Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Кулов: кылмыш иши саясий себеп менен козголду


“Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов 2006-жылы өкмөттү башкарып турган кезинде кол койгон токтом боюнча козголгон кылмыш ишин прокуратуранын саясий басымы деп баалады.

Башкы прокуратура Кулов ошол кезде Улуттук гвардиянын аймагынан 1,6 гектар жер аянтын жеке менчик компанияга берип жиберген фактыны таап чыккан. Улуттук гвардиянын кол башчысы Асанбек Алымкожоев болсо аскер түзүмүнүн жер аянты анын каршылыгына карабастан көп кабаттуу үй курууга берилип кеткенин айтууда.

Жакында Башкы прокуратура аскер объекттерин жана жер тилкелерин менчиктештирүүгө жол бербөө боюнча мыйзамга карабастан 2006-жылы өкмөт башчысы Феликс Кулов Улуттук гвардияга караштуу бир гектар 60 сотых жер аянтын көп кабат үй куруу үчүн бөлүп берген токтомго кол койгон фактыны таап чыккан. Буга байланыштуу аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин коррупцияга жол берүү беренесине ылайык, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон болчу.

“Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов коюлган дооматты четке кагып, бул кылмыш иши саясий буюртма менен козголуп жатканына токтолду:

- Бул жерде саясат болуп жатат. Бирөөнү каралап, ошол аркылуу коомчулукка жаманатты кылуу аракети жүрүүдө. Токтомдо кылмыш ишин козгой турган эч кандай негиз жок. Сунуш Улуттук гвардиянын өзүнөн түшкөн болчу. Өкмөттүн токтому мында жөн эле сунуш иретинде болуп, милдеттендирүүчү күчкө ээ болгон эмес. Себеби ал жер аянты аталган аскер түзүмүнүн карамагында болуп жатпайбы. Болгону бирөөлөргө менин дарегиме катары ушундай чуулган көтөрүш ыңгайлуу болуп жатат окшойт.

Феликс Кулов көп кабат үй куруу үчүн “ЮНИС-Курулуш” компаниясына Улуттук гвардиянын жер тилкесин бөлүп берүүгө негиз болгон ошол кездеги өкмөттүн токтомун мыйзамдуу деп эсептейт. Анткени Кулов Улуттук гвардия өз алдынча аскер түзүмү катары чечим кабыл алып, мында өкмөттүн токтому сунуш иретинде гана болгонун мисал келтирди. Ошондой эле ал мында аскер түзүмүнүн жер аянты менчиктештирилбегенин айтып, курулуш компаниясы жердин ордуна Улуттук гвардиянын эскирген казармасын жана ашканасын куруп бергенин белгиледи. Улуттук гвардиянын кол башчысы Асанбек Алымкожоев башында буга каршы болуп, бирок кийин ага макул болгон.

Асанбек Алымкожоев учурунда бул турак-жай имаратынын курулушуна ал каршы турганына карабастан Улуттук гвардиянын жер тилкеси бөлүнүп кеткенин ырастады:

- Бул жер өкмөттүн жана мэриянын токтомдору, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин чечимдери менен берилген. Баасын болсо Мамлекеттик мүлк фонду чыгарган. Аны бир гана киши чечкен эмес. Эң жогорку жактан, башкы кол башчыдан тартып, бергиле деген үчүн берилип кеткен. Биздин аймагыбыз кичирейип, кошуна болуп салынган үйлөр бизди үстүнөн күзгүдөй эле карап турат.

Бирок маалымат жыйынында Феликс Кулов демилге башында Улуттук гвардиянын жетекчилиги тарабынан чыгып, өкмөт башчысы ал кайрылууну колдоо ирээтинде гана токтом чыгарып берген деп айткан болчу. Башкы прокуратура Улуттук гвардиянын курулуштары тарыхый баалуу имараттардын тизмесинде экенин айтып жатат. Андыктан мыйзам боюнча ал жеке колго берилбеши керек болчу. Ошону менен бирге эле аскерий имараттарды мамлекеттин менчигинен чыгарууга тыюу салган мыйзамдар да бузулган. Учурда аталган жерге “ЮНИС-Курулуш” ишканасы көп кабаттуу жеке үйлөрдү тургузууда.

“ЮНИС-Курулуш” ишканасынын жетекчиси Рахатбек Ирсалиев Улуттук гвардия үчүн бир катар жаңы имараттарды салып беришкенине токтолду:

- Жерди алуудагы документтердин баары туура. 2006-жылы өкмөттүн токтому чыккан. 2008-жылы 300 орундуу аскердик беш кабаттуу казарма, 200 орундуу ашкана салынып, Улуттук гвардиянын курамына өткөрүлүп берилген. Мындан сырткары ал жерге клуб, медициналык-санитардык бөлүк жана чакан чайкана курулган. Башкы прокуратура муну текшерип, жердин бизге берилиши туура деген тыянак чыгарат деп ишенем. Анткени бул жакта мыйзам бузуу болгон эмес.

Феликс Кулов өкмөт жамааттык орган болгондуктан бул долбоорду ишке ашыруу калган өкмөт мүчөлөрү менен макулдашылып, алардын колдоосу менен ишке ашкан. 2006-жылы Улуттук гвардиянын коргоо багытындагы жер аянты калктуу конуштардын категориясына которулган.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Жер аянтты Улуттук гвардиянын карамагында болсо, аны башка категорияга өткөрүүгө мына ошол аскер түзүмүнүн гана уруксаты керек болот да. Алымкожоев ошол учурда да Улуттук гвардияны жетектеп турган. Анын жазуу жүзүндөгү парламенттин тиешелүү комитетине же өкмөткө кайрылуусу болбосо, ал токтом кайсы документтин негизинде чыкмак эле. Ошондуктан бул жерде жөн эле бир чоң саясий оюн эле болуп жатат. Бул жерде коррупциялык иштин элементи бар деп айтууга негиз жок.

Башкы прокуратура аталган кылмыш фактысы боюнча кайсы бир жогорку кызмат адамына жана курулуш компаниясына карата айып койо элек.

XS
SM
MD
LG