Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бажы биримдигинин ойго салган оош-кыйышы талкууда


Кара-Суу базары.
Кара-Суу базары.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, беш жылга чейин үчүнчү өлкөдөн ташылган товарлар үчүн бажы төлөмдөрүн азыркы өлчөмдө сактап калууну же аны мүмкүн болушунча эң төмөнкү чекте кармап турууну максат кылууда.

Бажы төлөмү үчүн жеңилдик суралган товарлардын тизмесин 20-августта мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ишкерлер менен бирге Экономика министрлигиндеги жыйында талкуулады. Анда белгилүү болгондой, Кыргызстан үчүнчү өлкөдөн сатылып алынган 300дөй товардын түрүнө жеңилдик сурашы мүмкүн. Ошол эле кезде жеңил өнөр жай тармагы жеңилдиктерден баш тартууда.

Жеңилдиктер тизмесиндеги 303 товар

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин үчүнчү өлкөдөн сатылып алынган 303 товардын түрүнө бажы төлөмү үчүн беш жылдык мөөнөткө жеңилдик сурамай болууда. Бирок бул да акыркы тизме эмес. Ал көбөйүп же азайышы мүмкүн. Башында 2,5 миңден ашык товардын түрүнө жеңилдик суроо сунушу айтылып, бирок талкуулардан соң эң зарыл 300дөй товардын тизмеси калтырылган. Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин маалымдашынча, тизмени түзүүгө мамлекеттик органдардан тышкары, ишкер уюмдар, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү да катышууда.

Кыргызстан Бажы биримдигинен автоунаа үчүн жеңилдик сурап жатат.
Кыргызстан Бажы биримдигинен автоунаа үчүн жеңилдик сурап жатат.

- Ушул тизмени коомдук талкууга чыгардык. Мисалы, биз Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргызстанга ташылган автоунаалар үчүн жеңилдик бергиле деп сунуштап жатабыз. Бирок бизге жеңилдик берилсе да алар убактылуу гана болот.

Кыргызстан жеңилдик сурап жаткан товарлардын тең жарымын заводдон чыккан мөөнөтү беш жылдан кем эмес авто унаалар: автобус, трактор, жүк ташуучу, ошондой эле оор жана жеңил машинелер, алардын тетиктери түзөт. Тизменин жарымына өсүмдүктөрдүн түрлөрү, өсүмдүк жана жаныбарлардын майлары, дан азыктар, шекер, жашылча- жемиштер, баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдар, алюминий, темир, алардан жасалган тетиктер, жардыргыч заттардын түрлөрү, желим, резина, пластмасса жана андан жасалган буюмдар, химиялык продукциялар, дары-дармек, медициналык аппараттар, кагаз-картон заттары жана башкалар кирген. Мындан тышкары, тизмеде электр машиналары жана жабдыктар, электрондук, санариптик фото, видео аппараттар жана шаймандар, ошондой эле эмеректерди жасоо үчүн жабдыктар бар.

Кыргызстанда быйыл “Топоз” аталышындагы трактор чыгарып баштаган “Дыйкан плюс” компаниясынын директору Улан Адамалиев Бажы биримдигине кирүүдө жеңилдиктер зарыл деп эсептейт. Алар учурда трактордун тетиктерин Кытайдан алат.

- Беш жылга чейин трактордун тетиктерин эң төмөнкү баа менен киргизип турсак, бул аралыкта биз бутубузга туруп алмакпыз. Өзүбүздүн план боюнча үч жыл ичинде биз чыгарып жаткан “Топоз” тракторуна керектүү тетиктердин 30 пайызын, беш жыл ичинде 100 пайызын жергиликтүү заводдордон чыгарып калабыз. Ошон үчүн азыр бизге жеңилдик керек.

Тигүүчүлөр жеңилдиктен баш тартты

Ошол эле кезде Бажы биримдигине киргенде жеңилдик алуудан баш тарткан ишкер уюмдар жана бизнес тармактар да жок эмес. Маселен, жеңил өнөр жайчылар жана тикмечилер кездемелерди Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерден ташыганына карабастан, жеңилдик суроонун зарылчылыгы жок деп эсептейт.

Кыргызстанда тигилген кийимдер. Москва.
Кыргызстанда тигилген кийимдер. Москва.

Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Төлөгөнөв кыргызстандык тигүүчүлөр Бажы биримдигине кирген башка өлкөлөрдүн фабрикалары менен атаандаша алат деген ишенимде. Анын айтымында, Бажы биримдигине киргенде алардын чыгымы 5-7 пайызга чейин өсөт. Төлөгөнов бирок убакыттан утушарын кошумчалады:

- Бажы биримдигине киргенден кийин чек арадагы азыркы бекеттер жок боло турган болсо, анда биздин товарларды Орусиянын шаарларына жеткирүү убактысы кыскармак. Эгер биз беш пайыз үчүн жеңилдик сурасак, анда кайра эле “беш пайыз жеңилдигибиз бар, текшербегиле” деп, казак бажычыларына акча берип калышыбыз мүмкүн. Кыргызстанда тигилген кийимдер көп жылдан бери Орусия менен Казакстанга сатылып, ал жакта таанымал болуп калган.

Төлөгөнов кошумчалагандай, жеңилдиктер жакшы болгону менен, коррупцияны күчөтүүчү жагы да бар. Анткени, ал Бажы биримдигинин бажы кызматтарына кайсы бир товардын жеңилдик берилген тизмеге киргенин далилдөө өзүнчө машакатка айланат деп чочулайт. Кыргыз өкмөтү эгер беш жылдык мөөнөткө жеңилдиктер бериле турган болсо, Кыргызстан үчүн Бажы биримдигинин зыяны аз болот деген ишенимде. Бирок үчүнчү өлкөдөн ташылган товарлардын түрүнө канча пайыз жеңилдик берилет ал азырынча белгисиз.

Ал ортодо Кыргызстан жаңы жылдан тарта автоунаалар үчүн бажы төлөмү эки эсе жогорулай турганын айтууда. Башкача айтканда, бажы төлөмүн баскыч-баскыч менен көтөрүп отуруп, аны беш жыл ичинде Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин деңгээлине чыгаруу максат кылынууда. Айта кетсек, Кыргызстан жаңы жылдан тарта Бажы биримдигине кирүү ниетин билдирген.

Кыргызстан Бажы биримдигине даяр эмес, бирок аргасыз...

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даяр эмес, бирок аргасыз. “Азаттыктын” кезектеги тегерек стол талкуусуна катышкан ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана талдоочулар мына ушундай тыянак жасашты.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө көтөрө турган тарифтердин алгачкысы белгилүү болду. Экономика министрлиги быйылкы жылдын сентябрынан тарта эле унаа үчүн тарифтерди баскыч-баскыч менен көтөрө берүүнү сунуштоодо. Бирок өлкө бул топко кандай шарт менен кирери али белгисиз. Бажы союзуна кошулганда бизнести жана керектөөчүлөрдү эмне тобокелчиликтер күтөт?

“Азаттыктын” тегерек стол талкуусуна экономика министринин кеңешчиси, Бажы биримдигинин оң-терс кеспепеттери боюнча салыштырма анализ даярдаган эксперт Кубат Өмүрзаков, Товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Кубанычбек Серкебаев, Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Төлөгөнов, Казакстандан ишкерлердин Улуттук палатасынын башкармалык мүчөсү Тимур Назханов катышты.

Кыргызстан Бажы союзуна кирүүгө даяр эмес, бирок аргасыз. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:38 0:00
Түз линк

Кыргызстан Бажы союзуна кирүүгө даяр эмес, бирок аргасыз. 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:32 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG