Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Президент "апрелчилерди" эстеди


Президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда апрель ыңкылабына катышкандар, жабыр тарткандар жана курман болгондордун тууган-уруктары түзгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү жолугушуу “апрелчилердин” сунушу менен өткөнүн жана алар талап-тооночулук боюнча айыпталып жаткан айрым саясатчылар жоопкерчиликтен качууга аракет жасап жатканын айыпташканын кабарлады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев "апрелчилер" менен мындай форматта жолугушкан эмес. Өкмөт башчылардын ичинен Жоомарт Оторбаев гана апрель ыңкылабынын катышуучуларын кабыл алган эле.

"Баатырлардын атын колдонбогула"

Президент менен жолугушуунун алдында “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камап жоопко тартууну талап кылып митинг уюштурарын жарыялаган эле.

Абдраим Касымов апрель баатырларынын бири жана “Апрель байрагы” коомдук уюмунун мүчөсү. Ал жолугушууда президентке “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча талап айтылганын бышыктады:

- Текебаев убагында Конституцияны өзгөртүү иштеринин башында отурган, Конституциянын атасы. 7-апрелде "Форумда" ант берген. Ошол Баш мыйзам жазган киши мыйзам чегинде жооп берсин. Азыр эми элди топтоп ызы-чуу кылбай, ишин сотто, милицияда, УКМКда чечип алышы керек. Ушунча эл топтоп жатканына караганда кандайдыр бир күнөөсү бар болушу керек. Биз, революционерлер, анын эл чогултуп жатканын түшүнбөй калдык. Биз бүгүнкү жыйында ушундай деп сөз кылдык. Атамбаев "эгер зарылчылык болсо мен деле сотко барайын, мен күнөөлүү болсом мени камагыла" деп айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаев апрель окуяларында курман болгон баатырлардын атын талап-тоноочулук, коррупция боюнча айыпталган саясатчылар пайдаланбашы керек деген дооматты жүйөлүү деп билдирди. Азыркы бийликке күч колдонуу таасир бербей турганын айтты:

- Президент Алмазбек Атамбаев көп жагынан коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлерине кошула тургандыгын белгиледи, бирок, аларды мыйзамдуулукка чакырды. “Укук коргоо органдары ийне-жибине чейин териштирип, аныгына чыгат жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат деп ишене турганын айтты. Эч кандай бийликке басым көрсөтүү аларга жардам бербей турганын кошумчалады. “Эми өлкөдө кол тийгистер жок. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги артында 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору”, деди президент.

Мунун алдында парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мурунку депутаты,“Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаев Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринен эки эсе көп эл топтоп митинг уюштурарын айтып чыккан:

- Текебаев жоопкерчиликке тартылсын. Үй камагына чыгарылбасын. Камалсын, жазасын алсын деп талап кылабыз. Мындан тышкары митингден түшпөй, сүйлөп жаткан коррупционер саясатчылар да кетсин. Алардын ордуна кыргыздын жаңы мууну, чет жакта окуп келген жаш, патриот балдарыбыз келсин.

Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Анткен менен бийлик "апрелчилерди" Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митингине каршы коюу үчүн гана "эстеди" деген пикирди кармангандар да бар. Укук коргоочу Качкын Булатов апрель ыңкылабы максатына жетпей, "апрелчилердин" жүрүм-туруму көп суроо жаратарын белиглейт:

- Алмазбек Атамбаев бир кезде аны колдоп жүргөн санаалаштарын азыр жолотпой, кабыл албай, башкарууга жеңил болгондорду колдонуп жатат. "Апрелчилерди" баатыр деп айтууга ооз барбайт. Булар эчак эле апрель ыңкылабынын маанисин, миссиясын жок кылышкан. Мисалы, бүгүн Нарындагы митингдин катышуучуларын коркутуп, дал ушул “апрелчилер” таратып жиберишти. Бийлик буларды элге каршы колдонуп жүрөт. Булардын жүрүм-турумун, кылык-жоругун, сөзүн эл колдобойт. “Апрелчилер” өз деңгээлин түшүрүп алышкан.

Ошол эле маалда мындай саясий күчтөр жана алардын тарапташтарын кайраштыруунун кесепети оор болоорун эскерткендер да жок эмес. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудиновдун пикиринде, мындай абалды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн:

- Элди кагылыштырууга алып барбаш керек. Азыр эми-эми тыңыйбыз деген, демократиянын нугунан чыкпайбыз деген абалда турганда элди бөлүп-жарып кагылыштырсак, анда чоң чатак чыгышы мүмкүн. Эң эле опурталдуусу – бул чатакты башка бир күчтөр, шайлоого таасир кылгысы келген үчүнчү жактар пайдаланып кетиши мүмкүн. Негизи эки тарап тең ушул абалга чейин жетпеши керек эле. Ортодон да эки тарапка чыгып жагалданган, андай-мындай кыла коем деген ар кандай кошоматчылар чыгып жатат. Мына ушуларды токтотушу керек. Тилекке каршы, азыр сөзү өтүмдүү кадыр-барктуу адамдар да калбай калды.

Эркин Асаналиев дагы апрель баатырларынын бири. Ал апрель ыңкылабынын катышуучулары, жабыркагандар, мерт болгондордун тууган-уруктары түзгөн бир дагы коомдук уюмдун мүчөсү эмес. Ал мындай уюмдар кайсы бир саясатчылардын жана саясаттын куралына айланып калганына токтолду:

- Мен, мисалы, Нарында ошол апрель окуяларына катышпай туруп эле ошондой коомдук уюмдардын мүчөсү болуп алып, үй, дагы башка социалдык жардамдарды алып жүргөн адамдарды билем. Биз убагында алар тууралуу УКМКга деле айтканбыз. Мына ушундан улам мындай коомдук уюмдар кайсы бир саясий лидерлердин, топтордун буйрутмасын аткарып, алардын куралы болуп жатат. Соңку окуялар боюнча айтсам, мен азыр ортодо турам, бийликти да, оппозицияны да колдобойм. Кимдин ким экенин убакыт да көрсөтөт болушу керек. Азыр кайсы тарапка ишенерибизди билбей турабыз. Себеби экөө тең - Атамбаев да, Текебаев да революцияда болгон. Экөө чогуу жүрүшкөн. Менимче, азыр экөөнүн жеке кызыкчылыгы мамлекеттик деңгээлине чыгып кетти окшойт.

27-февралда президент менен жолугушууда “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Эр Теги” жана “Апрель байрагы” коомдун уюмдарынын 20дан ашык өкүлдөрү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG