Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Баткен облусундагы Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында турак-жай курууга бөлүнчү жер тилкелеринин чыр-чатагы ырбады.

Даттанган тарап райондо жүзгө жакын үй-бүлө турак-жай курууга жер тилкесин ала албай жатса, жергиликтүү бийлик жерди жең ичинен соодалаган фактылар иликтенбей жатканына нааразы. Жер тилкелеринин баасы Бишкектегидей деңгээлге жеткен алыскы айыл аймагындагы бул ишке жергиликтүү бийлик башчылары менен республикадагы таасирдүү фигуралардын катышы бардыгы айтылууда. Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы менен Кадамжай районунун акими айтылган дооматтарды четке кагып, жер көз боёмочулугуна байланыштуу чатактын себептерин мурдагы жетекчилерге оодарышууда.

Жер тилкелери үчүн күрөш уланууда

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагынын жүздөгөн тургундары он жылдан ашуун убакыттан бери турак-жай курууга жер тилкесин алуу үчүн кезекте турушат. Айыл аймагындагы бир жер тилкесинин базар баасы 12 миң АКШ долларына барабар. Айыл аймакта ансыз деле жер тартыш, ошондон улам ар бир укум жер кымбат. Анан калса ушул аймакта гана өстүрүлгөн жогорку сорттогу мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү жана аларды чет өлкөгө экспорттоодон түшкөн кирешенин өлчөмү мындагы жер соодасынын бүйүрүн кызытып турган учур. Учурда айылдагы элүү бир үй-бүлөгө Сулайманабад тилкесинен турак-жай курууга бөлүнгөн жети гектар жердин чатагы бүтө элек.

Кадамжай

Кадамжай

Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Салижан Сулайманов айыл аймагынын башчысы менчик укугу таанылган жер тилкелерин ижарага берип жиберген деп доомат койду:

- Мына ошол жер тилкелери 2005-жылы токтомдун негизинде мыйзамдуу түрдө берилген. Муну күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар дагы бар. Бирок ошол жер тилкелерин башка бир үчүнчү тараптарга ижарага берип салыптыр. Мына ошондон бери жер ээлери өздөрүнүн мыйзамдуу укугун коргой албай келе жатышат. Текшерүү келип, бул жагдайды караган менен мыйзам талабы аткарылбай келе жатат.

Мындан сырткары Үч-Коргон айыл аймагынан 42 гектар жер аянтын үй курууга бөлүп берүү жагы өкмөттөн суралган. Бирок анын ичинен 12 гектар жер аянтына гана чечим чыккан. Мына ошол турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин муктаждарга бөлүп берүү боюнча өкмөттүн чечими ушул кезге чейин аткарылбай келатат. Ал эми жергиликтүү бийлик ал жер аянттарын ижарага берип жиберген. Мындан башка Чавай айыл аймагынын тургундарына 11 гектар жер аянтын турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча өкмөттүн чечими дагы аткарыла элек.

Таасирдүү ысымдарга “тагылган” айыптар

Ошол эле кезде айыл аймагындагы “Достук” үрөнчүлүк чарбасынын 50 гектардан ашуун жер аянты жең ичинен таланып кеткени туурасында маселе айылдык кеңеште көтөрүлүп, бирок жыйынтык чыкпаганы айтылды. Жергиликтүү укук коргоочу Роза Маманова жогору жактын калкалоосундагы жетекчилер уюшуп алып, жер аянттарын өз ара бөлүшүп алган деп айыптады:

- Үрөнчүлүктүн мына ошол элүү гектар жери өзүнүн багыты боюнча иштетилбестен, азыр бак тигилип турат. Териштире келгенде мына ошол жактан Кадамжайдын акими Мадумаров 12 гектар жерди бөлдүрүп алып, айыл аймагына тиешеси жок башка бирөөнүн наамына жаздырып алганы белгилүү болду. Ал жерге өзүнүн жеке ишкердиги кылып, гилас менен шабдалы отургузуп алыптыр. Укук коргоо органдары мына ошолордун кызыкчылыгы үчүн үн катпай келе жатат. Эгерде бул тууралуу биз жалган көрсөтмө берсек, бизди камашпайбы. Коомчулук өкүлдөрү бул ишти иликтеп көрсөк, мунун башында Икрамжан Илмиянов турат экен. Анан мына ушул Кадамжайдан чыккан депутат Мурадыл Мадеминов болсо эле “кимиң чыгасың, мен турам, мен жооп берем” деп жыйналыштарда ачык эле элүү бир жарандын кызыкчылыгын тебелеп жатат. Мына ошондой тоготпостуктун натыйжасында жогору жакка таянган айыл аймагынын башчысы Абдрахманов жети гектар жер аянтын башка бирөөлөргө ижарага берип салган.

Бул жер чатагына президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов менен парламент депутаты Мурадыл Мадеминовдун түздөн-түз катыштыгын тастыктоого мүмкүн болбоду. Бул жагдай туурасында комментарий алуу үчүн аталган адамдар менен байланышуу аракетибизден да майнап чыкпады.

Айыл аймак башчысынын жообу

Ошол эле кезде Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахматжан Абдрахманов коюлган дооматты четке кагып, жер чатагынын себептерин жергиликтүү кеңештин депутаттары менен ага чейинки жетекчилердин мыйзамсыз аракеттери менен байланыштырды:

Кадамжай

Кадамжай

- Жети гектардын чатагы беш айдан бери текшерилип жатат. Мына ошол айылдык кеңештин депутаты Сулайманов сыяктуу адамдар мына ошол жерди мыйзамсыз бергени боюнча иликтөө бүтө элек. Алар башында бул жерди мыйзамсыз бөлдүрүп алышып, анан сатып жиберишкен. Анан текшерүү учурунда бир үй-бүлөдөн беш-алты адамга жер бөлүнгөнү аныкталган. Ал тизмеде элүү бир адам дегени менен алардын арасынан 36 адамдын эле колунда мамлекеттик актысы бар. Тизмени караганда күйөөлөрүнүн жер тилкелери бар, бирок ошол эле кезде ошолордун аялдарына дагы жаздырып беришкен фактылар чыккан. Анан эми жанагы турак-жайга бөлүнгөн 12 гектар жерди четинен берип жатат деген сөз жалган. Ал жер мына талаш-тартыштар бүткөнгө чейин деп бөлүнбөй турат.

Үч-Коргон айыл аймагындагы “Достук” үрөнчүлүк чарбасы буга чейин райондогу эксперименталдык чарба катары таанылган. Учурда аталган үрөнчүлүк чарбасы айыл чарба министрлигине карайт. Бирок ошол эле кезде бул чарба Үч-Коргон айыл аймагынын карамагындагы жер аянттарын пайдаланып келген. Анын жер аянттарын мөмө-жемиш өстүрүп, багбанчылык үчүн пайдалануу чечими чыкканбы же жокпу, аны тактоого мүмкүн болбоду. Мына ошондой чечим кандай укуктук негизде жана качан кабыл алынганы дагы белгисиз. Айылдык кеңештин айрым депутаттары жергиликтүү жетекчилер үрөнчүлүк чарбанын жер аянттарын өз ара бөлүштүрүп алганы тууралуу укук коргоо органдарына арызданган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы аларга берилген эмес.

Аким айыптоолорду четке кагат

Анткен менен Кадамжайдын акими Акрамжан Мадумаров анын дарегине айтылган дооматты четке какты:

- “Достук” үрөнчүлүк чарбасынын жери - бул мамлекеттин жери. Ал жер айыл аймагынын карамагында турат. Анын бизге эч кандай тиешеси жок. Буга окшогон жалган арыз менен ары жак бери жакка жазгандар көп болгон. Мына ошол тиешелүү укук коргоо органдарына жазылган арыздардагы жер тилкелерин өзүнө алып алды же бирөөгө сатып жиберди деген түкшүмөлдөрдүн бири дагы тастыкталган эмес. Эл оозунда элек жок дегендей, ар кандай мына ошондой ушактар айтылып, жазыла берет экен. Бул жерде эми 50 гектар жер тууралуу сөз болуп жаткан соң, ошондой бир көрүнүштөр орун алган болсо, мындагы прокуратура менен атайын кызматтар жөн отурмак беле?..

Ошол эле кезде Үч-Коргон айыл аймагынын мурдагы башчысы Тургунаалы Нышанбаев үй курууга муктаждарга жер тилкелерин бөлүп берүүдө ири көз боёмочулуктар бар экенин белгиледи. Анткени бөлүнө турган жер тилкелери иш жүзүндө айдоо аянттары катары ижарага берилип, айыл аймагына тиешеси жок адамдардын пайдалануусуна катталып кеткен. Андагы жердин пайдасын мөмө-жемиш өстүрүп, аны Орусия менен Казакстанга соодалаган бийликтин калкалоосундагы уюшма топтор пайда болгону даттанган тараптын кайрылуу катында белгиленген.

Жоопсуз калган арыздар

Тургунаалы Нышанбаев бул маселе боюнча борбордук бийликке чейин арызданып, бирок ушул күнгө чейин жооп алыша электигин айтты:

- Мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген жер тилкелерин ээлерине бербей, аларды башка бирөөлөргө ижарага берип жиберет деген эмне деген мыйзамсыздык. Булар мына ошол жер тилкелерин башка бирөөлөргө ижарага берип жиберип, анан андан ары көз жазгыралы деген ойдобу деп калдым. Анан эми элдин мыйзамдуу жер тилкелерин бербей, ошол эле кезде үрөнчүлүктүн жер аянттарын жең ичинен эле өз ара бөлүп, бак кылып алышкан. Президентке, прокуратурага жана парламентке чейин жазылган. Анан эми ушул кезге чейин эч кандай бир чара көрүлбөгөнү таң калтырат.

Эске сала кетүүчү жагдай, Кадамжайдын Үч-Коргонундагы жер чатагы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу кат жөнөтүшкөн. Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшерүү жүргүзүп, бирок анын натыйжасы тууралуу өзүнүн чечимин ачык жарыялаган эмес. Даттанган тарап өзүнүн арызында жергиликтүү бийлик менен жогору жактагы таасирдүү фигуралардын келишип алып жасаган аракети ишти иликтөөгө тоскоол болуп жатканына токтолгон. Анда жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулуп, айыл аймагындагы баалуу жер аянттары бир ууч мыкчыгерлердин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып жатканы баса белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG