Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Жарандык берүү Кремлдин тузагыбы?


Орусияда жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта жарандык берүү бир жыл мурда токтотулган.
Орусияда жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта жарандык берүү бир жыл мурда токтотулган.

Орусиянын Федералдык Кеңеши жөнөкөйлөштүрүп жарандык берүүнү караган мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдоду.

Бул мыйзам күчүнө кирсе, мурдагы Орус империясынын жана СССРдин аймагына кирген мамлекеттерде жашаган орус тилдүүлөргө Орусиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилмекчи. Мындан бир жыл мурун эле Орусиянын бийлиги жеңилдетилген шартта жарандык берүүнү токтоткон. Саясат таануучулар Орусиянын саясатынын өзгөрүшүн Украинадагы окуяларга байланыштуу жагдайдан келип чыккан Кремлдин стратегиялык жүрүшү катары мүнөздөшүүдө. Ошол эле кезде айрым эксперттер бул жүрүштү мурдагы Советтер союзуна кирген республикалардын эгемендүүлүгүнө коркунуч жарата турган кадам катары баалашты.

Орус тилдүүлөр орус жарандыгын оңой алышат

Орусиянын Федералдык Кеңеши 16-апрелде “Жарандык берүү боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөрдү көпчүлүк добуш менен колдоду. Мыйзам долбоору мурдагы орус империясынын жана СССРдин аймагына караган мамлекеттерде жашаган орус тилдүүлөр, өз жарандыгынан баш тарткан учурда аларга үч айлык мөөнөттө Орусиянын жарандыгын ыйгарууну көздөйт. Бул мыйзам орус тилинде эркин сүйлөп, аны күндөлүк турмушунда кеңири колдонгону тастыкталган шартта арыз берүүчүгө жарандык берүүнү ырастайт. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-атташеси Дарья Пахомова бул мыйзамга президент кол койгон соң гана күчүнө кирерин белгиледи:

- Мына ошондон кийин гана иштелип чыккан жободогу жарандык алууну каалаган адамды орус тилин алып жүрүүчү катары таануу керекпи же жокпу деген суроого жооп бере турган талаптар аныкталат. Мыйзамдын өзүндө жарандык алууну каалаган адамдын улуту боюнча маселе жок. Демек, мында ал адамдын орус тилинде эркин сүйлөгөнү гана эске алынат. Орусия өзү көп улуттуу. Анда жашаган орус эмес улуттар дагы орус тилин алып жүрүүчү катары таанылат. Ошондуктан мында улут маселеси кийинки орунда.

Крым. Орус паспортун алуу үчүн кезекке тургандар. 20-март, 2014-жыл.
Крым. Орус паспортун алуу үчүн кезекке тургандар. 20-март, 2014-жыл.
Быйыл март айында Орусия Крымды Украинадан тартып алгандан кийин бул мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума иштеп чыккан. Бирок КМШнын айрым мамлекеттери менен түзүлгөн келишимге ылайык, жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта жарандык берүү бир жыл мурда токтотулган болчу. Анда жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта жарандык берүү ички коопсуздукка коркунуч келтирет деген улутчул маанайдагы депутаттардын жүйөөсүн Дума колдоого алган эле. Бирок Украинадагы окуялардан кийин Кремл бул багыттагы саясатын өзгөрттү.

Коопсуздук маселелери боюнча адис Талант Раззаков эл аралык абал курчуган шартта Кремл бул багыттагы саясатын өзгөртүүгө мажбур болду эсептейт:

- Украинадагы кырдаал Орусияны бул маселеге башкача көз карашта кароого түрттү. Ошондуктан мындан бир жыл мурунку саясат да өзгөрдү. Ал эл аралык абалдын курчушунан улам, орус жарандыгын берүүнү көзүр катары кармап, геосаясий кызыкчылыгын коргоо үчүн таасирин күчөтүүгө өттү. Ошондуктан бир эле Батыш багытында эмес, Борбор Азия мамлекеттерин дагы өз орбитасынан чыгарбай кармап калуу үчүн мына ушундай чечим кабыл алынып жатат. Жарандык берүүнү жөнөкөйлөштүрүү менен мурдагы союздук республикалардын орус тилдүү калкын өзүнө тартуу аракети ошондон улам келип чыкты. Анткени, Украинадагы орус тилдүү калктын Кремлдин саясатын колдоосу аны шыктандырып койду. Бир жагынан Орусиядагы демографиялык абал да жакшы эмес. Орусиянын калкы жети жүз миңге азайып отурса, ошончо чоң аймакты келечекте колдон чыгарып жиберүү коркунучу бар. Мына ошондуктан орус тилдүү калктын санын көбөйтүү маселеси актуалдуу. Анан дагы орус улутчулдары бул демилгеге каршы болгону менен Орусия эмгек күчүнө муктаж. Ошол өксүктү улуттук кызыкчылыктын алкагында чечүү үчүн Кремл мына ушундай кадамга барып жатат.

Анткен менен Кыргызстандагы орусиячыл саясатты колдогон эксперттер бул жагдайды өнөктөштүктү колдоого багытталган аракет катары кабыл алуу керек деп эсептешет. Бул мыйзам күчүнө кирсе, орус тилин билген мигранттардын абалы жеңилдеп, Орусиядан тоскоолсуз жумуш табышын шарттайт дешет алар.

Саясат таануучу Токтогул Какчакеев Орусиянын аракетин КМШнын алкагында интеграцияга багыттаган саясат катары баалады:

Токтогул Какчекеев.
Токтогул Какчекеев.
- Мындан Кыргызстанга эч кандай коркунуч болбойт. Кыргызстанды басып алуу Орусия үчүн анчалык деле кыйынчылыкка турбайт. Бирок ал андайга барбайт. Бул мыйзам болгону мурдагы союздук республикалардагы орус тилдүү жаштарды, орус маданиятын билген адамдарды өзүнө тартып, жакшы шарттарды түзүп берүүнү гана көздөйт. Ага карата биздин бийликтин альтернативалуу программасы барбы? Ал жаштарга татыктуу билим берип, жумушка орноштуруп, жакшы маяна менен камсыздай алабы? Маселе ошондо. Ошондуктан мындан чочулаштын кереги жок.

Жарандык берүү жарга такоонун амалыбы?

Ошол эле кезде бир катар саясат таануучулар жеңилдетилген шартта жарандык берүүнү караган мыйзамды мурдагы союздук республикалардын эгемендигине коркунуч келтирген жагдай катары мүнөздөшүүдө. Анткени Кремлдин коңшу мамлекеттердин аймагында жашаган орус тилдүү калкты коргоо деген саясаты көпчүлүктү түйшөлтө баштады. Саясат таануучу Марат Казакбаев муну Орусиянын геосаясий таасирин күчөтүүгө багыттаган стратегиялык планы болушу мүмкүн деп кооптонот:

- Орус тилдүүлөргө деген негиз менен биздин жарандарга Орусия жарандык берип баштаса, бул биздин улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдай. Анын арты барып, биздин эгемендикке шек келтириши мүмкүн. Кыргызстанда туруп эле, Орусиянын жарандыгын алгандардын саны көбөйсө бул анын империялык иш-аракеттерин баштаганынан кабар берет. Албетте биринчи учурда биздин жарандар үчүн орус жарандыгын алуу алардын Орусияга барып тоскоолсуз иштөөсүн камсыздап, социалдык абалын жеңилдетүүгө шарт түзгөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын арты өтө эле коркунучтуу. Ошондуктан биздин парламент менен өкмөт бул маселени терең талдап чыгышы керек.

Ошол эле кезде Орусиянын Крымды аннексиялап, Түштүк-Чыгыш Украинадагы сепаратисттик кыймылды колдоп жатканы, эми ал мурдагы союзга кирген Борбор Азиядагы жана Кавказдагы республикалардын эгемендигине да коркунуч келтиреби деген тынчсызданууну пайда кылды.

XS
SM
MD
LG