Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Коалицияны Социал-демократтар курайт


Президент Атамбаев коалиция түзүү мандатын буга чейин да КСДПга тапшырган. 8-декабрь, 2011.
Президент Атамбаев коалиция түзүү мандатын буга чейин да КСДПга тапшырган. 8-декабрь, 2011.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүүнү Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырды.

Президент коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырганын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган фракциянын башчысы Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү боюнча башка фракциялардын башчылары менен сүйлөшүүлөр башталганын "Азаттыкка" кабарлады.

Конституция боюнча коалиция 15 жумушчу күндүн ичинде түзүлүп бүтүп, өкмөт башчылыкка талапкерди сунушташ керек. Көрсөтүлгөн талапкер 15 күндүн ичинде өзүнүн жаңы программасын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке алып чыгыш керек. Ушул эле убакыттын ичинде өкмөт тутумун жана структурасын көрсөтүп бериш керек.

КСДП фракциясы ушуну менен парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзүү мандатын үчүнчү ирет алды.

2010-жылы азыркы парламент алгач шайланып келгенде ошо кездеги президент Роза Отунбаева парламенттик көпчүлүк түзүүнү алгач КСДПга тапшырган. Бирок алардын аракети үзгүлтүккө учурап, мандат “Республика” фракциясына берилген.

Андагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев былтыр президенттикке шайлангандан кийин жаңы коалиция түзүү укугун Социал-демократтарга берген. Оңой-олтоң эмес сүйлөшүүлөрдөн соң Социал-демократтар, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган “Биримдик" коалициясы түзүлгөн эле.

Бул коалиция 22-августта ишин токотууга туура келди. Ага эки фракция: "Ар-намыс" менен "Ата Мекен" коалициядан чыгып кетиши себеп болгон. Мындан улам 24-августта президент өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG