Линктер

Узап бараткан аптада Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жыйынтыкталды. Конституция боюнча акыркы вариантта кандай өзгөрүү бар? Өзбекстанда Конституцияны бузуу жолу менен премьер-министр мамлекет башына келгени маалым болду.

Көкөлөткөн көчмөндөр оюну, кырчылдаштырган Конституция "оюну"

Узап бараткан аптада Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аяктады. 3-сентябрда башталган оюндарга 62 мамлекеттен келгендер спорттун 20дан ашык түрү боюнча мелдешти. Жалпы командалык таймашта медалдардын көптүгү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Андан кийинки орунга Түркмөнстан жана Казакстан спортчулары жетишти.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи жогору баага татып, бийлик андан өзүнө упай тапты. Оппозиция менен Конституция боюнча кырчылдашып жаткан учурда бийлик үчүн бул упайдын баасы жогору да, маанилүү да. Бирок ал оюндардын келечеги кандай болот, ал адеп уюштурулганда көздөлгөндөй, дүйнөдөгү бардык көчмөн элдердин мурасына айланып, эл аралык деңгээлге чындап көтөрүлө алабы деген суроолорду жаратты.

Сапар Исаков

Сапар Исаков

Баштапкы идея боюнча Көчмөндөр оюнун Кыргызстандан кийин башка өлкө өткөрүп алыш керек эле. Бирок ал ишке ашпай калгандай. Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаков Көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу Кыргызстанда өткөрүлүп турарын билдирди:

- Мен расмий түрдө бүгүн жарыялап койгум келет: Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ар бир эки жылда бир жолу Кыргызстанда өткөрүлүп турат.

Казакстан, Түркмөнстан, Түркия жана башка Көчмөндөр оюнун демилгелеген өлкөлөр көчмөндүктөн алда качан кеткенбиз деп жатабы же башка себеби барбы, айтор, кезектеги оюнду өткөрүүгө эч кайсы өлкө дилгир болуп чыккан жок.

Көчмөндөр оюнун каржылоодогу көптөгөн маселелерге карабай, кыргыз бийлиги ири иш-чараны ийгиликтүү өткөрдүк деп, аброй күтүп отурат. Албетте бийлик аны күзгү саясий күрөштө көзүр катары колдонот. Экономика аксап турганда бийлик үчүн референдум өткөрүүдө андай көзүрлөр аба менен суудай эле зарыл.

Бирок оппозиция да Конституцияны өзгөртүүгө каршы күрөштө бийликти чегиндирип, ийгиликке жете алды. Бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоордун биринчи вариантынан баш тартып, бир катар беренелерди өзгөртүүгө аргасыз болду. Маселен, бийлик Конституциянын 1-беренесине сунушталган өзгөртүүлөрдөн толук баш тартты.

Премьер-министрди “түшпөс ханга”, Конституциялык палатаны “кол балага” айланта турган айрым жоболорду жумшартууга барды. Маселен, биринчи вариантта каралган өкмөттү кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын 3/2 добушу керек, Конституциялык палата чечимин же корутундусун президент жана Жогорку Кеңеш менен макулдашыш керек деген жоболордон баш тартты.

Бирок ага карабай “бир кадам алдыга, эки кадам артка” дегендей бийлик премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бекемдөө жана аны кызматтан алууну татаалдатуу боюнча айрым жоболорду калтырган. Маселен, фракциялардын коалициядан чыгуусу татаалдаштырылган. Андай чечим кабыл алуу үчүн фракция мүчөлөрүнүн 3/2 добушу керек деп каралууда. Бюджет каражаттарына байланыштуу чечимди парламент өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл ала алат. Өкмөт башчынын министрлерди жана жергиликтүү бийлик башчыларды кызматтан бошотууда ыйгарым укуктары кеңейтилген жана күчөтүлгөн.

Конституциянын 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген туруктуулугу анын өзгөрүүсүнө караганда баалуу жана принципиалдуу болуп эсептелет.

Конституциялык палата чечим чыгарарда президент жана Жогорку Кеңеш менен макулдашууга тийиш деген жобо өтө көп сынга кабылган. Ал жаңы вариантта өзгөртүлдү. Анда Конституциялык палата алдын ала чечим чыгарып, ага тараптар өзүнүн каршы жүйөсүн келтире алат деген эреже сунушталууда. Андан сырткары акыркы чечимди Конституциялык палата 3/2 добуш менен кабыл алат деп жазылууда.

Конституцияны өзгөртүү долбоору прокуратура кызматын да камтыган. Анда башкы прокурорду кызматтан алуу татаалдаштырылган. Азыркы Конституцияда башкы прокурорду кызматтан бошотуу үчүн депутаттардын 3/1 макулдугу керек болсо, жаңы долбоордо көпчүлүгүнүн макулдугу керектиги белгиленген.

Талдоочулар премьер-министрдин бийлигин бекемдөө жана аны кызматтан бошотууну татаалдаштыртууну Алмазбек Атамбаевдин бул кызматка келүү мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууда. Башкы кызматтан алууну татаалдантуунун артында да азыркы президент дайындаган кадрларды сактоо максаты жатканы айтылган.

Оппозициялык саясатчылар жана жарандык коом бийлик тарабынан жасалган чегинүүнү кабыл алган жок. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн максаты 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө тууралуу талап кала берет дейт:

- Биз башынан эле референдумга каршы болуп жаткан бардык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар бир принципиалдуу позицияны карманганбыз. Биз эч кандай талкууга барбайбыз. Конституциянын өзгөрүшүнө, референдумга каршыбыз деген пикирдебиз. Анын маңызын талкуулабайбыз. Ошондуктан бийлик маңызын кандай гана өзгөртүп, кандай гана чегинүүгө барбасын, биз референдумга каршыбыз деген позицияда турабыз. Анткени Конституциянын 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген туруктуулугу анын өзгөрүүсүнө караганда баалуу жана принципиалдуу болуп эсептелет.

Равшан Жээнбековдун айтымында, оппозиция жакынкы мезгилдерде жалпы элдик курултай чакыруунун үстүндө иш жүргүзүп жатат.

"Падыша өлдү, жашасын жаңы падыша!"

“Падыша өлдү, жашасын жаңы падыша!” деген Батыштын лакап сөзүнүн чындыгы узап бараткан жумада Өзбекстанда айгинеленди. Өзбекстан истеблишменти Конституцияга каршы келген шартта премьер-министр Шавкат Мирзиёевге мамлекет башчынын милдетин аткарууну жүктөдү.

Өзбек парламентинин Сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев Конституция талап кылган мамлекет башчынын милдетин аткаруудан өз эрки менен баш тартып, бул кызматка “жетекчилик тажрыйбасы мол, калкка таанымал” Шавкат Мирзиёевди дайындоону сунуштады. Өзбекстан парламентинин кош палатасынын депутаттары 8-сентябрдагы биргелешкен жыйында сунушту бир добуштан колдоп, кол чабуулар менен Шавкат Мирзиёевди мамлекет башына алып келди.

Шавкат Мирзиёев

Шавкат Мирзиёев

Өзбекстан элитасы мындай бүтүмгө кандай шартта келди? Чындап эле алар кыйын учурда консенсуска келиштиби же КГБнын эң таасирлүү башчысы Рустам Иноятов жана Шавкат Мирзиёев биригип, башкаларды унчукпоого, ал эми Нигматулла Юлдашевди мамлекет башчынын милдетин аткаруудан бар тартууга мажбур кылган жокпу деген суроолор жаралууда. Бирок ага ачык жооп жок. Анткени Өзбекстан жабык коом жана андай саясий жараяндар да көшөгө ичинде жүргөндүктөн, Конституцияны бузуу менен Мирзиёевди алып келүүнүн кандай ыкма менен ишке ашканын бир жактуу айтуу кыйын.

Орусиянын “Независимая газета” басылмасынын баяндамачысы Виктория Памфилова Мирзиёевдин мамлекет башчысы болуп дайындалышы жакында боло турган Өзбекстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын да аныктап койду деп эсептейт.

Памфилова Владимир Путиндин 7-сентябрда Самаркандга келип, Ислам Каримовдун өлүмү эле эмес, Мирзиёев менен орус-өзбек мамилесинин келечеги жөнүндө сүйлөшкөндө эле жаңы өзбек башчысы ким болору аныкталган дейт:

- Бул деген Шавкат Мирзиёев мындан ары Өзбекстандын туруктуу башчысы болот дегенди билдирет. Биринчиден, аны менен Владимир Путин мамлекет башчысы катары жолугушуп, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлүмү жөнүндө эле эмес, Өзбекстан менен Орусиянын андан ары кызматташуусунун жолун да сүйлөштү. Бул деген Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды жетектерин билдирген. Нигматулла Юлдашевдин баш тартып, Конституцияны кыйгап өтүүнү эмне дейбиз эми, элита ошондой келишимге келди да...

Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышы Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине каршы келет. Ал берене боюнча үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин президенттин милдетин Сенаттын төрагасы аткарып туруш керек эле.

Маркум Ислам Каримов Конституциянын 96-беренесине мына ушундай өзгөртүү киргизүү максатын кокусунан президент ишке жарамсыз болуп калса, кландар, топтор, саясий күчтөр ортосунда талаш-тартышка жол бербөө менен түшүндүргөн эле:

- Сунушталып жаткан дагы бир маанилүү өзгөрүш Өзбекстан республикасынын Конституциясынын 96-беренесине таандык. Мамлекет башчысы ар кандай себептерге байланыштуу өз милдетин аткара албай калган шарт түзүлгөндө, мына ушул беренени ар кандай талкууга албаш үчүн өзгөртүү киргизилүүдө. Ага жараша, мамлекет башчысы милдетин аткара албай калган шартта анын милдетин аткаруу Өзбекстан Республикасынын Олий мажилисинин Сенатынын төрагасына жүктөлөт. Үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлөт.

Талдоочулар маркум Ислам Каримов Конституцияны бузуп эчендеген жолу президент болуп шайланганын, анын иш жүзүндөгү мураскери Шавкат Мирзиёев да адегенде эле Конституцияны бузуу менен өзбек тактысына отурганын айтышууда. Ошондуктан бул жерде өзбек талдоочулары “устатынан шакирти өтүптүр” деген сөздү дагы көп айтышууда.

Казакстан Өзбекстандан сабак алдыбы?

Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун күтүүсүз өлүмү бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен бийлик-байлыкка тунган Борбор Азия режимдерин мураскер маселесин ойлонтууга мажбур кылды. Түркмөнстанда, Тажикстанда президенттер салыштырмалуу жаш болуп, бул маселе өтө курч турбайт. Ал эми Каримов менен жашташ “элбасы” Нурсултан Назарбаев бекем ойлонуп, мураскер операциясын баштаганы айтылууда. Президент Назарбаевдин 8-сентябрда казак өкмөт башчысы Карим Масимовду кызматынан кетирип, Улуттук коопсуздук комитетине алып баруусу мына ошол “мураскер” операциясынын башталышы катары бааланууда.

Карим Масимов

Карим Масимов

Казакстандык саясат таануучу Амиржан Косанов Масимов өкмөт башчы катары Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздай албады, ошондуктан өкмөт башчыга айтылган сын акырындап президент Назарбаевге өтө баштады, мындай шартта ал өкмөт башчыны алмаштырды дейт.

Экинчиден, "мураскер операциясы" үчүн Масимовдой ишенимдүү адамдын Улуттук коопсуздук комитетинде болуш кажет дейт Косанов:

- Алдыда мураскер операциясын турмушка ашыра турган топтор бар. Балким ошол сценарийдин ичинде Масимовдун келечекте саясий күчү арта турган Улуттук коопсуздук комитетине барышы каралган чыгар. Мисалы, кечээ күнү Өзбекстанда Каримовдон кийин бийликтин өтүүсүн камсыздоочу катары өзбек атайын кызматынын башчысы Иноятовдун ысмы аталды. Ошол сыяктуу Масимов мырза Улуттук коопсуздук комитетине барып, болочок мураскер операциясын аткарууга керек болду деп ойлойм.

Карим Масимов президент Назарбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири экени белгилүү. Ал эки жолу өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын ортосунда президенттик администрацияны жетектеди. Назарбаевдин маркум күйөө баласы Рахат Алиев президент Назарбаев үй-бүлөнүн акча-байлыгына байланыштуу маселени Карим Масимовго ишенип тапшырганын айтып кеткени белгилүү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG