Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Узап бараткан жумада Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековду бир иши боюнча актап, экинчиси боюнча айыппул салды.

Экономикада өсүш болуп жатканы кабарланганы менен улуттук валюта сомдун кубатынын кетүүсү күчөдү. Жогорку Кеңеште “Республика - Ата Журт” фракциясы жетекчи орундарга жолотулган жок.

Валюта базарындагы капсалаң...

Калкты көбүрөөк тынчсыздандырган жагдай узап бараткан жумада валюта базарында түзүлдү. АКШ долларынын өткөн жумада башталган жогору көтөрүлүүсү бул жумада да уланып, бир доллардын сатуудагы баасы 73 сомго жетип барды. Улуттук банк долларга болгон талапты басуу үчүн 6-ноябрда жана 12-ноябрда интервенция жасап, бир жумага жетпеген аралыкта 36 млн. доллар сатты. Бирок доллардын көтөрүлүүсү токтой элек. Доллардын өсүүсү импорттолгон товарлардын кымбаттоосу, доллар менен алынган насыялардын оорлошу, тышкы карыздын көбөйүшү менен опурталдуу.

Валюта базарындагы мындай жагымсыз тенденция өкмөт жана бийликтин айласын кетирүүдө. Мындай абалда Улуттук банк бардык “ачуусун” акча алмаштыруу жайларынан чыгарып жатса, өкмөт экспортту күчөтүү тууралуу “эски обонду” созууда.

Доллардын сомго карата наркы өсүүдө. 13-ноябрь, 2015-жыл

Доллардын сомго карата наркы өсүүдө. 13-ноябрь, 2015-жыл

Экспорт болсо тескерисинче төмөндөөдө. Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча алтынды кошпогондо экспорт 25% төмөндөп кеткен. Жалпысынан тышкы соода 18% ашуунга ылдыйлап, акчалай түрдө санаганда тогуз айда экспорт 1 млрд. 37 млн. долларды түзсө, импорт 3 млрд. 122 млн. доллар болгон. Тышкы соодадагы тескери сальдо үч эседен ашып кеткен.

Эксперттер тышкы соодадагы мына ушул тескери баланс улуттук валюта сомдун күчүн кетирип жаткан негизги фактор экенин белгилеп келатышат.

Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанга ири базарды ачат, экспорт өсөт деген үмүт азырынча актала элек. Тескерисинче айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармагы алда канча өнүккөн өнөктөш Орусия, Беларус жана Казакстан атаандаштыкта артыкчылыкка ээ болуп, мамлекеттик колдоосу жок Кыргызстан чарбалары жана компаниялары кыйын абалда калууда.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев республиканын ун жана жумуртка өндүрүү тармактары кыйынчылыктарга кабылганын тастыктайт:

- Негизинен бул тармактарда кыйынчылык көп. Евразия экономикалык биримдигинде негизги ролдо сертификат турат. Фитосанитардык жана ветеринардык сертификат колуңда болсо эч кандай тоскоолдук болбош керек. Ошондуктан биз бул тармактагы маселелерди, кыйынчылыктарды кошумча нарк салыгын алып таштоо менен чечүү багытында иш жүргүзүп жатабыз. Бул жетишсиз болсо керек. Бирок базар шартында бир топ жакшы натыйжа берет болуш керек. Бул багыттарда иштеп жатабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров парламентте сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык биримдигинде Кыргызстан ишканалары айыгышкан атаандаштыкка туш келип жатканын айтып, өкмөт жергиликтүү компания, ишканаларды коргоо багытында чара көрүш керектигин эскертти.

10-ноябрда Улуттук статистикалык комитет быйылкы жылдын он айындагы социалдык-экономикалык өсүшү тууралуу маалымат жарыялады. Ага караганда, он айда ички дүң өнүм 104.8% өскөн. Кумтөрдү кошпогондо өсүш бир аз төмөн болуп, 104% түзгөн. Айыл чарбасы быйылкы жылы жагымдуу аба ырайына жараша 106.3% өскөн. Бирок өнөр жайында абал көңүл жубатарлык эмес. Өзгөчө текстиль, тигүү тармактары кескин төмөндөөдө.

Келдибековду актап, айыппул салган сот

12-ноябрда Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековдун иши боюнча чечим кабыл алды. Райондук соттун судьясы Абдразак Боромбаев Келдибековду Салык кызматын жетектеп турган мезгилдеги кылмыш иши боюнча толук актады. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде Москвада парламенттин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча иште күнөөлүү деп таап, 3 млн. сом айып салды.

Райондук соттун чечимине ылайык, Акматбек Келдибеков коррупция беренеси боюнча акталып, кызмат абалынан ашыра пайдалануу боюнча айыпталып отурат. Соттун чечими окулушу менен Келдибеков сот залынан бошотулду.

Акматбек Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров соттун чечими айласыздын иши болду дейт:

- Бул жерде айыптоочу өкүм болгон менен эч бир далил жок болуп атпайбы. Алардын койгон далилин биз сотто жокко чыгарганбыз. 89 депутаттан 56 депутат келип, биз өзүбүз токтомго добуш бергенбиз деп жокко чыгарган. Ошол токтомду жазган Талант Мамытов келип өзү көрсөтмө берген, мен жазганмын деп. Ал эми судья Мамытовдун сотто берген көрсөтмөсүнө сын көз караш менен караш керек деп койду. Мунун өзү дагы соттун айыптоо багытында барганын көрсөтөт. Эмне үчүн сотто берген көрсөтмөгө ишенбейт? Анткени өкүм башынан эле айыптоочу болгон. Судья сотто иликтенген далилдерге гана таяныш керек болчу.

Азимбек Бекназаров Келдибековду толук актоого жетишүү максатында жогорку сот инстанцияларына апелляциялык арыз менен кайрылышарын кошумчалады.

Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө прокуратура да нааразы. Башкы прокуратура Келдибековду биринчи жана экинчи кылмыш иштери боюнча айыптоого жетишүү үчүн кийинки баскычтагы сот инстанцияларына кайрыларын билдирди. Демек, Келдибековдун ишинин Бишкек шаардык сотунда уланышы күтүлөт.

Биринчи Май райондук соттун чечими боюнча Келдибеков соттолгон болуп калды. Ошондуктан анын шайлануу укугу чектелди. Бирок алдыда жогорку сот инстанцияларынын чечимдери бар. Мына ошолордун чечимине жараша Акматбек Келдибековдун саясаттагы кадамдары аныкталар. Бирок саясий жараяндардан оолактап четте калбашы анык. Муну ал быйылкы жылдагы парламенттик шайлоого кыйыр түрдө катышуу менен далилдеген.

Акматбек Келдибеков 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишкен “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири болгон. Ал 2013-жылы ноябрь айында Башкы прокуратура тарабынан камакка алынып, мына ошондон бери тергөө жана сот иштери менен келатат.

2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында “Ата Журт” партиясы “Республика” менен биригип, “Республика-Ата Журт” аталган. Бирок Келдибековдун бул партия менен байланышы жок.

Ак үйдү “коркуткан” “Республика-Ата Журттун” таскагы...

Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев жетектеген “Республика-Ата Журт” партиясы азыркы бийлик чочулаган күчкө айланып, алар бийликти ээлеп албашы үчүн атайын конституциялык реформа жасала турган болууда.

Парламентте болсо “Республика-Ата Журтка” бир да комитет ыраа көрүлгөн жок. Конституция боюнча оппозицияга бөлүнгөн комитеттер жана төрага орун басарлары “Бир бол” фракциясына берилди. Борбордук органдарда оппозиция үчүн берилген кызмат орундар да “Бир болдун” кадрлары менен толукталып, “Республика-Ата Журттун” өз кадрларын кызматтарга орноштуруу ою да ишке ашпай калчудай. Бул “Бир болдун” талапкери Нурбек Мурашевдин Эсептөө палатасынын аудиторлугуна көрсөтүлүп жатышы менен да тастыкталат.

Журналист Нарын Айып “Республика-Ата Журтту” парламенттеги жетекчи орундарга жолотпоону кызганыч катары баалап, ошол эле учурда бийликтегилерде коркуу сезими бар деген пикирлерге кошуларын айтты:

- Корккон жагы деле болуш керек. Анткени “Республика-Ата Журт” аябай күчтүү иштеп, экинчи орунга чыгышты. Ошон үчүн булар ишин ушул бойдон улантып, эки жылдан кийин президенттик шайлоого чыкса, абдан күчтүү болуп, биз эч нерсеге жете албай калабыз дегендей болушту. Кандай болгон күндө да “Республика-Ата Журттун” айланасындагы окуялар президенттик шайлоо менен байланыштуу. Анткени булар күчтүү атаандаш болуп атат.

Ошол эле учурда Өмүрбек Бабанов сыяктуу ишкерлерди бийликке жолотпош керек, андайлар өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөп калат деген ишенич бардыгын Нарын Айып кошумчалады.

Конституциялык реформаны президент Алмазбек Атамбаев 6-ноябрдагы сөзүндө президенттик шайлоо менен түздөн-түз байланыштырган. Конституцияны өзгөртүү маселеси 10-ноябрда Жогорку Кеңештин координациялык кеңешинде талкууланганын төрага Асылбек Жээнбеков кабарлады. Анын айтымында, президенттик аппарат, өкмөт, парламент жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституцияны кандай өзгөртүүнү талкуулаш керек.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Курманбек Осмонов Конституциялык кеңешме түзүлүп, анда Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоор талкууланыш керек дейт:

- Калыптанган салтка ылайык Конституциялык кеңеш түзүлүшү керек. Ал кеңешке элдин кеңири катмарындагы өкүлчүлүктөр кириш керек. Коомчулуктан, окмуштуулар, практиктер, жер-жердерден өкүлдөр кириш керек. Анан парламентке эле берип коюп, мына өзүңөр чече бергиле, кааласаңар президентти шайлайсыңар, баарын силер башкарасыңар деген менен парламент кабыл алган чечим үчүн ким жооп берет? Депутаттар кабыл алган чечим үчүн жооп бербейт.

Курманбек Осмоновдун пикиринде, конституциялык реформа кайсы бир саясий топтун эле кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлбөш керек. Ал реформанын мамлекеттик түзүлүшкө, калкка, геосаясий абалга кандай таасир этери өтө дыкаттык менен эске алыныш керек.

Азырынча президент, өкмөт жана көпчүлүк коалицияда конституциялык реформаны өткөрүү боюнча дем жана дымак байкалбайт. Көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коомчулуктун реакциясына жараша жылат деген пикирде:

- Комитет иштеп атат. Башкалар менен кеңешүүлөр жүрүп атат. Коомчулуктун реакциясын көрүш керек. Анан ошол пикирди эске алуу менен иш жылат.

Бирок да Жогорку Кеңеште конституциялык реформа тоскоолдукка учурайт дегенге негиз жок. Анткени көпчүлүк коалиция президенттин ыгында болбой кое албайт. Ал эмес оппозициялык “Республика-Ата Журт” фракциясы да өзгөртүүнү колдоп чыгышы толук мүмкүн. Анткени бул партия шайлоо өнөктүгү учурунда азыркы бийлик системасын өзгөртүп, таза президенттик же таза парламенттик системага өтүүнү негизги ураандарынын бирине айланткан. Фракциянын мүчөсү Максат Сабиров Конституцияны өзгөртүү ишине алар катышууга даярдыгын “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми жарандык коом тарабынан маселе чыгышы мүмкүн. Анткени жарандык коомдун өкүлдөрү быйыл июнь айында Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү демилгесин көтөрүп чыкканда каршы болгон. Президент Алмазбек Атамбаев мына ошондо коомчулуктун пикирин эске алуу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү токтото турууну жактап, ал токтотулган эле.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдырасулова мына ошондон бери жарандык коомдун өкүлдөрү пикирин өзгөртө элек дейт:

- Жарандык коомдун өкүлдөрү өзүбүздүн позициябызда жарандык коомдун форумунда аныктаганбыз. Анда биз 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизилбесин дегенбиз. Ошол бойдон турабыз. Форумдагы чечимибиз күчүндө турат.

Бирок да бийликти сындап келген оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Кубатбек Байболов демилге кандай максатта көтөрүлбөсүн таза парламенттик системага өтүү колдоого алыныш керектигин билдиришүүдө.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган Конституциянын 114-беренесине ылайык, ага референдум аркылуу гана өзгөртүү киргизүү мүмкүн. Ошондуктан бийлик Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн келерки жылга референдумга барышы күтүлөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG