Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Кыргызстанда диний азчылыктардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр жана тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу 29-ноябрда Бишкекте диний уюмдардын жана талдоочулардын катышуусунда өткөн тегерек үстөлдө айтылды.

Ал эми мамлекеттик органдардын айтымында, өлкөнүн коопсуздугунан улам чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралган.

Учурда иштеп жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам боюнча 200дөн кем эмес мүчөсү бар диний уюмдар гана расмий каттоого алынат.

Евангелисттик “Благодать” миссионердик уюмунун өкүлү Николай Ким 2008-жылдан тарта айрым диний уюмдар каттала албай жатканын айтат:

- 2008-жылы жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин расмий каттоодон үч православ жана ислам динине таандык 135 мекеме гана каттоого алынган. Чындыгында 2008-жылга чейин жыл сайын башка да диний уюмдар катталып келген болчу.

Протестанттык багыттагы диний мекемелердин өкүлдөрү катталуу үчүн "диний уюмдардын 200 мүчөсү болушу керек" деген талапты жеңилдетүү керектигин айтышууда. Алар бул чекти 50 адамга чейин түшүрүүнү белгилеп, мыйзамга башка да өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты.

Кыргызстанда "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам алгачкы ирет 1991-жылы кабыл алынып, ал боюнча диний уюмдар 10 гана мүчөсү менен мамлекеттик каттоодон өтө алышкан. Адистердин айтымында, ошол мезгилде Кыргызстанда жүздөгөн диний уюмдар каттоого алынган.

2008-жылы мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу деп диний агымдардын ишмердүүлүгүн чектеген беренелер киргизилип, диний уюмдардын катталуусу бир топ татаалдашкан. Ал кезде да мыйзамдагы өзгөртүүлөр адам укугун чектей тургандыгы айтылып, укук коргоочулар тарабынан сынга алынган болчу.

Коопсуздукпу же эркиндикпи?

Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлү Каныбек Маматалиев 200 адам деген босого коопсуздук үчүн киргизилгенин белгилеп, мыйзамдарды жеңилдетүүнү талап кылып жатканда мамлекеттик коопсуздукту да унутпоого чакырды.

- Биз үчүн эмне маанилүү? Коопсуздукпу же либерализациябы? Бул жерде коопсуздук маанилүүрөк болуш керек. Кайсы жерде коопсуз болсо, ал жерде дин да өзүн жакшы сезет.

Диний азчылыктын өкүлү Алмаз Үсөн уулу өлкөнүн коопсуздугу зарыл экендигин белгилеп, ошол эле кезде мамлекетке коркунуч жаратпаган уюмдардын да укугу бузулуп жатканын айтты.

- Диний уюмдардын баарын эле жалпы жонунан карап, мыйзам боюнча ар кандай чектөөлөрдү коюп жатат. Менин оюмча, мамлекет ким коркунуч туудурат, ал эми ким туудурбайт - мына ушуну аныкташ керек. Коркунуч жаратпагандарга эркиндик бериш керек.
Расмий маалыматтарда Кыргызстан элинин 80 пайыздан ашыгы ислам, 17 пайызы православ динин, ал эми калганы башка диний уюмдарды түзөрү айтылып келет.

“Аманат консалтинг” коомдук фондунун жетекчиси Данияр Мурадилов Кыргызстандын аймагында жаңы пайда болгон диний агымдар мурдатан келаткан жергиликтүү жана салттуу диндерге коркунуч жаратып жатат деп эсептейт.

- Кыргызстанга салттуу болбогон башка бир диндер келип, “мыйзамды андай жазбай мындай жаз, селкинчекти андай теппей мындай теп” деп жатышат. Муну менен алар "мыйзамдарды либералдаштыргыла" деп жатышат.

Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, ушул тапта Кыргызстанда ислам багытындагы 1800 жана христиан динине таандык 300 уюм иш алып барат. Христиан динине таандык уюмдардын көпчүлүгүн протестанттык багыттагы агымдар түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG