Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

"Сабакка" келбеген депутаттар


Депутаттардын теңинен көбүнүн жыйынга катышпаганы, бирине бири добуш берүүсү жарандык уюмдардын сынына кабылды. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу парламенттеги депутаттардын жүрүм-турумуна арналды.

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын үчтөн бири жок болгону жазылды. Эл өкүлдөрүнүн жыйынга көп катышпаганы, бири-бирине добуш берүүсү жаңылык деле болой калды окшойт. Ошентсе да муну кандай бааласа болот? Бул талкууланып жаткан маселеге маани бербегендикпи, же башка себептер барбы?

Курмантай Абдиев: Бул маселе биринчи күндөн бери эле көтөрүлүп келатат. Мыйзамдын долбоору парламенттин отурумуна чейин ар бир фракцияда, тийиштүү комитеттерде кеңири талкууланат.

Ал эми комитеттин курамында бардык фракция өкүлдөрү бар. Ошол себептүү жыйында депутаттар толугу менен отурбай калышы ыктымал. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп айта алам.

Бирок ошого карабай депутаттардын катышуусун активдештирүү максатында регламенттин жаңы редакциясында добуш берүүнүн күнүн белгилегенбиз. Анда депутаттар сөзсүз толугу менен катышканга аракет кылганбыз. Азыр эми ошого дагы кошумча киргизип жатат. Себеби добуш берүү айына эки жолу гана болуп калган.

“Ага чейин эмнеге добуш бергенибиз унутулуп, эмнеге добуш бергенибиз бүдөмүк болуп калат экен” деген пикирлер болуп, өзгөрүүнү даярдап, кечээ экинчи окуудан өттү.

"Азаттык": Динара айым, сиздер парламенттин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жүрөсүздөр. Мыйзам, же кайсы бир маселе фракция, комитеттерде талкууланганы менен негизги талкуу жалпы жыйында жүрүп жатпайбы. Же депутат эркин болуп, кааласа келип, каалабаса жыйындан чыгып кетсе болобу?

Динара Ошурахунова: Депутаттардын бардыгы сөзсүз 100% отургандын деле кереги жок. Балким чындыгында маанилүү себептери бар.

Башкы маселе жыйынга келбегендерди кантип тарбиялоо болот? Балким алардын аттарын дайыма жазып туруу керектир? Анткени бардыгы эле той, же командировкада жүрбөйт, кээ бири ооруп калат. Бирок көбүнчөсү иш бөлмөсүндө эле телевизордон көрүп отурушат. Биз деле аны байкаганбыз. Ошондуктан аттарын атамайынча муну жөнгө салып, тарбиялай албайбыз.

Коалиция жаңы регламентти колдойт. Анда жакшы нормалар бар. Жаңы жыл алдында коалицияны түзүп жатканда, жаңы өкмөттү түзгөндө ар бир депутат фамилиясы менен чыккан. Кайсы депутат кандай добуш берди деген абдан ачык нерсе. Бул тажрыйбаны жоготпой дагы колдонсок, биз кайсы депутат кандай иштеп атканын көрөбүз.



Саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев: Депутат болуп келгенден кийин үлгү болушу керек. Окуучу деле мектепке келбей койгону жакшы эмес да. Депутаттар элге үлгү болуп отуруш керек. Бирок алардын элдин, мамлекеттин ишине караганда маанилүү башка иштери бар. Алардын жок болушу жеке иштерин өйдө койгонунун индикатору деп коёт. Демек алар татыктуу депутаттар эмес. Биз татыктуу депутаттарды шайлабай жатабыз жана көрбөй жатабыз.

XS
SM
MD
LG