Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Улуттук кеңештен оппозиция куулабы?


Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылкы кезектеги жыйыны. Сүрөттө: Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Шарипов, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. 27.11.2014
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылкы кезектеги жыйыны. Сүрөттө: Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Шарипов, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. 27.11.2014

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жаңы курамына оппозициялык саясатчы менен укук коргоочу кирбей калды.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жаңы курамына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен укук коргоочу Динара Ошурахунова кирбей калды.

Президенттик аппарат бул кеңешке ким кирип-кирбей турганын Алмазбек Атамбаев өзү чечет деп түшүндүрдү. Текебаев болсо азырынча үн ката элек.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн жана ошондон бери ага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетечилеринен сырткары парламенттеги бардык фракциянын лидерлери мүчө болуп келген эле.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жаңы курамы тууралуу жардыкка 17-ноябрда кол койгон. Анда өзү баштаган 27 адамдын аты аталган жана Жогорку Кеңештеги “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевден башка бардык фракциялардын жетекчилери кирген.

Белизден алынган жооп

Белизден алынган жооп

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов кеңештин курамын Атамбаев өзү аныктайт деп түшүндүрдү жана Текебаев соңку күндөрү күч алып жаткан саясий тирештин айынан, жеке таарынычтан улам кирбей калды деген дооматтарды жокко чыгарды:

- Кеңештин түзүмүн президент өзү аныктайт. Мурда парламенттеги коалицияга төрт фракция кирчү. Кеңештин курамына ушул төрт фракциянын лидери кирчү. Азыр болсо башкаруучу коалиция үч фракциядан куралды. Ошол үч фракциянын жана оппозицияда калган эки фракциянын жетекчилери кирди. “Ата Мекен” болсо депутаттарынын саны эң аз фракция болуп жатпайбы. Негизи Улуттук кеңештин курамы кандай болорун президент өзү аныктайт.

Өмүрбек Текебаев бул тууралуу азырынча үн ката элек. Улуттук кеңештин жаңы курамына укук коргоочу Динара Ошурахунова да кирбей калган. Ал мындай чечим тууралуу эч ким түшүндүрмө бере электигин билдирди:

- Улуттук стратегияны жазып, аны кабыл ала турган орган жок болчу да. Ошондуктан улуттук кеңеш түзүлгөн. Ага парламенттеги ар бир фракциянын лидери, өкмөт мүчөлөрү, министрлик, мамлекеттик органдардын башчылары кирген. Анда сырткары экология, бизнес, укук өңдүү ар кандай тармактагы жарандык коомдун өкүлдөрү дагы чогулган. Мен ал кеңеште 2012-жылдан тарта мүчө болчумун. Мага эч ким эч кандай маалымат берген жок. Улуттук кеңештин катчылыгы ротация болуп сиз кетип, ордуңузга башка бирөө келип жатат дегендей түшүндүрмө беришкен жок.

Мен ал кеңеште 2012-жылдан тарта мүчө болчумун. Мага эч ким эч кандай маалымат берген жок. Улуттук кеңештин катчылыгы ротация болуп сиз кетип, ордуңузга башка бирөө келип жатат дегендей түшүндүрмө беришкен жок.
Динара Ошурахунова

Динара Ошурахунова улуттук кеңештин курамын тандоо ыкмалары анын улуттук деген макамына доо кетириши ыктымалдыгын айтты:

- Улуттук кеңеш 2013-2014-жылдары абдан жакшы иштеген. Ошол жылдары улуттук стратегия кабыл алынган. Документтин ичинде шайлоо системасын реформалоо, Конституция, укуктук мамлекет куруу боюнча кандай чаралар көрүлүшү керек деген программалар түзүлүп, стратегия кабыл алынган. Ал эми ошол чечимдер кантип, кандайча ишке ашып атканын кеңештин төрагасынан, же катчылыгынан сураса болот. Улуттук кеңеш деп парламенттеги бардык фракциянын лидерлери кирген. Эгер улуттук эмес, Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнүн кеңеши болсо демек анда ага ким кирет, ким кирбейт өзү чечет.

Талдоочу Искендер Ормон уулу Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишинин натыйжалуугу өңдүү маселелерге токтолду. Анын пикиринде, Кыргызстан бул жаатта өнүккөн мамлекеттерден үлгү алышы керек:

- Бир адам түзгөн кеңештин курамына ким кирип, ким чыкканынан дагы ошол системанын натыйжалуугу канчалык деген маселе көбүрөөк маанилүү. Бизде “жети өлчөп бир кес” деген макал бардык мекемелерде, органдарда система түрүндө колдонулса жакшы болмок. Айрыкча өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик мекемелердин баарында ойлонуучу, талдоочу органдары бар. Аларды стратегиялык изилдөө, стратегиялык өнүктүрүү бөлүмдөрү деп коет. Бизде болсо бул функция кайсы бир адамга кошумча иш катары гана берилет. Мындан улам эң маанилүү болгон ойлонуу, изилдөө, башка өлкөлөр менен салыштыруу иштери үчүнчү, төртүнчү планда калып, аксап жатат. Ушундай жагдайлардан улам Улуттук кеңеш өңдүү органдардын иши бүдөмүк жана натыйжасыз болуп жатат.

Президенттин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылдын этегинде түзүлгөн эле. Анда беш жылдык стратегия кабыл алынып, 70тей экономикалык ири долбоорду ишке ашыруу, ички дүң өнүмдү эки эсе көтөрүү, айлык-акыны жогорулатуу, жакырчылыкты 12 пайызга кыскартуу сыяктуу пландар жазылган. 2017-жылы өлкө туруктуу саясий системага, арымдуу өнүккөн экономикага ээ болушу керек, калктын кирешеси бир калыпта өсүп, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган демократиялуу мамлекетке айланышы шарт деп белгиленген. Президент Алмазбек Атамбаев бул стратегияны ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликти өзү алаарын айткан.

Улуттук кеңеш жаңы түзүлгөндө эле экономика тармагын көзөмөлдөө президенттин ыйгарым укугу эмес деп сындап чыккандар болгон. Алмазбек Атамбаевди мыйзам бузган жок деп ошондо Өмүрбек Текебаев колдоп-жактап чыккан болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG