Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Кыргызстанда тигүүчү цехтеринин басымдуу бөлүгү кризистен улам жабыла баштады. ЕАЭБга мүчөсү болгондон бери соода солгундап, ишкерлер цехтерин сатып, башка иш издөөгө аргасыз болууда.

15 жылдан бери "Дордой" базарында соода кылган ишкер Сагынбек жакында эле базардагы ижарага алган контейнерин өткөрүп берип, тигүүчү цехин жаап, андагы болгон жабдууларын арзан баада сатууга аргасыз болду. Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргени соода токтоп, ишкерлер кыйын күнгө туш болгонун айтууда.

- "Дордойдо" соода токтоду. Тапканыбыз жеген-ичкенден артпай калганда баарын саталы деп чечтик. Кийим тиккен машиналарымды бирден-экиден араң сатып бүттүм. Жарым баасына эле кетти. Азыр "Дордойдо" ишкерлердин 90 пайызы контейнерин жаап, үйдө жатышат же жумуш издеп жүрүшөт. "Дыйкан" базарына жумуш чыгып калабы деп барсам, ал жерде иш баштоо үчүн акча керек экен. Бул жакта деле соода жок дешти. Ушу биримдикке (ЕАЭБ) киргенден кийин кыйынчылык башталды. Мурда орустар, казактар келпи турчу. Алар келбей, ишсиз калдык.

Соода токтогону ишкер моюнундагы насыясын төлөгөнгө алы келбей, анын мөөнөтү өтүп айласы куруп турган кези экен.

Тигүүчү цехтердин көбү азыр иш жоктугунан жабылууда.

Тигүүчү цехтердин көбү азыр иш жоктугунан жабылууда.

- Соода токтогону төлөй албай калдык. Айла кеткенде банкка бардык. Жок дегенде пайызы жок негизги сумманы төлөп берели десек болбой жатат. Эми соттошот окшойбуз. Башка жол жок. Кантип, кайдан алып төлөрүбүздү билбейм. Кыйын эле болду.

Сагынбекке окшоп ишин жыйыштырып, тигүүчү ишканасын сатам деп келгендер көбөйгөнүн "Мадина" базарында эски тигүүчү машинелерди алып саткан Жумабек Саматов да ырастады. Ал өнөктөштөрү менен эски машинелерди сатып алып, оңдоп-түзөп, үстүнө 1000 же 2000 сомдон кошуп кайра сатууда.

- Мурдагыга караганда жабылып жаткан цехтер көбөйдү. "Цехимди сатам" дегендер күндө келип жатат. "Дордойдо" соода жок, Кытайдан кездемелер кымбат келип жатат, Орусияга, Казакстанга товар кетпей калды дегендер. Бир нерсе тигейин десе баары кымбат, ижара акысы болсо көкөлөп кеткен.Азыр көбүнчө заказ алып тиктиргендер жабылып жатат.

Артка кайтарылган кездемелер

Базардагылар эски жабдууларды сатуу деле оңой эместигин, айрым ишкерлер акчасын күтүүгө деле кайыл экенин айтышат. Азыр жаңы тигүүчү машиненин орточо баасы 280 доллар болсо, аны дүкөнчүлөр ашып эле баратса 150 долларга баалап алышат. Дүкөнчүлөр мындай тигүүчү машинелердин көбүн азыр тигүү цехтерин ачып жаткан казакстандыктар алып жатканын белгилешет.

Ал эми жаңы тигүүчү машинелерди саткандар деле жарып кеткен жок. Соода кызыган маалда күнүнө 15тен тигүүчү машине саткан соодагерлер азыр күнүнө бирөө өтүп кетсе маңдайы жарыла сүйүнөт. Бир учурда кезек талашып, кардарлар батпай турган бул базарда азыр дүкөнчүлөрдөн башка киши жоктой сезилет. Кардар келип калабы деген үмүт менен жол караган Фарида аттуу сатуучу буларды айтты:

- Акыркы убакта соода жок. Эл өтө эле аз. Мурда көп болчу. Эми күтүп жатабыз. Караңгыдан кийин жарык болот дегендей, жакшылыктан үмүт үзө элекпиз. Жаңы машинелерибиз өтпөй эле турат. Эскилерин жаш балдар оңдоп-түздөп сатууда. Кээ бир ишкерлер машинесин сатып, акча тапканда кайра алып кетип жатышат. Айла жоктун оокаты да.

Кыргызстандагы базарлардын бири

Кыргызстандагы базарлардын бири

​Эки-үч жыл мурда тигүүчүлөр жаздын камын көрүп, сезондук кийимдерди күркүрөтө тигип даярдап коюшчу. Азыр ал күндөр түш сыяктуу артта калгандай. Орусиядан, Казакстандан келген заказдар жокко эсе. Айрым тигүүчүлөр алган кездемелерин сатуучуларга кайтарып жатышканын "Мадина" базарынын башкы директору Сагынбек Султаналиев жашырган жок.

- Бизден кездеме алгандар кайра өткөрүп кетип жатышат. Анткени алар заказ алышып тигип, кийимдерин жөнөткөнү менен анысы өтпөй турат. Мындан улам экинчи партиясын тикпей эле кайра кездемени кайтарып беришүүдө. Бизге аябай эле кыйын болду. Иштеген кишилер ушундай кейпибиз менен кете берсек, цехтер жабылат деп жатышат.

"Сырттан товар ташыгандарды тескейли"

Тигүүчү тармакта иштегендер азыр Бишкектеги тигүүчү цехтердин 90 пайызга жакыны жабылганын айтууда. Бирок жеңил өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Фархат Төлөгөнов тигүүчү цехтердин 40 пайызы жабылып, 60 пайызы иштеп жатканын билдирди. Анын пикиринде, тигүү тармагындагы абалды турукташтыруу башка мамлекеттерден товар ташып келгендерди тизгиндөө зарыл.

- Белгилүү болгондой, биз матанын баарын Кытайдан, Кореядан, Түркиядан алып келип жатабыз. Товар алып келгендер чайкоочулук кылып, бааны көтөрүп сатууда. Биринчи кезекте ошолорду жөнгө салуу керек. Баа 1 доллар 20 центке чейин кымбаттап кеткен, текшерип сүрүштүрүп отуруп аны 80 центке түшүрдүк. Ушул жагын жакшылап көзөмөлгө алуу зарыл. Кризистин капшабы Кыргызстанга эле эмес, баарына тийип жатпайбы.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Кыргызстандын Экономика министрлиги жеңил өнөр жай тармагын колдоо боюнча программа иштелип жатканын, ал ишкерлер чөйрөсүнөн түшкөн сунуштары менен толукталган соң, өкмөткө жолдонорун билдирди. Ошол эле учурда тийиштүү чаралар көрүлөт деген министрдин орун басары Туратбек Жунушалиев тигүүчү цехтердин басымдуу бөлүгү жабылды деген көз караштан алыс экенин кошумчалады.

- Ишкерлердин башын бириктирип, Орусиянын, Армения, Беларустун ассоциациялары менен кол коюлду. Экинчиден, жакын арада кыргыз-орус комиссиясы өткөрүлгөн. Ошол комиссиянын дагы докладына Орусиянын өнөр жай министрлиги жана биздин Экономика министрлиги биригип, тигүүчүлөрдүн абалын оңдоо боюнча кошумча кандай чараларды көрүүгө болот, деген маселени киргиздик. Азыр ушундай кадамдар жасалууда. Программабыз иштелип бүтүп калса, аракеттерди көрө баштайбыз.

Быйылкы жылдын башында Кыргызстанда жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик эки эсе азайган. Былтыр бул тармакта төмөндөө 17% түзгөн болчу. Кыргыз өкмөтү кийим тиккен цехтердин азайышы кооптуу көрсөткүч экенин ырастоо менен тим болуп келе жатат. Кыргызстанда өндүрүштө иштегендердин 38% ушул тармакта эмгектенгендер түзөт.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG