Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Кытай 44 ишкананын багын ачабы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кытай инвесторлору өнөр-жай объектилерин Кыргызстанга которуп алып келүү маселесин изилдешүүдө.

Кыргыз өкмөтү кытай инвесторлоруна өлкөдөгү токтоп турган 44 өнөр-жай ишканасын жаңылап иштетип, өндүрүштү жандандырууну сунуштаган.

Бул тууралуу билдирген өнөр-жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов учурда тизмедеги ар бир өнөр-жай ишканасынын абалы жана аны ишке киргизүүнүн планы иштелип чыгып жатканын белгиледи. Анткен менен айрым көз карандысыз экономисттер муну өкмөттүн кезектеги тил эмизген куру убадасы катары кабыл алып, долбоордун жүзөгө ашуусуна ишенбей турганын айтышууда.

Кытай инвестициясы кызыктырганда

Өкмөт бир топ жылдан бери токтоп калган өнөр-жай ишканаларынын тизмесин түзүп, алардын өндүрүш технологиясын жаңылап, ишке киргизүүнү көздөйт. Андыктан атаандаштыкка туруштук берүүчү жана экспортко ылайыкташкан товарларды чыгара турган өндүрүштү жандандыруу тапшырмасы коюлду. Бул үчүн өкмөт биргелешкен кыргыз-кытай ишканасын ачууну сунуштады. Анткени 2016-жылы Кытай ашыкча өнөр-жай ишканаларын Кыргызстанга көчүрүүнү сунуштаган.

Өнөр-жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов учурда кытайлык инвесторлор өздөрү кызыккан өнөр-жай ишканалардын абалы менен таанышып жатканын айтты:

- Биз мына ошол иштебей турган 44 өнөр-жай ишканасынын тизмесин бир эле Кытай тарапка эмес, бардык эле инвесторлорго бергенбиз. Анын ичинен жыйырма экиси өнөр-жай тармагы болсо, калган жыйырма экиси кайра иштетүү ишканалары. Азыркы учурда бизге Кытайдан жана башка чет өлкөлөрдөн келип, ишканалардын абалы менен таанышып жатышат. Ар биринин өзүнүн багытына жараша инвестор келип, бул жактагы негизги шарттарга кызыгууда. Бул жерде ар бир жеке инвесторго өзүнчө мамиле болуп, ар бир ишкана боюнча тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын көргөздүк. Алар эми мына ошонун бардыгын изилдеп чыгып, анан жообун бере турган болушту.

Каз-катар дат баскан ишканалар

Токтоп турган өнөр-жай ишканаларынын тизмесине Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" жарым өткөргүчтөр заводу, Майлуу-Суудагы электр лампа заводу, Кара-Балтадагы, Караколдогу спирт заводдору, Кызыл-Кыядагы машина куруу заводу, Кадамжайдагы сурьма комбинаты, Ивановка айылындагы тери иштетүү заводу, Токмоктогу айнек заводу, Кыргыз камволдук-нооту комбинаты, кагаз фабрикасы, Нарындагы, Балыкчыдагы, Караколдогу жана Кайыңдыдагы эт комбинаттары кирет.

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн.

Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинаты, Кара-Балтадагы "Кыргыз килем" фабрикасы, Быстровкадагы линолеум заводу сыяктуу өнөр-жай ишканалары да бар. Өкмөт жалпысынан 44 ишкананын тизмесин Кытайга жөнөткөн. Кытайдын коммерция министрлиги өнөктөштөрдү таап, алар өндүрүштү изилдеп чыккан соң, ири инвестиция киргизүү ниеттерин билдиришкен. Кубан Мырзаканов кыргыз тарап реалдуу инвестиция үчүн салык жеңилдиктерин убада кылганын белгиледи:

- Биз азыр чоң бир ишкер форумду күтүп жатабыз. Мына ошондо биз жанагы ишканаларды дагы бир жолу көргөзөбүз. Негизи эле өнөр-жай ишканалары деген оңой нерсе эмес да. Келген инвесторлор бардыгын эсептеп чыгууда. Бул жерде ал ишканалар канчалык деңгээлде салынган инвестицияны актай турганы маанилүү. Ошол үчүн инвесторлор жолуна чейин эсептеп чыгат экен, салыкты карашат, жеңилдиктерди сурашат. Эң негизгиси бизде либералдуу экономикалык саясат бар. Ошого бизге карата кызыгуу бар. Биз болсо инвесторлорго иштей турган тилкени бөлүп берип, жабдууларды койгонго шарт түзүп, анан салык жеңилдиктерин берели деп жатабыз.

Ишенбөөчүлүктүн изи менен

Кыргыз өкмөтү буга чейин дагы бир нече ирет токтоп турган өнөр-жай ишканаларына чет өлкөлөрдөн инвестиция тартып, өндүрүштү жандандырууга аракет жасап келген. Бирок буга чейинки аракеттердин көпчүлүгү ийгиликсиз аяктаганы белгилүү. Мына ошондуктан көз карандысыз экономисттер өлкөдө инвестициялык климат жакшырмайынча өнөр-жайга ири инвестия тартуу татаал экенин айтышууда.

Чет элдиктер жөн эле ири акчаны сала койбойт. Алар бардык тобокелдиктерди эсептеп чыгып анан гана ошондой кадамга барат. Бул жерде эң эле башкы фактор – ишканалардын киреше берүү келечеги.
Мейманбек Абдылдаев

Экономист Мейманбек Абдылдаев бул тууралуу мындай деди:

- Бул эми президенттик шайлоонун астындагы популисттик кадам. Элди сооротуп, анан өздөрүнүн бир нерсеге жөндөмдүү экенин көргөзүү үчүн бир кыймыл-аракет жасагандай түр көргөзүп жатышат окшойт. Буга чейинки өкмөттөрдүн деле ушуга окшогон ойлору бар болчу. Бирок колдорунан келген жок. Анткени муну айтканга оңой болгону менен ишке ашыруу бир топ татаал. Анткени чет элдиктер жөн эле ири акчаны сала койбойт. Алар бардык тобокелдиктерди эсептеп чыгып анан гана ошондой кадамга барат. Бул жерде эң эле башкы фактор – ишканалардын киреше берүү келечеги. Мына ошого ынанганда гана акча салышат. Өндүргөн товарды сатуу базары дагы болушу кажет. Ошол жагынан алганда биздеги инвестициялык климат бир топ начар.

Анткен менен өкмөт өкүлдөрү Кытайдын айрым бир өнөр-жай ишканаларын Кыргызстанга көчүрүп келип, иштетүү демилгеси куру кыял эмес экенин айтышууда. Анткени Кытайда учурда өнөр-жай ишканалары ашыкча курулгандыктан, аларды башка өлкөлөргө которуу зарылдыгы туулган. Мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан программанын негизинде Кытай жакынкы келечекте жаңыланган өнөр-жай жабдууларын Орусия, Монголия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга көчүрүү маселесин караганы белгилүү болду. Буга Кытайдын рыногу ашыкча өнөр-жай ишканалары өндүргөн товарды батыра албай калганы себеп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG