Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Жаңы акыйкатчы үмүттү актайбы?


Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште, 3-октябрь, 2013.
Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште, 3-октябрь, 2013.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жаңы акыйкатчы мыйзамсыз шайланды деп эсептээрин, андыктан иш бөлмөсүн ага бошотуп бербестигин билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын акыйкатчы боюнча экинчи айлампадагы добуш берүүсүндө эки талапкердин бири Бакыт Аманбаев озуп чыкты. Ага жыйынга катышкан 102 депутаттын 52си добуш берген. Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, вице-спикер Асия Сасыкбаева 45 добуш алса, калган бюллетендер жараксыз табылды.

Бакыт Аманбаев ким?

Буга чейин акыйкатчы болуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп айтылып жаткан Асия Сасыкбаева атаандашына ийгилик каалады.

- Мен да сизди куттуктайм. Бул иш абдан оор, эгер жардам керек болсо көмөктөшүүгө дайыма даярбыз.

Бул эки талапкер 49 талапкердин ичинен 61ден жогору добуш алып, экинчи айлампага өтүшкөн болчу. Бакыт Аманбаев ушул эле күнү ант берип, кызматтык милдетин мойнуна алды.

Аманбаев соңку мезгилде “Айыл деми” гезитинин баш редактору болуп иштеп келген. 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси, “Азаттык” радиосунун кабарчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2005-2007-жылдары Улуттук телерадиокомпаниянын жарнама-коммерциялык агенттигинин директору, андан соң Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте сабак берген. 2010-жылы апрель окуясынан кийин аз убакыт Ош шаарынын вице-мэри, ошондой эле парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 57-болуп шайлоого катышкан. Андан соң “Саясат” гезитинин башкы редактору, аз убакыт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген. 2012-жылы июнь айынан декабрга чейин АКШда окуп келген. Жашы 45те.

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеванын бир тууган иниси. Бакыт Аманбаев акыйкатчы болушуна депутат эжесинин салымы болду деген пикирлерди четке кагып, шайлоо адилет өттү деп эсептейт. Ал бул кызматты аркалап кетүүгө тажрыйбасы жетиштүү жана экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен да тил табыша алам деп эсептейт:

Тасмада: жаңы акыйкатчы менен маек

Жаңы акыйкатчы: тажрыйбам жетиштүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00


Укук коргоочулар эмне дейт?

“Прецедент өнөктөштүк" коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу Нурбек Токтакунов Аманбаевдин адам укугун коргоо жаатында тажрыйбасы жоктугун эске салып, анын Омбудсмен институтун тартып кетеринен күмөн санайт:

- Бул адам укугун коргоо тармагында иштеген эмес. Ошондон улам мен артка кетебиз го деп ойлоп жатам. Менимче, бул Акыйкатчы институтун көтөрүп кете албайт окшойт.

Токтакунов акыйкатчыны шайлоодо демократия жана адам укуктары боюнча баалуулуктар эмес, Жогорку Кеңештеги саясий күчтөрдүн жеке кызыкчылыктары үстөмдүк кылды деген ойдо:

- Балким коррупциялык ыкмаларды да колдонуштубу деген ой бар. Саясий күчтөр өздөрүнчө сүйлөшүп алып эле шайлап алышты. Андай жол менен келген акыйкатчы саясий күчтөрдүн алдында милдеттүү болуп калат, ошолор үчүн иштеп берет.

Мындай пикирге укук коргоочу, активист Атыр Абдрахматова да кошулат. Анын оюнча, Акыйкатчы институту саясий көз карандылыктан арылмайын жана мыйзамдарды өзгөртмөйүн жаңы акыйкатчы анын ишин жакшыртып кетиши кыйын.

- Азыр шайланган акыйкатчы өз программасын жана укуктарын кантип ишке ашырары мен үчүн түшүнүксүз болуп турат. Албетте эгер депутаттар мыйзамдарды өзгөртүп берсе жакшы болмок. Бирок акыйкатчыны шайлоодо, ошондой эле Турсунбек Акунду бошотууда мыйзам бузуулар болгондугун эске алсак, адам укугун коргоо жаатында чыныгы иштерди жүргүзүү кыйын.

Анткен менен депутаттар шайлоо адилет өттү деп ишендирүүдө. Алар Бакыт Аманбаев бул кызматка татыктуу жана аны бийик деңгээлде аркалап кете алат деп санашат. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова:

- Бийликке эмес, элге кызмат кылат деп ишенем. Анткени иш тажрыйбаңыз жана буга чейинки басып өткөн жолуңуз ушундан кабар берип турат. Депутаттардын ишенимине ээ болгонуңуз да ошондон. Жогорку Кеңештин алдында, элдин алдында ант берип жатып, өзүңүзгө чоң милдетти алдыңыз.

Эски-жаңы акыйкатчылар орун талашабы?

Бакыт Аманбаевди Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институтунун жамаатына 4-октябрда тааныштырат деп күтүлүүдө. Бирок 18 күндөн бери ачкачылык кармап отурган экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жаңы акыйкатчыны мыйзамсыз шайланды деп эсептерин, андыктан иш кабинетин бошотуп бербесин билдирүүдө.

- Жогорку Кеңеш менин талаптарымды аткаргандын ордуна акыйкатчыны шайлашууда. Бул эмне деген акмакчылык? Мен биринчи Батукаев маселесин чечкиле деп талап кылып жатам. Булардын болсо кылган башка. Мындай болсо мен ачкачылыкты токтотпойм.

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна себепчи деп, Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду 27-июнда кызматынан бошоткон. Бирок ал кызматтан мыйзамсыз алынгандыгын айтып, парламент менен соттошуп келатат.

Турсунбек Акунга чейин акыйкатчы кызматын Турсунбай Бакир уулу аркалаган.

XS
SM
MD
LG