Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Баш мыйзам айланасында тиреш күчөдү


Депутат Өмүрбек Текебаев жана президент Алмазбек Атамбаев

Депутат Өмүрбек Текебаев жана президент Алмазбек Атамбаев

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты.

Ал 2010-жылы ыңкылапчыл партиялар аз добуш алып калгандыктан президенттин конституциялык эмес саясий таасирин күчөтүүгө салым кошконун айтып, анын аягы бийликти узурпациялоого алып келгенин белгиледи.

Мына ошондуктан президенттин айлана-чөйрөсүнүн Баш мыйзамды өзгөртүү аркылуу бийликти бир колго топтошун токтотууга өзүн милдеттүү деп эсептей турганын билдирди.

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мындай дооматты четке кагып, демилге тескерисинче бийлик диктатурасын ооздуктоого багытталган деп жооп кайтарды.

Референдумга каршылык

Бул биздин өлкөнү кайрадан артка 2010-жылга чейинки авторитардык абалга алып келет. Бул жолу автократия “президент” деп эмес, “премьер-министр” деп аталат.

Парламенттин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү бийликти бир колго топтоо максатын көздөп, азыркы президенттин жана анын жакын чөйрөсүнүн мындан аркы саясий таасирин сактап калууга багытталган деп айтып чыкты.

“Сунушталып жаткан укуктук ченемдер өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын кеңейткени менен парламентти алсыздандырууга алып келет” деп айткан Өмүрбек Текебаев муну авторитардык башкарууга карай жол деп атады:

- Конституцияга өзгөртүү киргизе коюп, “президенттин азыркы таасирин болочок өкмөт башчысына берип койолу” деген сунуш болуп жатат да бул жерде. Бул биздин өлкөнү кайрадан артка 2010-жылга чейинки авторитардык абалга алып келет. Бул жолу автократия “президент” деп эмес, “премьер-министр” деп аталат. Ошондуктан мен бул референдумду колдобойм. Эгерде Баш мыйзамга ошондой эле өзгөртүү киргизгиси келишсе, анда коомчулук өкүлдөрүнөн турган конституциялык кеңешме түзүп, анан жазында референдум өткөрүүнү жарыялашсын. Азыркы редакцияда жана шашылыш түрдө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө мен каршымын.

Агынан жарылган “акыйнек”

Текебаев сунушталган долбоордо президенттин ыйгарым укугу сакталып, өкмөт башчысынын бийлиги кеңейтилип, бирок башка бийлик органдарына карата парламенттик көзөмөл азаярын мисал келтирди.

Мисал үчүн парламенттин өкмөткө ишеним көргөзбөө укугу кыскарып, премьер-министр аны таркатууга өбөлгө түзө ала тургандай артыкчылык алары айтылды.

Текебаев башында ыңкылапчыл тилектештик үчүн президенттин таасирин күчөтүүгө салым кошконун моюнга алып, анын аягы минтип бийликти ашкере колдонууга алып келгенин айтты:

Баш мыйзам

Баш мыйзам

- Конституцияда “Икрам” деген жок. Бирок ал башкарып жатат. Бул деген бийликти түздөн-түз узурпациялоо. Биз учурунда кайра-кайра өкмөт башчыларын кызматтан кетирип, Атамбаевди ошол үчүн күчтөндүрдүк беле...? Билесиңер да. Бардыгын мен кетиргем. Бирок тарых астында ачык айтайын, мен аларды өзүм жалгыз кетирген жокмун. Мен Атамбаев менен макулдашып туруп, кетирдим. Канат Исаев дагы Сариевди Атамбаев менен макулдашып туруп, анан кетирген. Анан президенттин айланасы өкмөттү улам-улам алмаштыра берип, аны “кол балага” айлантып, акыры барып Конституцияда көрсөтүлбөгөн жол-жоболор менен өлкөнү башкарууга өттү. Мен муну ачык айтып жатканым, эскертип койгум келет. Эгерде ушул кезге чейин президенттин Баш мыйзамда көргөзүлбөгөн саясий таасирин күчөтүүгө түздөн-түз жеке салымым болгонуна байланыштуу эми аны өзүм токтотконго милдеттүүмүн.

“Бүлүндүрүүгө эмес, биригүүгө ташталган кадам”

Бирок президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Өмүрбек Текебаев буга чейин парламенттеги ар кайсы саясий биримдикти бүлүндүрүп келсе, президент Атамбаев тескерисинче аларды бириктирүүгө жан үрөп келген деп жооп берди.

Фарид Ниязов

Фарид Ниязов

Ошондой эле Фарид Ниязов бийликти узурпациялоо боюнча коюлган дооматты четке кагып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунушталган жоболор үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы багытталган деп белгиледи:

- Азыр бийлик бутактары өз ара жармакташып, саясий система иштеп жатканы бул Баш мыйзамдын шайма-шай же төгөрөгү төп келгендигинен эмес. Бул жерде президенттин жеке инсандык сапаты чоң роль ойноду. Эгерде Атамбаевдин ордуна башка адам президент болуп калса, анда кырдаал таптакыр башка болмок да. Мына Өмүрбек Чиркешович ар кандай конфигурациялык топторду бүлүндүрүү аракетин көрүп келгенин моюнга алса, президент күчүн бардык саясий күчтөрдү, Кыргызстан элин бириктирүүгө жумшады. Кыргызстанга тынчтык жана стабилдүүлүк ушул жол менен келди да. Анан турмушта мындай болот экен, бирөөлөр бүлүндүрүүгө чуркап жүрсө, экинчилери тескерисинче бүтүндүктү жогору коет. Ошон үчүн бүгүнкү күндөгү кырдаал референдумду четке какпайт.

Фарид Ниязовдун айтымында, Баш мыйзамды өзгөртүүнү былтыр эле парламенттеги айрым фракция башчылары көтөрүп, бирок ал сунуш президенттен колдоо таппаганын эске салды. “Бирок азыр мамлекеттин эгемендигине жана туруктуулукка шек келтирүүчү жоболорду Баш мыйзамдан алып, тазалоого убакыт келди” деп көрсөтүлгөн президенттин аппарат жетекчисинин жообунда.

Аягы көрүнбөгөн ажырым

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин парламенттеги беш фракция колдоп, жалгыз “Ата Мекен” фракциясы четте калган. Бул жагдай ал партиянын башкаруучу коалиция менен ажырымына алып келеби деген суроо кабыргасынан коюлуда.

Бул жагдайдагы пикир келишпестик ички ыйкы-тыйкылыктан жогору өсүп кетпейт деп эле кароого болот. Негизи азыркы Баш мыйзамдын алешемдиктери тууралуу мурда эле айтылган.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов бул тууралуу мына буларга токтолду:

- “Ата Мекен” партиясы дагы анын жетекчиси дагы азыркы бийликтен алыстап кете албай турган жагдайга келип калган. Анткени алар бири-бири менен жипке байлангандай байланган. Анан эми бул жагдайдагы пикир келишпестик ички ыйкы-тыйкылыктан жогору өсүп кетпейт деп эле кароого болот. Негизи азыркы Баш мыйзамдын алешемдиктери тууралуу мурда эле айтылган. Биз өзү чоң бир конституциялык реформаны талап кылышыбыз керек. Бирок азыр сунушталып жаткандай эмес. Бирок эми азыр айрымдарда мына ошол алешемдиктери көп Баш мыйзамды коргоп чыгууга туура келген парадокс пайда болуп жатпайбы.

Быйыл 29-июлда парламенттин төрт фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Кийин буга “Бир Бол” фракциясы кошулган. Анда иштелип чыккан жобону коомдук талкууга койуу тапшырмасы берилген. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду быйыл күздө жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүү жагы сунушталган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG