Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында мусулман коомчулугун чагымчылыкка түрткөн жагдайлар орун алууда.

Мындан бир апта мурун жума намазында белгисиз аял кишилер Бишкектеги бир топ мечиттерге барып, имамдардан микрофон талашып, элге чакырык таштоого аракет кылышкан.

Мусулмандар диний башкармалыгы муну атайын уюштурулган чагымчылык катары баалап жатат.

Жума намаздагы жаңыча “чакырык”

30-сентябрда жума намаз башталар алдында Бишкектеги негизги делген бир нече мечитке бир эле убакта хижап кийинген бир нече аял киши суроо-сопкутсуз эле кирип барышкан.

Ошол күнү Бишкектеги борбордук мечитте жамаатты жума намазга имамдын орун басары Мухаммад Анаркулов жыккан. Ал жума намазга азан айтыларда белгисиз аял мечитке кандайча кирип келгендигин айтып берүүдө:

- Кирип келгенде балким оорукчан аял го деп кабыл алгам. Адамдардан аралап, жол сурап отуруп мага чейин өтүп келди. Мен сөзүмдү токтотпой эле улантып, акырында дуба кылып бүтүрдүм. Ошондо “микрофон бериңиз, менин элге кайрылуум бар” деп тура калды. “Карындашым, сиз кимсиз? Эмне кайрылууңуз бар” десем да айтпайт.

Ага да болбой, “микрофон берсеңиз, мен өзүм айтам” деп туруп алды. “Мечиттин имам турчу жери жана жума кутбасына ылайыкталган микрофон расмий болуп эсептелет, туш тараптан келген адамга эле сөз бериле бербейт. Анчалык эле олуттуу сөзүңүз болсо, жума намазга чейин кирип кеңешсеңиз болмок, минтип келгенге микрофон берилбейт. Анын үстүнө аял киши экенсиз, бул жерге чейин келип алганыңыз адепсиздик” десем да болбой, “бериңиз, мен сүйлөйм” дейт. “Жок, болбойт” деп бербей койдум.


Бирок бул аял качан гана азан айтылып бүтүп, эл намазды ортолоп калганда гана мечиттен чыгып кеткен. Көргөндөрдүн айтымында, бул аялды коштоп жүргөн эркектер да болгон экен. Ал эми кээ бир мечиттерде күтүүсүздөн кирип барган бул сыяктуу аялдар имамдан микрофонду тартып алганга үлгүрүп, өз чакырыктарын жасоого жетишкен. Алар Кыргызстандагы мусулман аялдардын укугу бузулуп, аны болсо эркектер коргобой жаткандыгын айтышкан.

Муфтият: бул чагымчылык

Диниятчылар аял кишилердин бул жоругун өтө маданиятсыздык, мусулман аялга таандык эмес сапат деп баалап жатат. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиев бул окуяларды муфтият чагымчылык катары кабыл алганын белгиледи:

- Булар өздөрү мусулман эмес, жөн гана жоолук салынып алган чагымчылар. Же чын эле мусулман, динге берилген аялдар, бирок аларды кимдир бирөөлөр "мындай кылышыңар керек" деп, чагымчылыкка түртүп, багыт берген го деп ойлоп калдык.

Мектепке жоолукчан келүүгө уруксат берүүнү талап кылган митингден бир көрүнүш, 19-сентябрь, 2011-жыл

Мектепке жоолукчан келүүгө уруксат берүүнү талап кылган митингден бир көрүнүш, 19-сентябрь, 2011-жыл

Бул окуялар боюнча муфтият билдирүү таратып, шайлоо алдында мусулман коомчулугун кастык иштерге түртүү аракеттери болуп жаткандыгын маалымдады. Кыргызстанда жоолук маселеси чечилип, жолго коюлган иш экендиги, аны жөн гана шылтоо катары пайдалануу аракеттери болуп жаткандыгы да белгиленген муфтияттын билдирүүсүндө.

Окуя боюнча Ички иштер министрлигинин Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков буларды билдирди:

- Биз диний багыттагы бардык өзгөрүүлөргө көз салып турабыз. Бул боюнча да азыр иш жүрүп жатат.

Мурдагы шайлоолордо кандай болгон?

Байкоочулар дайыма шайлоо алдында диний маселелерди козутуп, аны пайдаланууга аракет кылган күчтөр болуп келгендигин айтышууда.

Буга чейинки шайлоолордо мусулмандарды шайлоого барбагыла деген чакырыктар болуп келгенин өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков белгиледи:
Булар өздөрү мусулман эмес, жөн гана жоолук салынып алган чагымчылар.

- Бир эле президенттик шайлоо эмес, депутаттык шайлоо болобу, башка шайлоолор болобу, ошондой учурларда элди шайлоого катышпоого үндөгөн баракчалар таратылып келчү. Ошондой болуп кетпеши үчүн алдын-алуу маселелери болуп жатат. Бирок азырынча андайлар болгон жок.

Ал эми байкоочулар учурда Кыргызстанда жүрүп жаткан диний жараяндарды тыкыр көзөмөлгө алуу керек деп эсептешүүдө. Баш мыйзамда дин мамлекеттен бөлүнгөн деп так жазылганына карабай, динди саясий максатта колдонуу же болбосо диндин өзүнүн саясатташып баратышы коопсуздукка коркунуч жаратарын айтышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG