Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Чубак ажыга медиага чыгууга тыюу салынды


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов телевидениедеги автордук берүүлөрү чектелгенин айтып чыкты.

Жогору жактан экс-муфтийдин берүүлөрүн көрсөтүп-уктурууга расмий тыюу салынбаганы менен, оозеки көрсөтмө берилгени маалым болду. Өткөн айда жума намаз боюнча чыккан талаш тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага эскертүү берген.

Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев динчилдердин саясатка аралашуусу опурталдуу экенин эскерткен эле.

Кыргыз коомчулугунда таасирлүү дин аалымын жактагандар да, сындагандар да арбын.

Чубак ажы Жалилов айрым жергиликтүү теле жана радиоканалдарда автордук берүүлөрүн түз эфирде алып барып жүргөн. Анда адатта ар кандай темада насаат-баян айтып, байланышка чыккан көрөрман-угармандардын бардык суроолоруна жооп берчү. Такай телефондун "жаагы тынбай", суроо бергендер азайбай, Кыргызстандан эле эмес, четте жүргөн мекендештер да кайрылчу.

Азыр Чубак ажы Жалиловдун мечиттерде айткан баян-насааты негизинен “Насаат медиа" исламий-илимий медиа порталында жана бул сайттын социалдык тармактардагы баракчаларында жайгаштырылып жатат. Бул баракчалар айрыкча жаштар арасында өтө популярдуу. Мисалы, “Насаат медианын” Фейсбуктагы баракчасына жазылгандардын саны 90 миңге чамалайт жана жүктөлгөн видеолорду көргөндөр жүздөп саналат.

“Насаат медиа” сайтындагы соңку видеодо Чубак ажы Жалилов өткөн айдан тарта берүүлөрүнө тыюу салынганын өзү айтып чыкты. Баян-насаатында кимдир бирөөлөргө капачылыгын кыйытты жана аны сындагандарды динге каршы чыгып жатат деп айыптады:

- “Чубак ажы эксперт болуп кетти, кандай гана маселе болсо да айта берет, кандай суроо берсең да жооп берет” деп жазып жатышат. Интимдик темада деле, дарыгерлер боюнча деле сүйлөй берет, башка маселеге тийишпей, динди эле сүйлөбөйбү дешет. Ал байкуштар динди түшүнбөйт. Алар дин бардык суроого жооп берет дегенди билбейт. Менден догдур кеңеш сураган жок, ошол догдур жазган ийнени сайдырсам болобу деп сурап жатышат. Мен ошого шарият боюнча жооп берем, калганына жооп бербейм. Мени “саясатты, экономиканы, мамлекеттик башкарууну сүйлөйт, депутаттардын ишине, мыйзамга аралашат, аябай активдүү” деп жаман көрүшөт. Булар динди жаман көргөндөр.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети Чубак ажынын массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгуусуна чектөө киргизбегенин "Азаттыкка" кабарлашты. "9-июнда УКМК органдары Чубак Жалиловго карата расмий эскертүү жасаган. Андан кийин ага карата эскертүү же чектөө тууралуу чечим болгон эмес" деп кабарлашты УКМКдан.

Дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалиловдун пикиринде, бийлик таасирлүү дин аалымын чектебей, тескерисинче, кызматташуу жолдорун караштырышы зарыл:

- Анын Москвадагы кыргызстандыктар менен жолугушуусуна 50-60 миң адам келди. Эми Москвага өтө белгилүү саясатчы барса деле мынчалык адам чогулбайт. Азыр радикализм, экстремизм маселелери күч болуп турганда буларды чектебей, тескерисинче, колдоп, ошол маселелер менен күрөшүүдө Чубак ажыны пайдаланыш керек. Эми баарыбыз эле адамбыз. Депутат Жанар Акаев менен Чубак ажынын кайым айтышуусу коомду экиге бөлүп койгондой болду.

Өткөн айдын этегинде президентке караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлгөн эле. Кеңештин мүчөсү Нурлан Исмаиловдун баамында, Чубак ажы Жалиловду жалпыга маалымдоо каражаттары адатта аудиториясын кеңейтип, угарман-көрөрмандарын көбөйтүү үчүн колдонуп келген.

Биздин мазхабдын чегинен чыгып кеткени көрүнүп жатат. Анткени бул мазхабда өзүн мусулманмын дегендерди мусулман эмес деп айтканга эч кимдин укугу жок.

- Ал киши кээде күлдүрүп, кээ бир маселелерди, мисалы, жыныстык мамилелерден өйдө ийне-жибине чейин түшүндүрүп айтып берип жатпайбы. Бул калктын деңгээлине жараша калкка жагат. Ошондуктан ММК ага кызыкдар болгон. Эфирдин аудиториясын көбөйтүү үчүн бул маанилүү да. Эми Чубак ажыдан башка деле мындай нерселерди маданияттуу деңгээлде түшүндүрүп берген диний аалымдарыбыз бар. Азыр амбициялуу сөздөр чыгып кетип жатпайбы. ММКдан кичине чектелгени туура болсо керек. Адам болгондон кийин өзүнүн сөзүн, жүрүш-турушун талдасын. Кайсы жерден ката, кайсы жерден туура кылдым деп өзү талдаса жакшы болмок. Кээде ашыкча сөздөр кетип калууда. Биз окуган, изилдеген мусулман болбой жатпайбызбы. Биз уккан, көргөн гана мусулман болуп жатабыз. Ар ким укканын, көргөнүн айтат, окуган адам аз.

Көрүнүктүү дин аалымы жана анын билдирүүлөрү өткөн айдан бери коомчулукта талкуу жаратып келатат. Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан депутат Жанар Акаев ачык кайым айтышкан. Экс-муфтий мындай мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды "динге каршы чыкты" деп айыптаган. Анын билдирүүсүн "экстремисттик чакырык" деп баалап, диний кастыкты козуткан деген берене менен иш козголушун талап кылгандар болгон.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев дин аалымы Кыргызстанга салттуу болуп келаткан ханафи мазхабынын чегинен чыккан кадамга барды деп билдирген эле:

- Чубак ажынын кийинки кездердеги жүрүм-турумун баарыбыз эле көрүп жатабыз. Шайлоого катышам, кайра катышпайм деди. Баланча-түкүнчө партияга барам деди. “Кыргызстан” партиясын колдойм деп туруп, кайра башка партия менен жарнамаларын илди. Эми мунун баары Конституцияга, мыйзамга туура келбейт. Ал жөнөкөй адам эмес, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, диний ишмер. Ошондуктан анын саясатка аралашканы мыйзамга туура келбейт. Анын “жаназа окулбасын, булар мусулман эмес” дегендей сөзү биздин ханафи мазхабыбызга туура келбейт. Биздин мазхабдын чегинен чыгып кеткени көрүнүп жатат. Анткени бул мазхабда өзүн мусулманмын дегендерди мусулман эмес деп айтканга эч кимдин укугу жок. Мусулмандыкка туура эмес иш кылса, анда ал аркы дүйнөдө өзү жооп берет.

Президент Алмазбек Атамбаев 5-июлда Айтка байланыштуу кайрылуусунда коомчулукта динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист жаранарды кемсинтүү-коркутуу болуп жатканын айткан. Диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат деп билдирген жана динчилер саясатка киришүүсүнүн кесепети оор болоорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG