Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Жогорку Кеңеште конституциялык реформаны тездетүү чакырыгы чыга баштады. Президенттин демилгесинен кийин жандана баштаган бул чакырыкты турмушка ашыруу үчүн кандай чечимдер кабыл алынышы керек?

6-ноябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев келерки президенттик шайлоого чейин конституциялык реформаны өткөрүп, европалык типтеги парламенттик системаны киргизүүнү сунуштаган. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылы болууга тийиш.

Президенттин сунушу Жогорку Кеңештин координациялык кеңешинде талкууланып, бул багытта иштерди тездетүү чечими кабыл алынганын Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-ноябрда маалымдады. Ага караганда, президенттик аппарат, өкмөт, парламент жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен маселени талкуулап, конституциялык реформаны кантип ишке ашыруу аныкталышы керек.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган Конституцияга өзгөртүү киргизүү татаалдашкан. Конституциянын 9-бөлүгү атайын мына ушул маселеге арналган. Бирок референдум аркылуу өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк калтырылган. Конституциянын 114-беренесинин биринчи бөлүмүнө ылайык, Конституцияга өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум аркылуу киргизүүгө болот. Ал эми Жогорку Кеңеш аркылуу Баш мыйзамды жаңылоо 2020-жылдан кийин гана мүмкүн.

Ошондуктан Конституцияны өзгөртүү боюнча президенттин демилгесин ишке ашыруу үчүн долбоор даярдап, аны референдумда кабыл алынышы күтүлөт.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Курманбек Осмонов Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү референдум жолу менен гана мүмкүн экенин белгилеп, эми Конституциялык кеңешме түзүлүп, анда Баш мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоор талкууланышы керек дейт:

- Калыптанган салтка ылайык Конституциялык кеңеш түзүлүшү керек. Ал кеңешке элдин кеңири катмарындагы өкүлчүлүктөр кириши зарыл. Коомчулуктан, окумуштуулар, практиктер, жер-жерлерден өкүлдөр кириш керек. Анан парламентке эле берип коюп, мына өзүңөр чече бергиле, кааласаңар президентти шайлайсыңар, баарын силер башкарасыңар деген менен парламент кабыл алган чечим үчүн ким жооп берет? Депутаттар кабыл алган чечими үчүн жооп бербейт.

Курманбек Осмоновдун пикиринде, конституциялык реформа кайсы бир саясий топтун эле кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлбөшү керек. Ал реформанын мамлекеттик түзүлүшкө, калкка, геосаясий абалга кандай таасир этери өтө дыкаттык менен эске алынышы зарыл.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүнө караганда, конституциялык реформа маселеси Жогорку Кеңештин комитетинде карала баштады:

- Комитет иштеп атат. Башкалар менен кеңешүү жүрүп атат. Коомчулуктун реакциясын көрүш керек. Анан ошол пикирди эске алуу менен иш жылат.

Жогорку Кеңеште конституциялык реформа тоскоолдукка учурайт дегенге негиз жок. Анткени көпчүлүк коалиция президенттин ыгында болбой кое албайт. Ал эми жарандык коом тарабынан маселе чыгышы мүмкүн. Анткени жарандык коомдун өкүлдөрү быйыл июнь айында Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү демилгесин көтөрүп чыкканда каршы болгон. Президент Алмазбек Атамбаев мына ошондо коомчулуктун пикирин эске алуу менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү токтото турууну жактап, ал токтотулган эле.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдирасулова мына ошондон бери жарандык коомдун өкүлдөрү пикирин өзгөртө элек дейт:

- Жарандык коомдун өкүлдөрү өзүбүздүн позициябызды жарандык коомдун форумунда аныктаганбыз. Анда биз 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизилбесин дегенбиз. Ошол бойдон турабыз. Форумдагы чечимибиз күчүндө турат.

Кыргызстанда конституциялык реформа жүргүзүп, курултай институтун киргизүүнү жактаган жарандардын тобу “Кыргыз улуттук биримдик” кеңешин түзүшкөн. Ал бирикменин лидери Мукар Чолпонбаев конституциялык кеңешме түзүлсө, алар өзүнүн долбоору менен чыгарын билдирди. Маалыматка караганда, ал долбоордо курултай институтун киргизүүгө басым жасалат. Ошол эле учурда Мукар Чолпонбаев президент Атамбаев өз бийлигин сактоону көздөп конституциялык реформага баратат деп, сынга алды. Бирок дагы бир юрист Кубатбек Байболов демилге кандай максатта көтөрүлбөсүн таза парламенттик системага өтүү колдоого алыныш керек деген пикирде.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG