Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Түрмөдөн чыккандар коомго батпай жатат


Кыргызстанда түрмөлөрдө жаза өтөп чыккандарды эркин жашоого көндүрүү боюнча долбоор иштеп жатат. Азыр абактан чыккан жети адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөдө абакта отуруп чыккандардын коомго аралашуусу оор болгондуктан, алардын бир тобу кайра кылмыш жасап соттолуп кетет.

42 жаштагы Наил төрт жолу удаа абакка кесилип, он бир жылдык өмүрүн темир тор артында өткөргөн. Буга абактан кийин коомго аралашып кете албаганы, ата-эне, үй-бүлөсүнүн, туугандарынын ага жасаган мамилеси өзгөрүп, элден оолактап калганы себеп болгон экен. Азаттыкка чыккандан кийинки мындай көрүнүштөн тажаганда кайра эле кылмыш жасап, абакка түшкөн:

- Жалпысынан он бир жыл абакта отурдум. Эркиндикке чыккандан кийин сага баары ишенбей, башкача карап калышат. Ишке да алышпайт. “Түрмөдөн чыгыптыр, бул бүткөн адам” дегенсип карашат. Буга чейин жаза өтөп чыкканымда ушундай мамилеге туш болдум. Азыр мага окшогон адам деле иштеп, эркиндикте жашаса болот деген кеп-кеңеш алып, өзүмө ишеним пайда болду.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Ал эми он гүлүнүн бири ачыла элек Саматтын түрмөдөн чыкканына бир жылдын жүзү болгон. Ал жумушундагы түшүнбөстүктөргө байланыштуу сегиз жылга эркинен ажырап, бирок эки жарым жылдан кийин мунапыс менен бошонуп чыккан. Үй-бүлөсү аны жакшы эле кабыл алганы менен, жек-жаат, тааныштарынын арасында өзүн дале жаман сезип жүрөт:

- Эч ким түрмөгө түшпөйт деген кепилдик жок. Ар бир адам ошол кишини өз ордуна коюп көрүшү керек. Кээ бирлер "бул бошоп чыккандан кийин деле жаман иш кылып, кайра эле ошол жакка барат" деп ойлойт. Бул нерсе ар бир адамдын өзүнөн, түшүнүгүнөн көз каранды. Маселен, менин "тиги жакка" барганга кенедей да каалоом жок. Баргым келбейт. Ар бир адам өз турмушун оңдоп кетүүнү максат кылат, үй-бүлөсү бар дегендей. Алдыга умтулууга аракеттенет. Бирок, биздин коом ага жардам бербей, кайра кодулайт. Эми мен келечекте абактан чыккандар үчүн коомдук фонд ачып, аларга түшүнүк берип, көмөктөшүүнү көздөп жатам.

Абактан чыккандар үчүн жакындарынын, тааныш-билиш, колу-коңшулардын терс көз карашынан тышкары ишке орношуп, жашоо үчүн күрөшүү да татаал маселелердин бири. Мындай көйгөйгө Самат менен Наил да кабылып, аларды эч ким жумушка алган эмес.

Укук коргоочу Перизат Асылбаева мамлекеттик жана менчик ишканалар мурда соттолбогону тууралуу документ талап кылып, жаза өтөп чыккандардын элге аралашуусу кыйынга туруп жатканын белгилейт:

- Жада калса нан чыгаруучу заводго айдоочу болуп жумушка киргиси келгендерди алышпайт. Эгер эркиндикке чыккандарды эл туура кабыл алып, мүмкүнчүлүк берилсе, мындайлар коомго оңой аралашып кетишмек. Алардын көпчүлүгү кайра кылмышка барбай, башкалар сыяктуу эле ийгиликтерге жетишмек.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, былтыр түзөтүү мекемелеринен 2 миңдей адам бошотулса, анын 5 пайызы кайра эле кылмыш жасап соттолуп кеткен. Психолог Чынара Термечикова мунун башкы себебин түрмөгө түшүп чыккандарды коом кабыл албай жатканы менен байланыштырат:

- Бизде түрмөдөн чыккандар өмүр бою күнөөлүү болуп өтүшү керек деген түшүнүк калыптанып калган. Башка адамдар мындай турсун, жакындарында да ошондой көз караш бар. Абактан чыккан балдар жумуш издейби, үй-бүлө кургусу келеби же башка социалдык иштерге аралашкысы келеби, айтор кайда барбасын эч жерде аны кабыл албай, түрткүнчүк болушат. Ошентип, алардын жандүйнөсүндө жаракат пайда болот экен.

Учурда кылмыштуулукту азайтуу максатында жергиликтүү укук коргоочулар абактан чыккандарды реабилитациялоо боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда.

Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, долбоорго алгач он беш адам тартылган. Бирок, мурда соттолгондордо башкаларга ишенбөө сезими күчтүү болгондуктан, азыр анын жетөө калды. Алар коомго аралашуунун, ишке орношуунун, эл менен ымала куруунун жол-жоболорун үйрөнүүдө:

- Долбоор мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте, баш кеңсеси Астанада жайгашкан Түрмөлөрдөгү реформа боюнча эл аралык уюмдун көмөгү аркылуу ишке ашырылууда. Биз сегиз айдан бери абактан чыккандар менен иштеп жатабыз.

Кыргызстанда жаза өтөп чыккандарды эркин жашоого көндүрүү, коомго аралаштыруу зарылчылыгы, буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу маселеси көптөн бери эле көтөрүлүп келе жатат. Бирок, абактан бошонгондорду реабилитациялоо боюнча мамлекеттик борборлор жок. Абактагыларга кеп-кеңеш берүү менен алектенген бир катар бейөкмөт уюмдардын иши каражат жоктугунан токтоп турат. Жаза аткаруу кызматы реабилитациялоо борборлорун ачууну максат кылган, бирок андан азырынча майнап чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG