Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Евразиялык экономикалык союз түзүлгөнү менен бирдиктүү рынок калыптанган жок. Бажы чек аралары ачылды дегени менен, соода жүгүртүү ойдогудай болбой жатат.

“Евразиялык экономикалык келечек” деген аталыштагы эл аралык форумда Армения парламентинин депутаты Грант Багратян экономикалык биримдиктин бирдиктүү валютасын киргизүүнү тездетүүнү сунуштады. Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашев төлөм системасын жөнөкөйлөштүрүү үчүн улуттук валюталарды экономикалык биримдиктин аймагында жүгүртүүгө шарт түзүү маселесин көтөрдү.

Бирдиктүү акча киргизүүнүн көйгөйү

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин парламенттери менен өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы эл аралык экономикалык форумда биримдиктин келечегине байланыштуу орчундуу маселелер талкууланды. Армения парламентинин депутаты Грант Багратян армян экономикасынын мисалында экономикалык биримдик аркылуу соода жүгүртүү жолго коюлбай жатканын сынга алды.

Бирдиктүү валюта маселеси курч турат. Менимче, биз 2025-жылга чейин анын киргизилишин күтүүгө чыдамыбыз жетпейт. Бирдиктүү валютанын жоктугу экономикабызды өнүктүрүүгө тоскоол болуп турган жагдай.

Армения парламентинин депутаты Грант Багратян биримдиктин рыногун калыптандыруу үчүн бирдиктүү валютаны киргизүүнү тездетүүнү сунуштады:

- Евразиялык союздун экономикалык өнүгүү ыргагы кескин төмөндөдү. Бул албетте Орусияга карата киргизилген санкцияларга байланыштуу. Себеби, биримдиктин экономикасынын 85 пайызын Орусия түзөт. Мындан тышкары азыр биримдиктин Беларустан башка мүчөлөрү дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушту. Бул өзүнчө бир Бажы союзу. Бул жагдайда биздин экономикалык биримдиктин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү азая турганын башынан эле күтсө болот болчу. Эми башка бир кадамдар тууралуу ойлонуу зарыл. Мында бирдиктүү валюта маселеси курч турат. Менимче, биз 2025-жылга чейин анын киргизилишин күтүүгө чыдамыбыз жетпейт. Бирдиктүү валютанын жоктугу экономикабызды өнүктүрүүгө тоскоол болуп турган жагдай.

Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү валютасын киргизүү маселесин кароо 2025-жылга чейин калтырылган болчу. Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашев чынында эле төлөм системасын жөнөкөйлөштүрүү жана соода жүгүртүүдө маселе бар экенин айтты.

Аалы Карашев

Аалы Карашев

Бирок Аалы Карашев армян депутатынан айырмаланып, бирдиктүү акча бирдигин киргизүүнү эмес, биримдиктин аймагында улуттук валюталардын кеңири жүгүртүлүшүн камсыздоо маселесин көтөрдү:

- Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жакынкы аралыкта валюталык жөнгө салуу маселесине көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Мында биримдиктин ичинде улуттук валюталарды жүгүртүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап, алар менен биздин өлкөлөр арасындагы өз ара эсептешүү операцияларын жүргүзүлүшү кажет. Ошондой эле ал өз ара эсептешүүлөр бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө дагы колдонулушу керек.

Өз ара кызматташуунун чабыттары

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстан союзга мүчө болгон учур биримдиктин башында турган Орусияга карата санкциялар киргизилип, өнүгүү темпи төмөндөгөн учурга туура келгенин белгиледи. Бул убактылуу көрүнүш экенин айткан төрага Жээнбеков союздаштардын биримдиги күчтүү болушу керектигин кошумчалады.

Асылбек Жээнбеков биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар биринин мүмкүнчүлүгүн жалпылап пайдалануу керек экенин айтты:

- Биз ар бир өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жалпы кызыкчылык үчүн пайдаланышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан быйыл 29-январда Евробиримдик тарабынан ВСП+ деген макам алды. Бул Кыргызстанга 6 миңден ашуун аталыштагы товарларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү ошол мүмкүнчүлүктү биргеликте пайдалансак болмок.

Сергей Нарышкин

Сергей Нарышкин

Ошол эле кезде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирүү менен бир топ жеңилдиктерге ээ болгонун кошумчалады. Сергей Нарышкин кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн каралган шарттарды айтып, анын кыргыз экономикасы үчүн маанилүү экенин белгиледи:

- Кыргызстандын биримдикке киришинин алгачкы жыйынтыгы - бул эмгек-миграциялык мыйзамдарындагы каралган шарттар. Кыргыз жарандары эми биримдикке кирген башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандары сыяктуу эле укуктан пайдалана алышат. Кризиске карабастан Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны эки пайызга өстү. Алардын Орусиядан Кыргызстанга акча которууларынын көлөмү 1 миллиард 490 миллион долларды түздү.

Бирок эл аралык форумга катышкан кыргыз парламентинин айрым фракция лидерлери биримдиктин шарттарын кыргыз тарап ойдогудай пайдалана албай, тоскоолдуктар алынбай жатканын белгилешти. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев бул маселеде кыргыз тараптан кемчилик кетип жатканын айтты.

Эл аралык форумдун алкагында Евразиялык экономикалык биримдиктин келечегин аныктоочу багыттар аныкталып, өз ара карым-катыштын шарттары иштелип чыга турганы белгиленди. Бул иш-чарага Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн келген эксперттер жана адистер дагы катышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG