да кагылышып келатканы маалым. КСДП президенттин күчү менен бул кагылышууда үстөмдүк кылып, бийлик ресурсун толук колго алууда ийгиликке жетишип келатат.

Тышкы карыз коркунучтуу деңгээлге жетти

Узап бараткан жумада каржы министри Ольга Лаврова Кыргызстандын тышкы карызы коркунучтуу чекке жакындап баратканын эскертти. Коркунучтуу чек катары карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60% жетиши мыйзам менен аныкталган.

Бүгүнкү күнкү маалыматтарга караганда, Кыргызстанды ички дүң продукциянын көлөмү быйылкы жылдын он айында 308 млрд. сомдон ашты. Жыл аягына чейин ал 376 млрд. сомдун тегерегинде болуш керек. Бул Статистикалык комитеттин жана бюджеттин көрсөтмөлөрүнө ылайык. Ал эми тышкы карыз 3 млрд. 400 млн. доллардан ашып баратат. Доллардын курсунун өсүүсү тышкы карызды дагы көбөйтүүдө. Азыркы курс менен эсептегенде 3 млрд. 400 млн. доллар 200 млрд. сомго жакындап барат.

Каржы министрлигинин маалымат катчысы Назарбек Малаевдин айтымында, жылдын аягына чейин Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 700 млн. долларга жакындайт:

- Жылдын аягына чейин биздин тышкы карыз 3 млрд. 400 млн. доллардан 3 млрд. 700 млн. долларга жетиши күтүлөт. Ал болсо эсептөөлөр боюнча, ички дүң продукцияга карата 54 пайыздан 58% чейин болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү дагы карыз алуунун үстүндө иштеп жатат. Белгилүү болгондой, Казакстандан 100 млн. доллар, Орусиядан 500 млн. доллар жардам суралган. Андан сырткары кыштан чыгуу, ГЭСтерди реабилитациялоо үчүн да насыялар алынып жатканы маалым.

Тышкы карыздын структурасын карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан карызды эң көп алганы байкалат. Маселен, бүгүнкү күнгө карай Бишкектин Бээжинге карызы 1 млрд. 42 млн. долларды түзөт. Ал карыз өсүп жатат. Анткени Кытайдан алына турган насыялар толук алынып бүтө элек. Кытайдан сырткары Орусиядан 300 млн. доллар, Жапониядан 253 млн. доллар, Германия жана Түркиядан 100 млн. доллардан карыздар алынган.

Көп тараптуу насыялардын ичинен биринчи орунда Дүйнөлүк банк турат. Бул банктан 700 млн. долларга жакын, 600 млн. доллардай Азия банкынан жана 200 млн. доллардын тегерегинде Эл аралык валюта корунан алынган карыздар бар.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, тышкы карыздын көбөйүшү аны төлөө проблемасын жаратат:

- Кыргызстан мындай нерсени башынан өткөргөн. 2003-2004-жылдары ички дүң продукция менен тышкы карыз тең болуп калып, өлкө банкрот болгон. Айла жоктон Париж-1, Париж-2 деген бейформал клубдарга кайрылып, карыздарды төлөөнү кийинки мөөнөттөргө жылдырып, араң-араң төлөөгө мүмкүнчүлүк алганбыз. Ошондой кийин кайталанбасын деп, 60% чектен ашпасын деген санды парламент аркылуу өкмөткө бекитип бергенбиз.

Акылбек Жапаров мурунку карыздар эл аралык уюмдардан жеңилдетилген шартта алынганын, азыркы Кытайдан алынган карыздардын жеңилдетилген мөөнөтү да, төлөө мөөнөтү да кыскалыгы менен опурталдуу экенин эске салды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG