Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Кыргызстанда маалымат каражаттары, айрыкча кыргыз тилдүү гезиттер улут аралык ынтымакка доо кетирген маалыматтарды жарыялаары айтылды.

Бул тууралуу 19-мартта Бишкекте медиа эксперттердин жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн өлкөдөгү маалымат саясатына арналган тегерек стол талкуусунда сөз болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиевдин айтымында, кээ бир маалымат каражаттары улуттар аралык мамиледе аша чапкан маалыматтарды берген учурлар жок эмес.

- Чындыгында эле маалымат каражаттары, кээ бир журналисттерибиз улут аралык мамилени курчутуп жатат. Андан терс жыйынтык чыгып, окурмандар арасында көп нааразычылыктар бар. Кээ бир гезиттердин арасында бул маселеде аша чапкандык кезигет.

Ошол эле кезде Накен Касиев улуттук азчылыктар өздөрү да коомдук-саясий талкууларга жандуу аралашпай, четтеп, өз пикирлерин айтуудан оолак болуп жатышканын мойнуна алып жатышат дейт.

- Алар өздөрү да кээде "биз тартынып, өз пикирибизди айталбай жатабыз" дешет. Бул маселе азыр ушундай күңгөй-тескей болуп турган кез. Биз ар бир этноско, бизде жашап жаткан бардык улуттарга өздөрүнүн маданиятын, саясатка болгон көз карашын айтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек.


Ал эми президенттин кеңешчиси Эмилбек Каптагаевдин билдиришинче, азыр улуттарды тикелей бөлгөн, алардын ортосунда кастыкты козуткан маалыматтар жок. "Бирок улуттарды ынтымакка чакырган материалдарды да кезиктирүү кыйын" дейт.

- ЖМК зыяны, кедергиси тийбегендей маалымат бериш керек. Ар кандай материалдар чыгат. Бирок бүгүнкү күндө тикелей улутту улутка каршы койгон маалыматтар жок. Ошол эле убакта журналисттер элдин биримдигине, ынтымагына жигер бере турган сөздөрдү, ойлорду айтса, абдан жакшы болот эле деп ойлойм. Айрыкча кыргыз тилдүү гезиттер.

Чагымчыл ушак кептер

Анткен менен кыргыз тилдүү гезиттер жогорудагы айыптоолорго кошулбайт.
“Фабула” гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаков кыргыз гезиттери бир кылка кастыкты козуткан материалдарды басат деген туура эместигин билдирди.

- Бул биринчи эле жолу айтылып жаткан жок. Бирок кыргыз тилдүү гезиттер деп жалпылап айткан болбойт. Эгер ошондойлор учурап жатса, “бул гезит мындай деген макалада жазды” деп, так айтыш керек.

Фергана өрөөнүндөгү коопсуздук жана тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык маалымат борборунун деректири, “Олам” гезитинин редакциялык кеңешинин мүчөсү Бегижан Ахмедовдун оюнча, 1990, 2010-жылдары Ошто болгон кандуу окуяларга ушак-айыңдар негиз болгон.

- Ушактар чоң рол ойноду. Чагымчылар өзбектердин ичине кирип бирди, кыргыздардын арасына кирип башканы айтып, “уктуңарбы мындай экен, тигиндей болуптур” деп маалымат таратышты. "Жок, андай эмес" деп аларга түшүндүргөнчө бир ушакка он ушак кошулуп, тарап кетет. Тартип коргоо органдары дайыма мындай ушактарга каршы катуу чараларды көрүш керек деп ойлойм.

Ахмедов эл арасындагы ушактар, чагымчыл сөздөр айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынан орун алып калганы өкүнүчтүү дейт.

- "Журналисттердин” арасында жаман адат бар. Эми алар “журналисттер”. Аларга сенсация керек. Сенсация жок болуп, турмуш тынч болуп калган кезде, ошондой имиштерди жазып таратышат. Аны атайын жасагандар да бар.

2010-жылдагы кыргыз-өзбек кагылышынын ырбашына маалымат каражаттары да терс салым кошкону жергиликтүү жана эл аралык баяндамаларда да белгиленген. Бир жагы ашынган улутчул ураандарды көтөрсө, экинчи жагы сепаратисттик маанайды күчөткөнү тууралуу медиа иликтөөлөр да тастыктаган. Ар жылы жаз-жай жакындаган сайын кыргыз журту улут арасында жиктешүү же касташуу күч албаса деген сарсанаа ойлорго батат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG