Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Узап бараткан аптада Кыргызстанга Жорж Соростун келиши геосаясий күрөштүн күчөгөнүн көрсөттү. Кыргызстандагы энергетикалык кризистин чыгымдары мамлекеттин моюнуна илинүүдө. Жогорку Кеңеш доллардын курсун 53 сом 50 тыйын деп эсептеген бюджетти кабыл алууда.

Финансылык чайкоочулук менен миллиарддерликке жеткен делген Жорж Сорос 17-ноябрда Кыргызстанга келди. Анын сапарынын максаты - "Бишкек-Сорос" фондунун иши менен таанышуу экени кабарланды. Бирок Соростун Бишкекке сапарын геосаясий өңүттөн караган саясий топтор Бишкекте нааразылык акциясын уюштурду.

Бул акцияны кыргыз бийлиги адаттагыдай кууп тараткан жок. Муну менен расмий Бишкек бир жагынан Орусияга лоялдуулугун көрсөтсө, экинчи жагынан кечинде президент Алмазбек Атамбаев Жорж Соросту кабыл алып, анын көңүлүн да жайгарды.

Орусиячыл топтордун америкалык миллиардердин келишине каршы көчөгө чыгуусу Кыргызстан үчүн күрөштө Москва үстөмдүк кылып жатканын көрсөтөт.

Ошол эле учурда Соростун акчасы Кыргызстанда кезектеги “түстүү ыңкылапты” каржылап жибербесин деген Кремлдин чочулоосунан да кабар берет. Андай чочулоого негиз да бар. Анткени күрөш токтой элек. Маселен, АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон Евразия аймагындагы Орусиянын долбоорлоруна каршы турарын билдирген.

Кыргызстанда миссиясы аяктап жаткан Кошмо Штаттардын элчиси Памелла Спратлен айым Орусия менен жакындашуу Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүдөн күмөн санарын, ошондой эле Бажы биримдигин эмес, эркин сооданы колдоорун билдирген. Украина боюнча тирешүү тунгуюкка кептелип турат.

Алмазбек Атамбаев жана Жорж Сорос

Алмазбек Атамбаев жана Жорж Сорос

Кошмо Штаттар менен Орусиянын тирешүүсү Кыргызстанга терс таасирин катуу тийгизүүдө. Биринчиден, орус рублинин кубатынын кетүүсү кыргыз эмгек мигранттарынын кирешесин азайтууда. Экинчиден, рублдин алсырашы сомдун да күчүнүн кетишине алып келди. Үчүнчүдөн, финансы-экономикалык абалы татаалдашкан Орусиянын Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду аткарышы да оорлойт.

Кыргызстандын мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев Орусия менен Батыштын тирешүүсү Кыргызстанда тобокелчиликтерди жаратууда деди:

- Орусиянын дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр менен тирешүүсүнүн аркасынан тобокелдиктер жаралууда. Бизге тиешелүү тобокелдиктер ошол гана тараптан. Башка сырттан, башка өлкөлөрдөн тобокелдиктер жок. Орусиянын тегерегиндеги, аны менен чектеш өлкөлөр чоң тобокелдиктер турат.

Мына ушундай тобокелдиктерге карабай кыргыз бийлиги Орусиянын интеграциялык долбоолоруна кирүү алдында турат. Белгилүү болгондой, декабрь айында Москва саммитинде Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдин жактырылышы күтүлүүдө.

Энергетикада үч тонолгон мамлекет

Энергетика тармагындагы кризис жана коррупция Кыргызстанды эки-үч эселеп сызга отургузуп, мамлекеттеги финансы-экономикалык кризисти ого бетер тереңдетүүдө. Анткени валютасы алсырап, тышкы карызы коркунучтуу чекке жетип, бюджети тартыштыктан жабыркап турган мамлекет эми казак электр энергиясы үчүн 6 млрд. сомго жакын акча табышы керек.

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Өкмөт Энергетика жана өнөр жай министрлигине Казакстандан 1 млрд. кВт электр энергиясын 5 сом 61 тыйындан сатып алууну тапшырды. Бул өлчөмдөгү жана баадагы электр энергиясы Казакстандан ноябрь айынан тартып, келерки жылдын апрель айына чейин сатып алынат. Ага мамлекеттик бюджеттен же сырттан келген грант, насыялардан эсебинен каражат бөлүнөт.

Энергетикалык кризистин булагы болсо коррупция жана жоопкерсиздик экенин адистер белгилешүүдө. Кыргызстандын мурунку мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов 2010-жылдан 2013-жылга чейин Токтогул суу сактагычына агып кирген суу боюнча маалыматтарды топтоп, бул жылдары орто эсеп менен 12 млрд. 471 млн. кубметрден суу агып кирип, бирок агып чыкканы 14 млрд. кубметрден ашып кеткенин аныктаган. "Сууну рекорддук өлчөмдө агызуунун себептерин атайын комиссия жана тергөө органдары тарабынан иликтенүүгө тийиш", дейт Сарыгулов.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев да бийликтин кургакчылыктан суу азайды деген жүйөлөрү “суу кечпейт” дейт:

- 2011-жыл, 2012-жыл, 2013-жылдары агып кирген суунун көлөмү орто эсеп менен 100% түзгөн. Токтогул суу сактагычына жыл сайын 11-12 млрд. суу келип жаткан. Нормадан ашык келип жаткан. Кургакчылык дейт. Кургакчылык эмес. Бул биздин мамлекеттик башкаруу системасында, аң-сезимибизде кургакчылык болуп жатат. Жаратылышка шылтап коюу оңой эле...

Расул Үмбөталиевдин маалыматы боюнча, Казакстанга ал жылдары электр энергиясы өтө арзан сатылып, ал коррупциялык схемалардан мамлекет ири өлчөмдө зыянга учураган. Ал эми бир ууч чиновник маарыган.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Казакстанга арзан электр энергиясын сатуудан коррупцияланган чиновниктер 100 млн. доллардан ашуун пайда көргөнүн жөнөкөй эсептер далилдеп турганын билдирет.

Мына ошентип түзүлгөн кырдаал кыргыз мамлекети энергетика тармагындагы коррупциядан үч эселеп жоготууга учураганын тастыктайт. Биринчиден, электр энергиясын арзан сатуудан зыянга учураса, экинчиден, Казакстандан кымбат баада мамлекеттин эсебинен сатып алуудан чыгымга учуроодо. Үчүнчүдөн, Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуудагы токтобогон коррупциялык схемалар алып келип жаткан зыяндар кендирди кесүүдө.

Бүгүнкү күндө парламент да, өкмөт да энергетикалык кризистин себептерин, Токтогул суу сактагычында суунун кантип азайып кетишин, эмне үчүн Бишкек жылуулук борборуна бир булактан көмүр сатып алынып жатышын иликтөөгө даабай турат. Ал эми энергетикалык кризис тереңдеп баратат. “Анткени бүгүнкү күндөгү Токтогулдагы 11 млрд. кубметрге жетпеген суу февралга барып 7 млрд. кубметр калат. Андан кийин ГЭСти токтотууга туура келет”, - дейт Расул Үмбөталиев.

Өкмөт формалдуу бюджетти сунуштады

Жогорку Кеңеште келерки жылдын бюджети каралууда. Депутаттар аны биринчи окууда кабыл алышты. Жума күнү “Ата Мекен” фракциясы талкуулабай туруп эле долбоорду жактырганы маалым болду. Эми өкмөт аны экинчи даярдап келиш керек.

Биринчи окууда жактырылган бюджетте бир доллардын курсу 53 сом 50 тыйын деп эсептелген. Акча алмаштыруу жайларында болсо бир доллардын баасы 58 сомго жакындап турат. Ошондуктан өкмөттүн бюджетке мындай жеңил-желпи мамилеси, парламенттин да аны карап, биринчи окууда кабыл алышы түшүнүксүз.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров бюджетти кабыл алууда формалдуулук өкүм сүргөнүн четке какпайт:

- Формалдуулук бар десек жаңылышпайбыз. Себеби доллардын курсун 53 сом деп алышты. Экинчиден, Бажы биримдигине кирүү менен өзгөрүүлөр пайда болгон болсо, аны мезгилинде өзгөртөбүз деп жатат. Мыйзам боюнча 2015-жылдын апрелине чейин кабыл алсак болот. Убакыт бар.

Бажы биримдигине кирүү Бажы төлөмдөрүн топтоодо жана бөлүштүрүүдө кескин өзгөрүүлөргө алып келет. Белгилүү болгондой, Бажы биримдигинде бажы төлөмдөрү бир жерге топтолуп, андан кийин ар бир мүчө мамлекетке бөлүп берилет. Ал эми Кыргызстан үчүн жалпы жыйымдын канча пайызы бөлүнөрү азыр белгисиз дейт Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев:

- Себеби белгисиз. Аны эсептеп туруп, келишимге кол коюлгандан кийин билинет. Келишимге чейин мынча деп кантип айта алабыз.

Бажы биримдигинен Кыргызстанга канча каражат бөлүнүшү так болбой жатышы бюджетти кабыл алууда формалдуулукка алып келип жаткандай.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча Бажы биримдигине кирүү боюнча жумушчу топту ал жетектеп турган убакта Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги квотасын 3% жеткирүүгө аракет жасалган. Бажы биримдиги болсо 1.18% бөлүүнү караштырып жаткан. 1.18% өлчөмдөгү төлөмдүн суммасы азыркы кезде Кыргызстандын Бажы инспекциясы жыйнап жаткан сумманын тегерегинде болушу күтүлүүдө.

Биринчи окууда жактырылган келерки жылдын бюджетинин параметрлерине келсек, анын кирешеси 102 млрд. 702 млн. сом, чыгашасы 117 млрд. 386 млн. сом деп белгиленген. Демек тартыштык 14 млрд. 683 млн. сом болот. Бирок жөнөкөй эле эсептер реалдуу тартыштык 26 млрд. сомдон ашып кетерин көрсөтүп турат. Маселен, бюджетте салык жана бажы төлөмдөрүнөн түшө турган кирешенин өлчөмү 78 млрд. сом деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары 13 млрд. сом салыктык эмес киреше топтолот. Булар кошулганда бюджеттин реалдуу кирешеси 91 млрд. сом болот. Демек тартыштык 26 млрд. сомдон ашык.

Каржы министри Ольга Лаврова 21-ноябрда “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү терс жагына өзгөрүп жатканын моюнга алган. Ал ошондой эле тышкы карыздын өлчөмү да коркунучтуу деңгээлге барып калганын, карыз алууда абайлоо керектигин эскерткен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG