Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кийинки жылы өкмөт 16 мамлекеттик ишкананын акцияларынан тышкары 21 мамлекеттик комплекс жана мүлктү сатыкка чыгарып, 7 млрд. сомдон ашуун каражатты бюджеттин кирешесине киргизүү ниетинде турат.

16 мамлекеттик ишкананын ичинде "Кыргызстан" авиакомпаниясынын 51%, Ишкерчиликти өнүктүрүү фондунун, “Миңтеке” ЖЧКнын жана “Альфа-Телекомдун" 100% акциялары, “Дастан” заводунун болсо 98% каралган.

"Мегакомдун" баасы бычылууда

Келерки жылда менчиктештирилип жаткан ишканалардын эң ириси “Альфа-Телеком” ишканасы болуп турат. Коомчулукта “Мегаком” деген бренд менен таанымал байланыш компаниясынын таза кирешеси 2 млрд. сом болуп жатканына карабай, Экономика министрлиги анын банкротко баратканын билдирип келет. Натыйжада "Мегакомду" сатуу боюнча өкмөттүн демилгесин парламент депутаттары да колдоп берген.

Мүлк фондунун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мураталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда тендерде жеңип чыккан компания “Мегакомдун” өздүк баасын аныктоого киришти.

Бактыбек Мураталиев

Бактыбек Мураталиев

- “Мегаком” кийинки жылы сатыла турган программанын катарына кирген. Учурда баалоочу компания тендерди утуп алды. Жакынкы жумаларда анын болжолдуу баасы аныкталат. Ар бир объекттин мыйзам чегинде мөөнөттөрү бар. Сатыкка чыгардын алдында биз 90 күн мурда маалымат беребиз. Биздин план боюнча "Мегаком" февралда сатыкка чыгып калыш керек.

Ири ишканалардын катарында “Кыргызстан” авиакомпаниясы да бар. “Кыргызстандын” 100 пайызы мамлекетке таандык болгону менен, азырынча анын 51 пайызын сатуу сунушталууда. Мындан башка Баткен облусундагы “Беш-Бурханкөмүр” шахтасынын 95 пайызы, Нарындагы “Жумгал суу курулуш” жана “Нарынбасмаканасынын” да акцияларынын бир бөлүгү сатыкка чыкмакчы.

Менчиктештирмейинче казына толбойт

Финансы министри Адылбек Касымалиев буга чейин өкмөттөгү келерки жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоо учурунда мамлекеттик мүлктөрдү сатуу менен казынага 7 млрд. сомдон ашык каражат түшүрүү каралып жатканын билдирген эле.

- 2016-жылдагы бюджеттин долбоорунда мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшүүлөрдүн болжолу 7,8 млрд. сом суммасында каралган. Мында каралып жаткан объект боюнча суроо-талап жок болгон учурда каражаттар толук эмес көлөмдө, кем түшүп калуу тобокелчилиги бар.

Мамлекеттик мүлктү сатуу менен өкмөт казына кирешесинин бир бөлүгүн кармап келатат. Ошондуктан өкмөт башчы Темир Сариев да Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы мүлктөрдү сатууда мөөнөттөн артта калбоону талап кылууда. Алсак, 14-октябрда фонддун жетекчиси Алмаз Кадыркулов берилген тапшырмаларды өз маалында аткарбай жатканынан улам премьер-министрден сөгүш алды.

Акча жок - мүлк бар

Экономист Айылчы Сарыбаев бюджеттеги акчанын тартыштыгы өкмөттү мамлекеттик мүлктөрдү сатууга аргасыз кылып жатканын белгилейт. "Бүгүнкү кырдаалда бюджеттик мекемени иштетүүгө кызыкдар тараптар азайып кетти" деген Сарыбаев буларды кошумчалады:

- Баалар өстү, инфляция болду, мигранттар кайтып келүүдө – ушулардын бардыгы бюджеттин дефицитин, тышкы карызды көбөйттү. Өкмөт айрым Батыш өлкөлөрү менен алаканы бузуп алгандан кийин дагы гуманитардык жардамдар келбей калды. Ошондуктан өкмөт айласы кеткенинен мамлекеттик мүлктү сатууга аргасыз болуп атат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду келаткан жылы 16 мамлекеттик ишкананын акцияларынан тышкары 21 мамлекеттик комплекс жана мүлктү сатыкка чыгармакчы. Адистердин арасында мамлекет өз маалында мүлктөрдү сатып жибербесе, ишканалар банкротко учураганда сатуу оор болуп каларын айткандар да бар.

М.Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрү

М.Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрү

Деген менен сатыкка коюлган мүлктөр өз маалында сатылбай созулуп кеткен учурлар да ондоп саналат. Алсак “Дастан” корпорациясын мамлекет бир нече жылдан бери эле сата албай жатат. Ал эми мурдагы президент Бакиевдин 2010-жылы улутташтырылган мүлктөрүнүн айрымдары ушул маалга чейин сатыкка чыкканы менен, ээсин таба албай келүүдө.

Кыргызстанда менчиктештирүү 1991-жылы башталып, төрт этап менен 2014-жылдын декабрына чейин уланган. Мамлекеттик мүлктөрдүн жеке колго өтүшүнөн өнөр жай ишканалар жана заводдор сатылып, жыйынтыгында көпчүлүгү иштебей калган. Анын натыйжасы республиканын айыл чарба, экономика тармагындагы көрсөткүчтү төмөндөтүп, жумушсуздуктун өсүүсүнө алып келген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG