Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Каржы министрлигиндеги батир чыры


Бишкек шаарындагы жаңы курулган үйлөр
Бишкек шаарындагы жаңы курулган үйлөр

Каржы министрлигиндеги турак жайга муктаж кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилген батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугу текшерилет. Аталган министрликтеги батирлер маселеси парламентте да көтөрүлдү.

Каржы министрлигиндеги турак жайга муктаж кызматкерлерге берилген батирлерди бөлүштүрүү текшерилет. Бул тууралуу парламентте каржы министри Адылбек Касымалиев депутатка чектелген батирлер ижарага берилип кеткени тууралуу журналисттик иликтөө боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. Бирок министрликтин маалымат кызматы муну карандай каралоо деп атап, батирлер үйгө муктаж кызматкерлерге гана бөлүнгөнүн ырастоодо.

Жети жылда бүткөн үйдүн кожоюндары кимдер?

2008-жылы мамлекеттик кызматкерлерди социалдык колдоо программасынын алкагында Каржы министрлиги өзүнүн турак жайга муктаж кызматкерлери үчүн көп кабат үй курууга каражат бөлгөн. Аталган көп кабат үйдү каржылоо 2010-жылы токтоп калып, эки жылга чукул курулуш иштери жүрбөй калган. Курулуш иштери 2012-жылы кайрадан калыбына келтирилип, 2015-жылы жетимиш эки батирлүү көп кабат үй бүткөрүлгөн. Эреже боюнча, бул батирлер Каржы министрлигинин көп жылдан бери кезекте турган үйгө муктаж кызматкерлерине берилмек. Бирок батир ээлеринин тизмеси жашыруун экенине нааразы кызматкерлер бул тууралуу Коомдук биринчи каналга даттанышкан:

- Биз бул батирлер кимге тиерин ачык жарыялоону талап кылып жатабыз. Бирок жетекчилик тизмени ачыкка чыгаруудан баш тартууда. Мына ошого байланыштуу биз батирлер туура эмес бөлүштүрүлгөнүнө көзүбүз жетти. Чыныгы үйгө муктаж болгон карапайым кызматкерлер четте калып, министрликте чоң кызматта иштегендер батирлерге ээ болушту.

Ижарага берилип кеткен батирлер

Мына ушундай маалыматтан улам, быйыл 13-январда Коомдук биринчи каналдын “Ала-Тоо” маалымат программасынын журналисти Улан Бакиров Бишкекте Каржы министрлигинин кызматкерлери үчүн салынган көп кабат үйдө кимдер жашап жатканы тууралуу иликтөө жүргүзгөн. Андагы сурамжылоодо турак жайга муктаждар үчүн курулган бул үйдүн кээ бир батирлери ижарага берилип кеткени аныкталган:

- Бул батирдин кожоюну сизби?

- Жок, биз квартирантпыз. Биз өткөн жазда апрелде, көчүп келгенбиз.

- Бул бир бөлмөлүү батирге канча төлөйсүздөр?

- Айына он эки миң сом төлөйбүз.

- Бул батирдин кожоюну ким, тааныбайсыздарбы?

- Үйдүн ээси болгон эже Каржы министрлигинде иштейт.

Бул көп кабат үйдүн курулушун толук каржылоо менен Каржы министрлиги аны жеңилдетилген шартта батирге муктаж кызматкерлерине бөлүп берүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Бирок телеканал жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө кызматкерлерге батирлерди бөлүштүрүү жобосу жана бекитилген тизме эмгек жамаатына жашыруун болгону көрсөтүлгөн.

Бирок Каржы министрлигинин маалымат катчысы Самат Тоялиев ал маалыматты төгүндөдү:

- Кызматкерлер батирлерге мүмкүнчүлүгүнө жараша бүтүрүп кирип жатышат. Анткени ал батирлердин ремонту толук бүткөн эмес. Бир-эки кызматкер батирин ижарага берген экен. Бирок алардын деле жүйөлүү себептери бар экен. Анан эми “батирлердин бардыгын жетекчи кызматтагылар ээлеп алган, алардын бардыгын ижарага берип коюшкан” деген сөз бул курулай каралоо. Мында эми кызматкерлерди колдоо катары 25 пайыз мамлекет субсидия берип, 75 пайызын алар өздөрү 12 жылдын ичинде төлөшөт. Бул жерде сенсация кыла турган деле эч нерсе жок.

Буга чейин “Азаттык” Коргоо министрлигинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мыйзамсыз бөлүнүп кеткен кызматтык батирлер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган болчу.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев ири аткаминерлер арасында үйү бар туруп, мамлекеттен батир алып сатмай же алып алып, ижарага бермей өнөкөтү күч экенин айтат:

- "Үйүм жок" деп документ тууралап, тизмеге кирип, батир алып, аны кайра башка бирөөгө ижарага берип көмүскө киреше тапкан мамлекеттик кызматкерлер көбөйдү. Бирок карапайым кызматкерлер эмес. Мына ошол ишти бүтүрө ала тургандары ошондой жол менен улам үй алгандыктан башка катардагы кызматкерлер арасында нааразылык жаратканы көрүнүп турат.

Кызматтык иликтөө жүрмөй болду

Каржы министрлиги жеңилдетилген шартта кызматкерлерине бөлүп берген батирлердин мыйзамдуулугу боюнча маселе 15-февралда парламенттин бюджет жана каржы комитетинде көтөрүлдү. Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, журналисттик иликтөөдө аныкталган эки факты боюнча кызматтык иликтөө болорун убада кылды:

- Бул эми мындай да. Ал жерге журналисттер күндүз барышкан экен. Ал жерде күндүзү жумушта болушуп, үйдө эч ким болбогондуктан батирлердин токсон пайызга чукулу жабык болгон. 12-батир боюнча мына ошондой ижарага берген учур чындыгында болгон экен. Аны биз иликтеп чыгабыз.

Бирок бул иликтөө Коомдук биринчи каналдан мындан бир ай мурун көрсөтүлгөн эле. Мына ошондон бери ал сюжетке карата Каржы министрлиги расмий түшүндүрмө берип, батир алгандардын толук тизмесин коомчулукка жарыялай элек болчу. Каржы министрлигинин маалымат кызматы аталган тизме мекеменин ички сайтына жайгаштырылганын айтып, аны менен ар бир кызматкер таанышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Анткен менен, парламентте депутаттар ал батирлерди бөлүштүрүүнүн шарттары тууралуу Каржы министринен кошумча маалымат талап кылышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG