Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Бейпил жашоо боюнча эл аралык рейтингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 114-орунду ээледи. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 8 айдын ичинде 900гө чукул ар кандай митинг өтсө, анын жарымынан көбү Бишкекте болгон.

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы митинг, акцияларды уюштургандардын жоопкерчилигин катаалдаштырууну сунуштап жатат.

Талкууга "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана коомдук, мамлекеттик ишмер Кемелбек Ашыралиев катышты.





“Азаттык”: Азиза айым, 8 айдын ичинде 900гө чукул ар кандай митингдер болуптур. Алардын жарымынан көбү Бишкекте өткөн. Ал эми жалпы митингдердин жарымына жакыны коомдук-саясий, жарымы социалдык-турмуштук митинг, пикеттер экен. Ушул митингдер болгон үчүн Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 114-орунду ээлеп атабы?

Азиза Абдирасулова: Тынч маанайда өткөн митинг, пикеттер бул рейтингге таасирин тийгизбейт. Мыйзамдуу түрдө, колуна таш, курал албай, бирөөгө акарат келтирбей, мамлекеттин бүтүндүгүнө зыянын келтирбеген пикет, митингдер он миңдеген болсо да, ал тескерисинче демократиялык принциптерин сактаган, адам укугун сыйлаган өлкө катары баалана берет.

Ал эми биздин рейтингдин өтө төмөн болгонуна башка коогалаң окуялар, улуттар аралык кагылышуулар, диний нааразылыктар таасир этип атат.

Экинчи тарабынан, биз тынч маанайдан четтеп кетип, күч колдонуу маанайга өтүп кеткенди байкабай калып атабыз.

Ошондуктан өздөрүн пикетчибиз, митингчибиз деп, Ак үйдүн жанына барып, депутаттарга, пикир келишпегендерге кол салып, депутаттарды галстугунан сүйрөгөндөргө эл аралык деңгээлде баа берилип атат.

Демек Кыргызстан мыйзамды сыйлабаган, адам укугун сыйлабаган өлкө деп аталат дагы, күч колдонулган акцияга айланып калууда. Ошол себептен гана Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги рейтинги төмөн болуп атат.

“Азаттык”: Митинг - демократиянын бир бөлүгү. Эл агрессияга, ызы-чууга алдырбай, үнүн, өзүнүн укуктарын митингде кантип угузуш керек? Ошол эле учурда "митингдерден тажадык, ушуну токтотолу" деген да пикирлер бар.

Кемелбек Ашыралиев: Митингди саясатчылар элди козгоп, чыккыла деп уюштурат. Карапайым эл митингди жакшы көрүп турган жери жок. Митингге кээ бир убактарда бир нече топ аялдар чыгып атат. Демек аларга кесип болуп калган.

Чек бар. Ошол чектен чыгып кеткенден кийин эл аны каалабай калат. Аял деген назик жан, балдардын апасы, чоң эне. Биздин мусулман өлкөсүндө болобу, цивилизациялык өлкөлөрдө, айрыкча кыргыздарда аялдардын кылык-жоругу башкачараак болуш керек.

Митингге чыгып аткан аялдардын дээрлик көпчүлүгү үйлөрүнөн, жолдошунан ажырап калган. Ошол аял баламды багам деп, баласы "акчаны кайдан таптың" десе, "баягы эле митингден таптым" десе ошонун баласы эмне болот? Муну дагы карап көрсөк.

“Азаттык”: Пикет, акция уюштуруучулардын жоопкерчилигин кантип жогорулатсак болот? Мисалы, кээ бир өлкөлөрдө экономикалык эрежелерди пайдаланышат, митинг уюштурсаңыз ошол жердеги коомдук жайда бир нерсе бүлдүрсөңөр, бирөө жабыркаса, ага кеткен чыгымдын баарын, ошол жерди оңдоп-түзөөнү уюштуруучулар өз мойнуна алат деп. Кыргызстанда ушундай практика киргизсе болобу?

Кемелбек Ашыралиев: Кыргызстан жаңы телчий турган мыйзамды кабыл алууда. Бара-бара турмуш өзү көрсөтөт. Бул алгачкы аракет болуп атат. Эгерде туура эмес митингге чыгып алып, бирөөнүн укугу тебеленип, же бирөөнүн мүлкүнө зыян келтире турган болсо, сөзсүз ким уюштурганын текшерип, бул маселени караш керек.

Азиза Абдирасулова: Биз мыйзам долбоорун бергенбиз. Ал мыйзам долбоорунда уюштуруучулардын, жергиликтүү бийликтин, тартип коргоо органдарынын укуктарын жана милдеттерин анык көрсөткөнгө аракет кылганбыз. Уюштуруучулар кайсы жерде, кайсы саатта, кайсы күнү, кандай формада тынч жыйын өткөрөт.

Бир жерде турабы, же жөө жүрүш болуп көчө менен басабы, үндү бийик чыгаруучу, же жылып жүрүүчү унаалар колдонулабы, алардын саны канча болот, ошону анык жергиликтүү бийликке билдирүү керек.

Жергиликтүү бийлик ошол жердеги тынч жыйындын катышуучуларынын коопсуздугун жана ошол жердеги коопсуздукту камсыздоого аракет кылыш керек. Ал эми митинг өтүп аткан жерде бүлдүрүүлөр болсо, аны уюштуруучулар эмес, коопсуздукту сактаган милиция кызматкерлери өз мойнуна алат.

Бирок уюштуруучулар таптакыр жоопкерчиликтен кетпейт. Эгер алар мамлекетти маалымдаган болсо, ошол жерде башка тараптан бирөөлөр келип, же ички кагылышуулар болуп, же милиция кызматкерлери депутаттарды уруп атканда унчукпай карап туруп, эч бир аракет кылбай коюп, анан бүлдүрүүлөр болуп кетсе, бул жерде бийликтин да жоопкерчилиги кошо каралыш керек.
XS
SM
MD
LG